Коронавирустан айыгып кеткен беш кишинин окуясы

A cured COVID-19 patient embraces medical workers as she is discharged from Hainan General Hospital on March 24, 2020 in Haikou, Hainan Province of China.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайда Covid-19 вирусунан айыккан аял ооруканадан чыгарылууда

Коронавирус пандемиясы дүйнөгө жайылып, 1.8 миллиондон ашуун киши вирусту жуктуруп, 117 миңден ашуун адам көз жумду.

Ошол эле учурда 280 миңден ашуун киши коронавирустан сакайып кетти. Эксперттер бул статистика так эмес экенин айтышууда. Себеби көптөр вирусту аныктоочу тесттен өтпөй туруп эле, вирустан айыккан.

"Муунтуп жаткандай сезилди"

Niharika Mahandru posing on a beach

Сүрөттүн булагы, Niharika Mahandru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нихарика Махандру жаштарды дарыгерлердин кеңешине көңүл бурууга чакырат

"Дем алып жатканыма ушунчалык сүйүнөм",-дейт Нихарика Махандру.

Ал Британиядан бир жумага Испанияга эс алууга барган. Испанияга жеткенине көп өтпөй башы ооруп, дене табы көтөрүлүп, булчуңдары түйүлүп ооруган. Андан кийин Нихарика жөтөлүп, алсыз болуп, деми кыстыгып, өтө кыйналган экен. Аны менен бирге эч кандай даамды, жытты сезе албай калганын айтат.

Кыйналып жаткандыктан Нихарика Барселона шаарындагы ооруканага кайрылат. Дарыгерлер анда пневмония жана өпкөсүнө суу толуп калганын аныкташкан. 28 жаштагы келиндин өнөкөт оорулары жок болчу.

"Аябай кыйналдым, дем ала албай чыктым. Бирөө мойнумду кармап, муунтуп жаткандай сезилди. Ошол сезимди эстесем коркуп кетем",-дейт ал.

Ооруканада дарыгерлер жана орун аз болгондуктан, Нихарикадан Covid-19 вирусун аныктоо үчүн анализ алып, дары-дармек беришип, үйүнө жөнөтүшкөн. Эмдиги күнү дарыгерлер ал коронавируска кабылганын билдиришкен.

"Диагнозду айтышкандан кийин мага парацетамол, гидроксихлорохин жана азитромицин аттуу антибиотикти беш күн ичишиң керек деп айтышты. Дарыны иче баштагандан кийин дене табым ылдыйлады. Ошондуктан парацетамолду токтоттум. Бул дары температураны түшүрдү. Антибиотиктер пневмония жана өпкөдөгү сууну жок кылышы керек эле. Азырынча ал жардам бердиби же жокпу билбейм. Себеби рентгенге кайрадан түшө элекмин. Бирок дем алганда кыйналбай калдым. Бул жакшы белги деп ойлойм. Дарыгерлер гидроксихлорохин дүйнөнүн башка аймактарында Covid-19 вирусу менен күрөшүү үчүн колдонулуп жатканын айтышты. Алар бул дары малярияга каршы колдонулуп келгенин түшүндүрүштү. Азырынча сыноолор гана жүрүп жатканын аңдадым. Бирок ал чынында ошондойбу билбейм, балким бул дарылардын баары бириккенде вирус менен натыйжалуу күрөшөт. Ошондой эле көп эс алуу керек",-деди Нихарика.

Испаниянын дарыгерлеринин ыкмасы иштеп, Нихарика вирустан сакайды. Учурда ал Лондондогу үйүндө. Нихарика жакыр өлкөлөрдө кандай болот деп тынчсызданат.

"Бекер медициналык жардам бар экенине ыраазымын. Вирусту аныктоочу тестке төлөп, ооруканага, дары-дармекке улам акча берип турууга аргасыз болгондорду абалын ойлосом, үрөй учат",-дейт ал.

Нихарика өзгөчө жаштарга кайрылып, дарыгерлердин кеңешин так аткарууга чакырат.

"Айрымдар түшүнбөй жатат. Дарыгерлер мындай абалда ким жашайт, ким аман каларын тандайт. Алардын башка аргасы жок. Ушундай учурда дарыгерлер жаштарды тандайт. Демек, бирөөнүн карыя энеси каралбай калат",-деп эскертти Нихарика.

