Эмнеге Өзбекстан талибдерди колдоп, Тажикстан каршы?
Ольга Просвирова, Би-Би-Синин орус кызматы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибдер Афганистандын бийлигин басып алгандан кийин Борбор Азиядагы коңшуларына коопсуздукту, алардын ички иштерине кийлигишпесин жана террористтер менен кызматташуудан баш тартарын убада кылды. Өзбекстан менен Түркмөнстан талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан чакта Тажикстан Кабулдагы жаңы бийликти таанууга шашылган жок.
Эмне үчүн бири-бирине жакын мамлекеттер ар түрдүү жолдорду тандап алышты жана ага Орусиянын таасири барбы?
Кубандырбаган конок
24-августта Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши Исламабаддан Душанбеге учуп барган. Бул талибдердин белгилүү тарапкери Курешинин Афганистандын кошуналарына болгон сапарында биринчи токтогон жери болчу. Бул сапардан он күндөй мурда талибдер Кабулга кирип барып, президенттик сарайды басып алышкан эле.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген конокко көп деле кубанган эмес. Күтүүсүз сапардын максаты ага түшүнүктүү эле болчу, ошондуктан ага көңүлү көтөрүлгөн эмес.
Расмий Исламабад кошуна Афганистанда болуп жаткан окуялар боюнча нейтралдуу позицияда экенин айтууну жакшы көрөт. Бирок эл аралык эксперттер башкача ойдо: дал ошол Пакистандын колдоосу Талибандын ийгиликке жетүүсүндө чоң роль ойногон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибдерге оң көз карашын жашырбаган Куреши Рахмондун Кабулдагы жаңы бийликке карата кандай ойдо экенин жакшы билчү. Алардын жолугушуусу жабык эшик артында болуп өттү. Көз караштардын ачык эле тирешин жана басма сөз кызматтарынын кыскача жоопторун эске алганда, Куреши Рахмонду ынандыра алган жок, бирок ал аракет кылган болчу. Мисалы, “Пакистан Афганистандагы инклюзивдүү өкмөттү түзүүнү колдойт. Ага бардык элдердин өкүлдөрү активдүү түрдө кирип катыша алат” деген билдирүүсү муну айгинелеп турат.
Бул аракеттен майнап чыккан жок. Жолугушуудан кийинки күнү Эмомали Рахмон төмөнкү билдирүүсүн жар салды: “Тажикстан Афганистанда басмырлоо жана куугунтуктоо жолу менен, бүткүл афган элинин, бардык улуттук азчылыктардын позициясын эске албай туруп түзүлгөн эч кандай өкмөттү тааныбайт”.
Ошентип Талибан менен кандайдыр бир мамилени түзүүдөн баш тарткан аймактагы өлкөнүн президенти Рахмон Тажикстандын позициясын ачыкка чыгарды. Анын позициясы күтүлгөн эле нерсе болчу, бирок анын күчтүү билдирүүсү күтүүсүздөй туюлушу ыктымал. Эң негизгиси, ал Тажикстандын башкы стратегиялык өнөктөштөрү болгон Москва менен Пекиндин позицияларына карама-каршы келүүдө. Өз кезегинде Москва менен Пекин Кабулда бийликти басып алган талибдер менен активдүү түрдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Курешинин Душанбеге сапарынан бир нече күн мурда Рахмон Владимир Путин менен сүйлөшкөн болчу. Ошондуктан Москва Тажикстандын маанайы тууралуу маалыматы болгону анык.
Эмгекчилердин каты
Эмомали Рахмон оор акыбалда калды. Биринчиден, ал ички саясий маселелерди чечүү менен алек. Өлкөдө бир нече жылдан бери бийликти өткөрүп берүүгө даярдыктар жүрүүдө: отуз жылдан бери мамлекетти башкарып келаткан Рахмон ыйгарым укуктарын уулуна өткөрүп берүүгө даярданып жатат. Көп баскычтуу комбинация тыкыр көңүл бурууну талап кылат. Айрыкча, жергиликтүү саясий элита өлкөдөгү абал боюнча нааразычылыгын билдирип жаткан абалда бул маанилүү.
Экинчиден, Афганистандагы тажиктердин абалы Рахмондун тынчын алууда. Алар Афганистандагы калктын 27-40% түзөт, бирок так сандар жок. Алардын бир бөлүгү талибдердин катарында согушса, дагы бир бөлүгү каршылык көрсөткөндөрдү колдоп жүрөт.
Панжшер өрөөнүндө жашаган калктын басымдуу бөлүгүн этникалык тажиктер түзөт. Аталган аймакта Талибандын бийлигин тааныбаганын айткан каршылык көрсөтүү фронту да жайгашкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал эми талибдердин катарына кошулган афганистандык тажиктер деле аталган топту чын дилден колдошпойт.
