Афганистан: Панжшер Талибанга моюн сундубу?

Афганистандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту (УКФ) Талибандын бийлигине моюн толгобой жаткан эле

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Афганистандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту (УКФ) Талибандын бийлигине моюн сунбай жаткан эле

Талибан Панжшер облусун толугу менен колго алганын айтууда. Буга чейин Талибдер Афганистандагы башка аймактардын баарын өздөрүнө каратып алган эле.

Афганистандын борбору Кабулдун түндүгүндө жайгашкан Панжшер облусунда талибдер менен каршылык көрсөткөн жоокерлердин ортосунда катуу салгылаш жүргөн.

Талибандын өкүлү дүйшөмбү күнү жеңишке жеткенин жар салган болчу.

Бирок каршылык көрсөткөн топтун жоокерлери “бардык стратегиялык позицияларда” дале турганын жана “согуш уланып жатканын” айткан.

“Талибан Панжшерди колго ала элек. Мен талибдердин билдирүүсүн жокко чыгарам”, - деди Би-Би-Сиге Али Майсам. Ал Афганистандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун (УКФ) өкүлү.

УКФнын Твиттер барагында төмөнкүдөй билдирүү чыккан: “Талибанга жана алардын шериктерине каршы күрөш акыйкаттык жана эркиндик өкүм сүргөнгө чейин уланат”.

Коомдук желедеги сүрөттөрдөн талибдер губернатордун резиденциясынын дарбазасынын алдында жүргөнүн көрүүгө болот. Би-Би-Си бул маалыматтарды өз алдынча тастыктай алган жок.

Талибан Афганистандын калган аймактарындагы бийликти үч апта мурда басып алган.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бийик тоолуу Панжшер өрөөнүндө 150 миңден 200 миңге чейин тургун жашайт. Аталган өрөөн 1980-жылдары Совет баскынчылыгына каршы жана 1996-2001-жылдары Талибандын мурдагы башкаруусу учурунда Афганистандагы каршылык көрсөтүү борборуна айланган.

Жекшемби күнү УКФнын лидери Ахмад Массуд тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ачык экенин айтып, Талибанды баскынчылыкты токтотууга чакырган.

Фейсбуктагы постунда Ахмад Массуд эгерде талибдер кол салуусуна чекит койсо, УКФ дагы салгылашпоого даяр экенин айткан. УКФда мурдагы афган коопсуздук кызматынын жана укук коргоо органынын өкүлдөрү да бар.

Талибандан эч кандай жооп болгон эмес.

Кагылышууларда канча киши каза болгону жөнүндө маалымат жок, бирок эки тарап тең салгылашта өлүм катталганын айткан.

Дем алыш күндөрү УКФдан билдиришкендей, алардын мүчөсү Фахим Дашти менен генерал Абдул Вудод Зара аттуу командир жаңжалда өлтүрүлгөн. Ошол эле тиреште Талибандын атактуу генералы жана 13 жансакчысы да каза болгон. (EA)