"Бекем болуп, көңүлдү түшүрбөсөң, вирусту сөзсүз жеңесиң"

Gafar Marhoun at home in isolation

Сүрөттүн булагы, Gafar Marhoun

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гафар Мархун вирусту учакта жуктурганына ишенет

"Кудай буюрса бул күндөр дагы өтөт. Мурдагы жашоого кайтып келебиз",-дейт Гафар.

26 жаштагы автобус айдоочусу Бахрейнде Covid-19 вирусуна чалдыккан биринчи бейтап.

"Башка илдеттердей эле, эрктүү адам жеңишке жетет. Бекем болуп, көңүлдү түшүрбөсөң, вирусту сөзсүз жеңесиң. Мен чөкпөй, позитивдүү болгонго аракет кылдым. Айрым дарыгерлер мени карап таң калышты",-деп кошумчалады ал.

Гафар жубайы менен Ирандагы Мешхед шаарына эс алууга барып, Бахрейнге Дубай аркылуу учуп келген. Кызыгы, жубайына вирус жуккан эмес. Ал вируска учакта "улам жөтөлүп жаткан жүргүнчүдөн жуктурдум" деп шекшийт.

"Башында көптөр мени жек көрдү, ыплас сөздөрдү айтышты. Себеби мен вируска кабылган Бахрейндеги биринчи бейтап элем",-дейт Гафар.

Пандемия дүйнөгө тараганда бахрейндиктер түшүнүп, Гафарды колдоп калышты. Дарыгерлер аны төрт апта бою үйдөн чыкпай тур деген буйрук беришкен.

"Балдарымды эки айдан бери көрө элекмин. Сагынып жатам",-дейт ал.

Гафар Covid-19 вирусун жеңип, симптомдор жок экенин айтууда. Ал бир гана тезирек балдарын көргүсү келет.

"Үйүңдү өрттөп кетебиз"

Jayantha Ranasinghe wearing a mask

Сүрөттүн булагы, Jayantha

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаянса Ранасинкх вирусту жуктуруп алганын билгенден кийин өмүрүнө кол салуу болот деп кооптонгон

Жаянса Ранасинкх Шри-Ланкада вируска кабылган биринчи бейтаптардын бири. Ал вирустан биринчилерден болуп сакайып кеткендердин дагы бири.

52 жаштагы Жаянса туристтерге өлкөнү көрсөткөн гид болуп иштейт. Марттын башында ал Италиядан келген туристтерге байыркы Дамбулла шаарын көрсөткөн. Бул шаарда үңкүрдүн ичинде салынган байыркы храм бар.

Анын ден-соолугу начарлап, Жаянса тез арада баш калаа Коломбого кайтып барган.

"Жубайыма үй-бүлөлүк дарыгерге баралы деп айттым. Ал менин симптомдорумду көрүп, дароо Улуттук инфекция институтуна жөнөттү. 9-мартта коронавирусту жуктурганым белгилүү болду. Чынында, өлөт экенмин деп ойлодум",-дейт ал.

Дарыгерлер Жаянсаны вирусту жеңесиң деп ишендирди. Бирок анын жубайы менен балдары үйүндө коркунучка кабылды. Жаянсанын кошуналары вирус тууралуу укканда ачууланып, жубайынын аймактан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

"Айрым кошуналарым биздин үй-бүлө вирусту таратып жатат деген сөздөрдү айта баштады. Үйүңдү өрттөп кетебиз деп коркутушуптур",-дейт Жаянса.

Дарыгерлер муну уккандан кийин Жаянса жашаган районго барып, вирус тууралуу түшүндүрмө иштерди өткөрүптүр. Жаянсанын уулун мектеп киргизбей жатышкандыктан, ал дагы вирусту аныктоочу тесттен өтүп, Covid-19 жок экенин тастыктаган документти тапшырган.

18 күн ооруканада жаткандан кийин, 22-мартта Жаянса вирустан сакайып, үйүнө жөнөтүлгөн. Бирок 21 күн үйдөн чыкпай туруу буйругун алган.

"Рак шишиги менен жашап келем, Covid-19 вирусу менен деле жашай берем"

George Alagiah
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Би-Би-Синин алып баруучусу Жорж Алагиа ашказанындагы шишик менен күрөшүп келет. Ал коронавирустун жеңил формасына чалдыккан

Рак илдети менен күрөшүп жаткан Би-Би-Синин алып баруучусу Жорж Алагианын дене табы көтөрүлгөндөн, дарыгер чоочулап ар түрдүү анализдерди тапшыр деген буйрук берген. Ошондо ал Covid-19 вирусуна кабылганы аныкталган.

