Афганистан: Талибандын башкаруусун колдогон элеттеги үй-бүлө

Жереми Боуен, Гилменд, Би-Би-Си Жакынкы Чыгыш редактору

Афган аял
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлжума (оңдо) Талибанды мактады: “Мендей аялдар Кабулда аял эмес”

Ылай кыштардан жасалган үйдүн ичи салкын, таза жана тынч болчу. Шамсулланын бутуна уулу жөлөнүп алган. Конок бөлмөгө адамдарды тосуп алды.

Жерде килем салынып, дубалдарда жок эле дегенде жарым метр калыңдыктагы жаздыктар коюлган. Бир нече баалуу буюм көрүнө турат. Кичинекей текчеде он чакты айнек бөтөлкө турат. Бирок үй-бүлөнүн колунда жок, соңку 20 жылдагы согуш маалында алардын колунда болгон мүлкүнүн баары талкаланып же талап-тонолуп жок болгон.

Бул үй сырттагы аптаптан жана чаңдан коргогон баш калка эле. Айланасы ылайдан тургузулган бийик дубал менен курчалган. Гилменд облусунун Маржа жергесиндеги согуш талаасына айланган бардык турак-жайлар да дал эле ушуга окшош.

Шамсулла апасы Гүлжуманы тосуп алды. Ал апасы 65 жашта экенин айтат. Апасы көргөнгө бир аз гана жылчык калтырып узун шалга баштан аяк оронуп алган.

Кээде көз карашы менен мурдунун бир учун көрүп калып жаттым. Кайгы-муңга толгон жашоосу жана төрт уулунун башын жеген согуш жөнүндө айтып берип жатканда Гүлжуманын үнү күчтүү чыгып жатты. Эң кенжеси Шамсулла жалгыз калган туягы болчу. Шамсулла 24 жашта болгон менен анын жүзү 10 жаштай улуураак көрүнөт.

Гүлжуманын биринчи уулу Зия ал-Хак 11 жыл мурда каза болгон. Ал Талибандын жоокери болгон. “Америкалыктар исламды жана Афганистанды талкалагысы келгендигин түшүнгөндүктөн уулум талибдерге кошулган”, - деди ал.

Калган үч уулу 2014-жылы бир нече айдын ичинде эле набыт болушкан. Кудратулла абадан урулган соккудан каза болгон. Хаятулла менен Аминулла үйүнө полиция бастырып киргенде камакка алынган. Шамсулланын айтымында, агалары аскерге барууга мажбурланып, ошол жакта өлүп жок болушкан. Аман калган Шамсулла “Кудай мага үй-бүлөнүн жоопкерчилигин арткан”, - дейт.

“Бир колуңда беш дарбызды көтөрүп көрдүң беле? Азыр мага ошондой болуп жатат”, - дейт ал. Анын милдеттерине эң улуу агасы жана Талибан согушкери болгон Зианын жесирин да каралашып туруу кирет.

“Агаларымды сагынам. Улуу агам каза болгондон кийин аялы андан кийинки агама турмушка чыккан. Ал киши колдуу болгондон кийин жеңеме андан кийинки агам үйлөнгөн. Ал да каза болгондо төртүнчү агам жеңемди алды. Ал набыт болгондо мен ага үйлөндүм”, - деди Шамсулла.

Маржа 2010-жылы президент Барак Обаманын буйругу менен АКШнын аскерлеринин алгачкы “чоң толкун” операциясынын алкагында тандалып алынган болчу. Максат — колдоо күчтөрү аркылуу кыйратуучу сокку уруп, Кабулдагы өкмөттүн, Американын жана Британия сыяктуу башка шериктеш күчтөрдүн пайдасына иштөө эле.

“Талибанды сыртка сүрүп чыкканда, алдыда жаркын келечек турган: жакшы мектептер, жакшы клиникалар, эркин иштеген базар”, - деп божомолдогон АКШнын аскердик басма сөз кызматы.

Маржадагы пахта жана апийим талаалары колго түшпөгөн козголоңчу талибдер менен согушкан чет элдик күчтөр үчүн чытырман черге айланган. Узакка созулган операциядан үч ай өткөндөн кийин АКШнын башкы командири Стенли Маккристал Маржаны “канжалаган жара” деп атаган. Кийинки он жылда ал жер үчүн көптөгөн салгылаштар жүргөн.