“Кийин алар бизди жазалабашы үчүн азыр биз аларды колдойбуз деген прагматикалык мамиле иштеп кетти. Көптөгөн байкоочулардын оюнча, талибдер баары бир жеңмек. Тажиктер болсо репрессияга кабылбаш үчүн Талибан менен мамилесин алдыртан эле бузуп алгысы келген жок”, - деп түшүндүрдү Алишер Илхамов. Ал “Ачык коом” фондунун “Евразия” программасынын кызматкери.
Тажикстандын ичинде кошуна өлкөдө болуп жаткан окуяларга кызыгуу күчөдү. Тажикстандын түштүк аймактарынан Афганистанга өтүп кеткен бир нече миңдеген жаштар талибдерге каршы кыймылга ыктыярдуу түрдө кошулуу каалоосу бар экенин билдиришти.
“Бул “эмгекчилердин каттары” Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) колдонгон ыкма. Мындай каттар элдин кыжырдануусун көрсөтүүгө багытталган. Бул Тажикстандын шартында УККнын уруксатысыз ишке ашмак эмес. Мындай каттардын пайда болушу күч түзүмдөрү Рахмондун позициясын колдорунан кабар берет”, - деп түшүндүрдү Тажик журналисттеринин Европа конгрессинин мүчөсү Саймуддин Дустов.
Элди бириктирип, саясий упай топтоону көздөгөн Эмомали Рахмон афган каршылык көрсөтүү кыймылына ыктаган.

Сүрөттүн булагы, AFP
“Тажикстан өз тарабын тандады. Ал Талибандын каршылаштарын колдойт. Улуттук идеялардан улам бул кадамга барган: президент Рахмон азыр бийликти өз уулуна өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Ал Тажикстандын элин бир душманга каршы бириктирүү оңой экенин түшүнүп турат”, - деп эсептейт Борбор Азия боюнча эксперт Эрика Марат.
Оппозицияга каршы аёосуз саясаты менен белгилүү болгон Президент Рахмон азыркы ички саясий шарттарда өзүнүн күч мүмкүнчүлүктөрүнө гана таяна албасы айдан ачык. Бийлигин сактап калуу үчүн ал калктын көзүндө кандайдыр бир легитимдүүлүк деңгээлине ээ болушу кажет. Ал эми улуттук картаны ойноо ага өлкө ичиндеги эле эмес, башка мамлекеттердеги тажиктерге дагы кам көргөн адамдын образын камсыздайт.
“Бөлүп жар да, башкара бер”
“Соңку 15-20 жылда Тажикстанда Афганистан боюнча мындай биримдик боло элек болчу”, - дейт Тажик журналисттеринин Европа конгрессинин мүчөсү Саймуддин Дустов. Акыркы жылдарда тажик коомунун колдоосуна эмиграцияда жүргөн тажик оппозициячыларын бириктирген “Улуттук альянс” ээ болуп келген.
“Альянстын” мүчөлөрү Тажикстанда адам укуктарынын сакталышына жана демократияны орнотууга чакырып келерин айтат. Тажик бийлиги болсо башкача көз карашта: аталган бирикмени экстремисттик жана террористтик деп тааныган. Афганистан боюнча өз билдирүүсү менен Рахмон оппозицияны колдогон тажиктердин бир бөлүгүн да өз тарабына тартууга жетишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Суроо жаралат: анда эмне үчүн тажик бийлигине түздөн-түз таасир эте алган Москва Рахмондун мындай билдирүүсүнө каршы эмес? Эл аралык аренада Орусия талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылып, аларды “акыл-эси соо адамдар” деп атабады беле.
“Бул Орусиянын саясатына мүнөздүү гибрддик кадам. Орусия ар кайсы жылкыларга байге сайып жатат. Бул “бөлүп жар да, башкара бер” деген саясат сыяктуу. Бир жагынан, басым жасап, шарт түзүү менен талибдерди ортомчу катары Москвага кайрылууга мажбурлоо. Орусия өзүн ортомчу катары көрсөткөндөн башка эч кандай сунушу жок. Ошону менен Тажикстан тараптан катуу билдирүүлөр айтылып, экинчи жагынан сүйлөшүү жүргүзүү процессинде Өзбекстандай эле саясат жүргүзүп жатат”, - деп эсептейт Алишер Илхамов.
Өзбекстан “социалдык консерватизм” менен алек

Сүрөттүн булагы, AFP
Ташкент чындыгында Талибан менен кызматташуу боюнча башкача саясатты тандап алды. Улуттук картаны Өзбекстандын ойноосу эч маанисиз - Афганистанда өзбектер жашаса да, алардын саны 10% ашпайт.
