Кыргызстан “Талибанды” тааныдыбы?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Таалатбек Масадыков

Сүрөттүн булагы, Official

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегациянын Афганистанда “Талибан”жетекчилери менен сүйлөшкөнү коомдо кызуу талаш-талкууларга жем таштады.

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз кызматы кыргыз делегациясы Афганистанга гуманитардык жардам жеткиргенин айтууда.

Эл аралык мамилелер боюнча саясат талдоочу Эмилбек Жороев кыргыз делегациясынын сапары “ойлондурган маселе” болуп калганын Би-Би-Сиге билдирди.

Анын айтымында, эл аралык коомчулук тааныбаган “Талибан” Афганистанга бийликке келгени көп мамлекеттерде дилемма болуп жатат.

“Ушундай кырдаалда Кыргызстандан Таалатбек Масадыков чоң деңгээлде делегация менен Кабулга барганы ойлондурган маселе болуп жатат. Бул бир жагынан көп мамлекеттердин түшүнбөстүктүгүн, терс мамилесин туудура турган маселе”, - деп билдирди Жороев Би-Би-Сиге.

“Бирок бул жерде кандай мотивация болгон деген да суроо бар. Кыргыз өкмөтүнүн гумжардам ала барып, позитивдүү нукта сүйлөшүүгө барганы ойлондурбай койбойт. Мунун аркасында кандай жүйөөлөр жана стратегия бар? Биз муну билүүгө аябай кызыкдар болуп жатабыз. Бирок ошол жакка барып “Талибандын” жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү бул кандай сөз айтылбасын, баары бир де-факто ошолорду “тааныды” дегенге барабар”.

Таалатбек Масадыков жана "Талибан" жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, Official

Бул талибдердин Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку кызмат адамдары менен ачык жарыяланган алгачкы расмий жолугушуусу болуп жатат.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, Таалатбек Масадыков Кабулга президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барган.

Афганистанга кыргыз делегациясы эмне жана канча көлөмдө гуманитардык жүк жеткиргени такталган жок.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Масадыков Афганистанда премьер-министрдин орун басары Абдул Гани Барадар менен маектешкен.

Талибдер Афганистандын бийлигин басып алгандан бери бир ай өттү. Азыр накталай акча тартыш болуп, өлкө экономикалык кризиске кептелди.

Дүйнөлүк Банк каржылык колдоосун токтотконуна төрт аптага таяп, өлкөдө гуманитардык каатчылык болот деген тынчсыздануулар бар.