Афганистанды адамдардын жашоосу үчүн жакшыраак жайга айлантарын айткан Батыштын лидерлерин Гүлжума көп деле жактырчу эмес. “Алардын миссиясы жөнүндө эч нерсе билбейм. Алар өлкөнү талкалап бүтүштү”, - деди ал.

Аялдар колдоно алган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө суроо узатканымда, ал ишенген жок. “Алар бул жакта жүргөндө көпчүлүгүбүз жабыр тарттык. Алар күйөөлөрүбүздү, бир туугандарыбызды жана балдарыбызды өлтүрүштү”, - дейт ал. “Мен Талибанды жакшы көрөм, анткени алар исламды сыйлашат. Мендей аялдар Кабулда аял эмес”.

Анын айтымында, мурда Талибандан баары корккондуктан алар жеңген. Азыр алар баары бүткөнү жеңилдеп калышты.

Ошентсе да бир суроо турат. Кеп ал канчалык эркин сүйлөп жатканында. Талибандын басма сөз бөлүмү куралданган талиб жансакчы менен котормочу Би-Би-Синин тобу менен кошо барышы керек экенин талап кылды. Биздин Гилмендге барышыбыз үчүн ушул шарт аткарылышы керек эле. Эгерде алар барбаганда, көптөгөн афгандардын жүрөгүнүн үшүн алган талибдер жөнүндө көп нерсе уксак керек эле.

Бирок Гүлжума Гилменддин салттуу чарбачылыгы дүйнөнүн чоң аскердик күчтөрү тарабынан кыйратылганын күнөөлөгөндө жана каза болгон уулдарына ызасын билдиргенде чын дилден сүйлөп жатканынан күмөн санаган жокмун.

Лашкар-Гахтагы талибдер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лашкар-Гахтагы талибдер. Бул топ Афганистандын бийлигин 15-августта дээрлик толугу менен колго алган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2001-жылы 9/11 окуяларынан көп өтпөй АКШ, Британия жана шериктеш күчтөр Афганистанга бастырып киргенде так миссия менен келишкен эле: Ал-Каиданы жок кылып, аларды калкалаганы үчүн Талибанды жазалоо болчу.

Андан кийин эмне болгонун түшүнүү жана кабыл алуу аябай эле оор. Ал афгандардын жашоосун жакшыртууга аракет кылган жеңе алгыс согушка айланды. 

Демократия сыяктуу өнүктүрүү программасы тапанча менен келбейт. Батыш ал ортодо жеңишке жетип жатты. Чындыгында, шаардагы улан-кыздар билим алышып, дүйнө таанымы өзгөрдү. Бирок мындай мүмкүнчүлүктөр кедейлер менен Гүлжуманын үй-бүлөсү сыяктуу элеттеги аз билим алгандарга жетпей калды.

Талибан 1996-жылы биринчи жолу бийликке келгенде диний жана маданий ишенимдерин ишке ашыруу үчүн зордук-зомбулук колдонушкан. Азыр болсо афгандардын көпчүлүгү 9/11 жана басып кирүүгө чейинки окуяларды эстей ала турган жашта эмес. Анткени, алар аябай жаш.

Лашкар-Гахта жаш талибдер Би-Би-Синин камераларын көрүп, өздөрүнүн мобилдик телефондорун чыгарып, чет элдиктер менен селфи тартып жатышты. Мобилдик интернет бул жерде арзан эле. Бизди коштоп жүргөн талиб телефонунан Би-Би-Синин пушту кызматын көрүп жатты. Дүйнө азыр аларга 1990-жылдагыдай жабык эмес. Ошол кездерде Талибан фотосүрөттөргө тыюу салган болчу.

Талибдер азыр сырткы дүйнөдөн кабары жок жетилген балдар эмес. Эми алар, калктын калган бөлүгүн айтпай эле коёлу, өздөрүнүн эле жоокерлерин смартфондордон, интернеттен жана азгырган дүйнөдөн баш тартууга мажбурлашабы? Мунусунда өлкөнү бүгүп сындыруу кыйыныраак болот окшойт. (EA)