Батыштагы кошунасы Түркмөнстан менен Ташкент талибдердин бийлигин таануудан коркпойт. Аталган эки өлкөнүн дипломаттар делегациясы Талибандын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы азыр ички саясий маселелер менен алек. Афганистандын бийлигин талибдер басып алганы ага эч кандай маселе жаратпайт.
Алишер Илхамовдун белгилешинче, Мирзиеёв өлкө ичиндеги “социалдык консерватизмди орнотуу” менен алек. Буга өлкөдөгү калктын диний маанайдагы бөлүгүндө талап дагы бар. Бир нече күн мурда Өзбекстанда “өзгөчө шарттарга байланыштуу” жана “көптөгөн ата-энелердин өтүнүчү боюнча” мектептерде окуучу кыздарга жоолук оронуп барууга уруксат берилди.
“Өкмөт калктын консервативдүү бөлүгүндө белгилүү болгон блогерлер менен ойношуп баштаганын көрүп жатабыз. Мисалы, өзүнүн экстремисттик билдирүүлөрү менен белгилүү болгон блогер Аброр Мухтор Алий бир жолу аялдарга карата белгилүү бир шарттарда зордук-зомбулук кылса болот деп айтканы бар. Бирок бийлик эч кандай чара көргөн эмес. Билишимче, бул блогер Өзбекстандын 30 жылдыгына карата сыйлык дагы алган”, - дейт Илхамов.
Пайдалуу өнөктөштөр
Афганистандагы террористтик топтордун чатышкан мамилелери дагы Өзбекстандын чечимине таасир эткен факторлордун бири.
Талибан ал-Каида менен байланышын сактап турат, бирок алар экөө биригип “Ислам мамлекетин” (ИМ) негизги душман катары көрөт. Эки балекеттин кайсынысын тандашы керек, бул Өзбекстан үчүн айкын эле көрүнүп турат.
Өзбекстандагы калктын радикалдашуусу соңку кездери олуттуу көйгөй болууда жана ИМ бул көйгөй жөнүндө жакшы эле кабардар.

Сүрөттүн булагы, AFP
“Мурдагы Советтер союзунун аймагында радикалдашуу жакырдыктан, билимсиздиктен, бүдөмүк келечектен, ошондой эле дин тутуу эркиндигинин жоктугунан пайда болууда. ИМ Сирия менен Иракта турганда эмне үчүн көп адамдар кошулуп кетишти? Алар Асаддын режими менен күрөшүү үчүн эмес, ИМ аларды өз аймагында жумуш менен камсыздаганы (аларга ошондой туюлган) үчү ушундай болду. Ага кошулуп, террористтердин пиар машинасы да жакшы өнүккөн болчу. Ислам мамлекетинде жашоо боюнча алардын убадалары көпчүлүктү азгырган”, - дейт Борбор Азия боюнча эксперт Эрика Марат.
Эксперттин айтымында, Талибан менен кызматташуу, балким, Өзбекстан үчүн эң оптималдуу вариант болбошу ыктымал. Бирок Ташкент Афганистанда бийликте ким турса да, алардын ИМге каршы болушуна артыкчылык берет. Ал талибдер болобу же ал-Каида болобу, айырмасы жок.
Талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурат деп эч ким деле ойлобойт. Эл аралык эксперттердин оюнча, Талибан түндүктөгү кошуналарына кызыкпайт деле жана алар Афганистандын аймагында өз мамлекетин бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бурушат.
“Өзбекстандын мамилеси өтө прагматикалуу. Эгер талибдер бизге кол салбай турганын айткан болсо, биз жакшы кошуналардан болобуз дешет. Өзбекстандын бийлиги биринчи кезекте кандай гана өкмөт болбосун, анын ичинде талибдер менен да, соода-экономикалык мамилелерге кызыкдар. Эң негизгиси - бул эки тараптуу болушу зарыл жана согуш болбосо болду”, - деп түшүндүрдү Өзбекстан боюнча адис жана “Азаттык” радиосунун журналисти Сироджиддин Толибов.

Сүрөттүн булагы, ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ
Талибдер бийликке келгенге чейин Мирзиёев Афганистандын ошол учурдагы президенти Ашраф Гани менен жолуккан эле. Алар Өзбекстандын түштүгүндөгү Термез шаарынан Кабул аркылуу Пакистандын Пешавар шаарына чейин Өзбекстан темир жол салары боюнча макулдашкан болчу. Долбоор дээрлик 5 млрд долларга бааланган эле.