"Алты жылдан бери рак менен күрөшүп келем. Ошондуктан вирус тууралуу укканда эч корккон жокмун. Рак шишиги менен жашап келем, Covid-19 вирусу менен деле жашай берем деп ойлодум",-дейт Жорж.

64 жаштагы журналисттин өнөкөт оорулары аны жогорку коркунучтагы бейтаптардын катарына кошту.

"Бул жерде вирустун коркунучу тууралуу сөз кылгым келбейт. Себеби мен анын жеңил формасына кабылдым. Бирок рак илдетине кабылган бейтап катары, биз оор, караңгы күндөрдү баштан өткөрөбүз. Ошондуктан мага жеңил болсо керек",-дейт журналист.

Жорж Covid-19 вирусунан сакайып кетти. Бирок анын жубайынан симптомдор аныкталды.

Жашоого болгон жаңы көз караш

Tiger Ye in hospital in China donating blood plasma

Сүрөттүн булагы, Tiger Ye

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайгер Те вирустан айыккандан кийин үй-бүлөсүн баалап калганын айтат

21 жаштагы студент Тайгер Те Кытайдын Ухань шаарында туулуп-өскөн. Вирус дал ушул шаардан чыгып, дүйнөгө тарады.

Тайгер вируска кандай жол менен кабылганын билбейт. Ал вирус тарады деп айтылган жапайы жаныбарлардын эти сатылган базардан көп деле алыс жашабайт. Тайгер же анын үй-бүлөсү бул базарга барган эмес.

Тайгер башында булчуңдары түйүлүп, дене табы көтөрүлүп, тамактангысы келбей калганын айтат. Көп өтпөй кургак жөтөл дагы пайда болгон. Ал улам кусуп, ичи дагы өтүптүр.

"Абдан оор болду. Мурда мындай катуу ооруп көргөн эмесмин. Улам куса берип, чыдай албай ыйладым. Абдан оор болду. Дааратканада жатып алып, ушинтип өлөт экенмин деген ой дагы келди. Ашказанда тамак жок болсо дагы ичим өтөт. Бир нерсе жесем, дароо кусам",-деп айтып берди Тайгер.

Ооруканаларда бош оорун жок болгондуктан, анализи вирус бар экенин көрсөтсө дагы ал бейтапканага жаткан эмес. Бирок ага дары жазып беришип, үйдөгү бөлмөңдөн чыкпай отур деген буйрук беришкен. Он күн дары ичкенден кийин симптомдор жоголо баштаган.

"Вирустун дүйнөгө жайылып кеткенин ойлогум келбейт. Абдан кейиштүү жагдай",-дейт Тайгер.

Вирустан сакайгандан кийин ал жашоого болгон көз карашы өзгөргөнүн айтат. Тайгер үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирип, изилдөөгө канын улам тапшырып турат экен.

"Вирусту жеңебиз"

Window of the hospital ward where Rafiya was treated

Сүрөттүн булагы, Rafiya

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рафия үч жума бою көчөгө чыкпай, дүйнөнү терезесинен карап отурду

Рафия (ысымы өзгөртүлгөн) Ухань шаарында медицина факультетинде окуйт. Ал Ухань карантиге жабыла электе мекенине, Индияга кайтып келүүгө жетишкен.

Ал Кытайдан келгенден кийин вирусту аныктоочу тесттен өтүп, Индиянын коронавируска кабылган биринчи бейтабы болуп катталган. 20 жаштагы студент тынчсызданбай, дарыгерлердин айткандарын так аткарган. Ооруканада изоляцияда жаткан.

"Вирустан айыккандан кийин дароо үйүмө барып, ата-энем, чоң апамды кучактадым. Азыр аралыктан окуп жатабыз. Мага жагып жатат. Бир жагынан окуум дагы жүрүп жатат. Ошол эле учурда үйдө, ата-энем менен чогуу болуп жатам",-дейт Рафия.

Ал Ухань шаары вирусту жеңүүгө жетишкенине кубанат. Учурда Индияда катаал карантин чаралары күчүнө кирген. Ошондуктан Рафия жана анын үй-бүлөсү көчөгө чыкпай отурат. Студент өкмөттүн чараларын колдойт. Анткени Ухань дагы ушундай стратегияны колдонуп, вирустун жайылышын токтотту.

"Мен кадыресе жашоомо кайтып келдим. Бул көйгөй тез чечилет деп үмүттөнөм. Вирусту жеңебиз",-дейт Рафия. (AT)