Шариат афган аялдары үчүн эмнени билдирет?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Талибдер Ооганстанды шариатка же ислам мыйзамдарына ылайык башкарарын билдиришүүдө.
Куралдуу исламчыл топ АКШ жана анын союздаш күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Ооганстандагы көзөмөлдү колго алган.
Талибан эмне деди?
Бийликти алгандан кийинки биринчи басма сөз жыйынында талибдердин өкүлү маалымат каражаттары менен аялдардын укуктары сыяктуу маселелер "ислам мыйзамдарынын чегинде" сактала турганын айтты, бирок бул иш жүзүндө эмнени билдирерин азырынча так айта элек.
Талибдер шариатты катуу кармануусу менен белгилүү, анын ичинде киши өлтүргөндөрдү жана ойноштук кылгандарды эл алдында өлүм жазасына тартуу сыяктуу жазалар бар.
Шариат деген эмне?
Шариат - бул исламдын укуктук системасы.
Ал исламдын ыйык китеби болгон Курандан, ошондой эле сүннөт менен хадистен - Мухаммед пайгамбардын иштери менен сөздөрүнөн - алынган.
Булардан түз жооп алуу мүмкүн болбой калганда, дин аалымдары белгилүү бир тема же суроо боюнча жетекчилик кылган түшүндүрмө (фатва) чыгара алышат.
Араб тилинде шариат түзмө-түз "сууга салынган таза чыйыр жол" дегенди билдирет.
Шариат бардык мусулмандар карманышы керек болгон жашоо кодекси катары кызмат кылат, анын ичинде намаз, орозо жана жакырларга садака берүү да бар.
Анын максаты - мусулмандарга жашоосунун бардык тармагын кантип Алланын каалоосуна ылайык жашаш керектигин түшүнүүгө жардам берүү болуп саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул иш жүзүндө эмнени билдирет?
Шариат мусулмандын жашоосунун бардык тармагына таасир бере алат.
Мисалы, кесиптештери жумуштан кийин аларды пабга чакырса, эмне кылам деп ойлонуп жаткан мусулман анын дининин мыйзам чегинде иш кылып жатканын тастыкташ үчүн, шариат аалымына кайрыла алат.
Шариатка кайрыла турган күнүмдүк жашоонун башка тармактарына үй-бүлө укугу, каржы жана бизнес кирет.
Эрежелер кандай чыгарылат?
Бардык укуктук системалар сыяктуу эле, шариат татаал жана анын практикасы эксперттердин сапатынан жана даярдыгынан толугу менен көз каранды.
Ислам юристтери көрсөтмөлөрдү жана эрежелерди чыгарышат. Расмий юридикалык өкүм деп эсептелген көрсөтмөлөр фатва деп аталат.
Ислам укугунун беш башка мектеби бар. Төрт сунни мазхаб: Ханбали, Малики, Шафии, Ханафи жана бир Жаафари деген шиит мектеби.
Беш мектеп бири-биринен шариат мыйзамдарынан алынган тексттерди сөзмө-сөз чечмелөө жагынан айырмаланат.
Ислам мыйзамдарын чечмелөө жергиликтүү маданиятка жана үрп-адаттарга ылайык дагы өзгөчө мааниге ээ, башкача айтканда, шариат ар кайсы жерде ар башкача болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эң катаал жазалар кайсылар?
Ислам аалымдары шариат негизинен этикалык жүрүм-турум эрежелери, сыйынуу жана кайрымдуулук тууралуу экенин айтат, бирок анын бир бөлүгү кылмыш жөнүндө да маалыматтарды камтыйт.
Шариат мыйзамы кылмыштарды жалпы эки категорияга бөлөт: "хад" кылмыштары, алар белгиленген жазалары бар оор кылмыштар жана "тазир" кылмыштары, мында жаза казынын чечимине жараша болот.
Хад кылмыштарына уурулук кирет, бул шариаттын эң катуу чечмелениши боюнча кылмышкердин колун кесүү менен жазаланат.
Хад жазаларын колдонууда көптөгөн кепилдиктер жана далилдөө түйшүгү бар.
Ислам мыйзамы колдонулган кээ бир өлкөлөр, хад кылмыштары үчүн мындай жазаларды кабыл алышат же аткарышат. Ал эми сурамжылоолор мусулмандардын мындай кылмыштар үчүн катаал жазаларга болгон көз карашын ар түрдүү экенин көрсөткөн. (MD)