Бийликке келгенден кийин Талибан аталган долбоорду колдоп, Өзбекстан муну жакшы белги катары кабыл алып калды.
“Өзбекстан деңизге чыкпаган өлкө. Дүйнөлүк базарга чыгуунун жолдорунун бири - Афганистан аркылуу темир жол салуу. Бул жол Пакистандагы портторго алып бармак. Бул идея негизги эл аралык каржылык институттар, тагыраагы АКШ, тарабынан каржылык колдоого ээ болгон”, - деп белгиледи Алишер Илхамов.
Өзбекстан экономикалык пайданын көзүн тапты. Ошондуктан коопсуздук маселеси боюнча көп деле тынчсызданган жок. Өзбек-афган чек арасы узун деле эмес, болгону 144 км. Чек ара аймак тегиз болгондуктан көзөмөлдөөгө оңой. Коңшу Тажикстанга бир аз оор, анткени жалпы чек арасынын узундугу 1344 км түзөт.
Чыныгы кооптонуулар
Талибдер кошуналарынын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирбөөгө убада берип жатышат. Бирок бул алардын бийликке келиши менен Борбор Азияга эч кандай коркунуч туулбайт дегенди билдирбейт.
Эң негизгилеринин бири - баңгизат. Талибан азыр сырткы каржылоо булактарынан кол жууп калган учурда акчаны кайдан табуу деген суроо алар үчүн аябай актуалдуу болуп турат.
Талибдер акыркы жолу, 2000-жылдардын башында, бийликте турган кезде апийим талааларын кескин кыскарткандай болгон. Алар ошентип эл аралык коомчулуктун ишеничине кирүүгө аракет кылган. Бирок ишеничке кирмек тургай алар өлкө ичинде колдоого ээ боло албай, көп өтпөй аларды америкалыктар Кабулдан кууп чыккан.
Жыйырма жылдын ичинде эч нерсе деле өзгөргөн жок: Афганистан мурдагыдай эле дүйнө жүзүнө апийим менен героинди камсыздаган негизги өндүрүүчү. Калктын башка кирешеси жок болгон шартта баңгизат менен күрөшүү жеңил болбойт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы бир коркунуч калктын радикалдашуу маселесине байланыштуу. Эрика Мараттын оюнча, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү башкаруу системасынан улам бул маселени каршылаштарга басым жасоо үчүн колдонуп коюшу ыктымал. Башкача айтканда, оппозицияга радикализм боюнча күнөө тагылышы мүмкүн.
“Бир убактарда бул кеңири колдонулган практика болчу. Ошол практика кайра жанданып кетиши ыктымал. Аталган аймактагы ар бир мамлекетте автократтар бийликте отурганын эске алганда, алар бул инструментти, мисалы, каршылаштарын шайлоого катыштырбоо үчүн колдонуп коюшу мүмкүн”, - дейт Марат.
Афганистандык качкындар Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чоң коркунуч катары деле каралбайт болчу. Талибдер бийликке келгенге чейин адамдар Тажикстанга агылып кирип, Талибан бийликти басып алганда чек арадан бир нече миңдеген адамдар өтүшкөн.
Тажикстан качкындар үчүн чек ара аймактарында чатырларды орноткон. Лагерлер өлкөнүн түштүгүндөгү Куляб аэропортуна жакын жайгашкан. Бийлик өкүлдөрү качкындарды үчүнчү өлкөлөргө эвакуацияласа болот деп ойлонуп жатышат.

Сүрөттүн булагы, AFP
Адамдарды Кабулдан массалык түрдө эвакуациялоо учурунда АКШ кошуна мамлекеттерди убактылуу транзит катары колдонуп турса болот деп пландап жаткан, бирок Ташкент менен Душанбе бул ойго каршы болушкан. Аталган өлкөлөрдүн аба дарбазаларын адамдарды кечиктирбей эвакуациялап кеткен мамлекеттер гана (мисалы, Германия) пайдалана алышкан.
Би-Би-Си кепке тарткан эксперттер Борбор Азия өлкөлөрү өздөрүнүн кийинки кадамдарын кандай болгон кезде да Москва менен макулдашарынан күмөн санабайт.
“Көрүнүп тургандай, Тажикстандын катуу позициясы Москва менен макулдашылган. Менин оюмча, Душанбе бардык негизги билдирүүлөр менен кадамдарды, айрыкча аскердик-стратегиялык жана коргонуу маселелери боюнча аракеттерди Москва менен макулдашат. Башкача болушу мүмкүн эмес. Анткени, Москва өз алдынча иш-аракет кылууга жол бербейт”, - дейт Алишер Илхамов. (EA)







