Коронавирустан айыккан америкалык Динара Самет

Азыркы убакта коронавирустун очогуна айланган АКШда кырдаал оор. Би-Би-Си АКШнын Флорида штатында көп жылдан бери жашаган, жакында эле коронавируска чалдыгып, өз алдынча үйүнөн дарыланып сакайып чыккан Динара Самет менен байланышып, анын өзүнүн жана АКШдагы абалды сурады.
Д. Самет: Мен Флорида штатынын борбору Таллахасси шаарында жашайм. Бизге карантин марттын башында эле келген. Ошондон баштап балдар баары үйгө тарап, онлайн дистанттык окууга өтүштү. Элдин баарына үйдө отургула деген сунуш келди.
Мен элчилеп дүкөнгө барганда беткап, перчатка кийип алып барып, жакшы эле сактанып жүрдүм. Бирок ага карабастан коронавирусту жуктуруп алдым. Жанагы медициналык жука беткаптан, колго жасалган беткаптан вирус өтөт этет экен деп ойлоп калдым.
Би-Би-Си: Сиз коронавирусту кайдан жана кантип жуктуруп алганыңызды кантип текшерттиңиз?
Д. Самет: Мен качан жуктурганымды, вирустун инкубациялык убактысын билбей калдым. Эки күн үйдө шалдырап, алым кетип, кускум келип, ичим өтүп, өзүмдү жаман сезе баштаганда өзүмдүн докторума чалдым. Менде камсыздандыруу бар. Ал үйдө кантип дарылануу керектигин айтты. "Үйдө отур, симптомдору коронавируска окшошуп атат",-деди.
Бизде шаардын борборунда чоң госпиталь уюштурулган, сыртынан бүт полиция курчап кайтарып турат. Ал жерге өзүңдүн машинаң менен барасың, андан чыкпайсың. Терезеден эле оозуңду ачып, тамагыңдан, мурдуңдан тампон менен анализдерди алат. Коронавируска бекер текшерет. Мен барып ошентип анализ тапшырдым. Мага кете бериңиз, доктуруңузга билдиребиз, ал телефон чалат дешти.
Менде ошол күнү кечинде менде температура башталды. Экинчи, үчүнчү күнү катуу оорудум. Стекловата жутуп алгансып, оозум кургап, температурам түшпөй, дем алуум кыйындады. Дем алган сайын өпкөң ачышып, аябай дискомфорт болот экенсиң.
Докторума чалсам, байкоо салып, онлайн көзөмөл кылып жатты. Коронавируска шек туудурганда бул жерде амбулаторияга кабыл албайт. Доктор эгер кычкылтек жетишпей, катуу болгондо "тез жардам" чакырып, госпиталга бар деди. Бирок ага жеткен жок. Доктор айткандай парацетамол, ага кошуп витаминдерди ичип аттым. Ошондой лимон менен бал кошуп, ысык чайды бат-баттан ичип аттым. Ысык шорпо да болду. Бешинчи-алтынчы күн дегенде жеңилдеп, сакая баштадым. Жетинчи-сегизинчи күнү өзүмдү жакшы сезип калдым. Коронавирусту мен өтө жеңил өткөрдүм десем болот.
Үйдөгү карантиндин эрежеси жана машакаты
Би-Би-Си: Үйдө сиз менен чогуу жашагандарга жуктуруп алам деп коркподуңузбу? Үйдө дарыланып жатканда карантин, изоляция эрежесин сактоо кыйын болсо керек?
Д.Самет: Америкада жашоо деңгээли жогору, шарттары Кыргызстандан абдан айырмаланат. Бул өнүккөн өлкө. Үйлөрдүн жана квартиралар америкалык стандарт боюнча салынганда ата-энелерге өзүнчө уктоочу бөлмө болот. Ал мастер-берум деп аталат, анда өзүнчө чоң жуунучу бөлмө жана даараткана болот. Ал эми балдар жана меймандар үчүн өзүнчө бөлмөлөр, алардын өзүнүн ваннасы жана дааратканасы бар. Вентиляция, кондиционер жалпы да жана ар бир бөлмөдө өзүнчө. Менин үйүм так ушундай стандарт менен салынган.
Мен ооруп атканда өзүмдүн уктоочу бөлмөмдө өзүнчө бөлүнүп жашадым, чай кайнаткан чайнегим, кружкамды өзүнчө бөлүп колдонуп аттым, аларды мен өзүмдүн ваннамда жууп коюп турдум. Пластик идиштерди, тамак-ашты балдар мага алып келип, эшиктин алдында калтырып коюп жатышты. Пластик идиштерди мен колдонгондон кийин ыргытып жиберип аттым.
Балдар үйдө беткап кийишкен жок. Анткени менин уктоочу бөлмөм алардын бөлмөсүнөн, ашканадан алыс. Үйдө күчтүү химиялык каражаттар толтура эле, аны менен кызым эшиктердин кармагычын сүртүп тазалап, спрей чачып коюп турду. Антикиллер деген спрей үйдүн ичиндеги вирус менен бактерияларды 99,9% жок кылат. Балдар өздөрү дагы колдорун таза жууп, күн сайын душка түшүп, кийимдерин алмаштырып турушту.
Америкалыктар күн сайын душка түшөт, бул адат болуп калган. Короого чыгып, таза абада дем алгым келгенде же ашканага барып, муздаткычтан сок алыш керек болгондо, мен респиратор-беткапты, перчаткини кийип алып жаттым. Мен бул иштерди көбүнчө балдар уктап атканда же алар сыртка кеткенде жасап аттым.
Менин COVID-19 оорум жеңил өткөндүктөн, балдар менден да, коронавирустан да коркушкан жок. Кичүү кызым мага абдан үйүр, ал дайыма мени кучактагысы келип, сагынып жатканын айтып жатты. Аларды мен жакын жолотпой, эки метр аралыкты кармаш керек деп талап кылып турдум. Мен сакайып кеткенден кийин менин балдарым дагы бул ооруга психологиялык жактан даяр болуп калгансыды. Биздин үйдө "эң чабалы" мен: жаш курагыма жараша, иммунитетим начар, диабет, гипертония..бирок ошого карабай айыгып кеттим.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Сиз үйүңүздө доктур онлайн түрдө карап, жардам көрсөтүптүр. АКШда медициналык камсыздандыруусу жок жарандар ооруп калганда госпиталга жатса, олчойгон суммада акча төлөшкө мажбур болот эмеспи. Ал эми доктурларга телефондон байланышып, сурап, кеңеш алуу жеткиликтүү болсо керек?
Д. Самет: АКШда саламаттык сактоо системасы такыр башкача. Бизде адам укугу баарынан жогору турат. Страховкасы бар-жок деп булар эч качан бөлбөйт. Кайрылган адамдын баарына медицина жардам берет. Ооруканага жаткырып, операциясына чейин жардам берет. Акысын төлөө убактысы келгенде жардамга келе турган көп мамлекеттик программалар бар. Мамлекеттен сырткары кайрымдуулук уюмдар бар. Алардын жардамы менен акысын төлөп кутулганга болот. Ошондуктан, Америкада ооруп калсам, мага эч ким жардам бербейт деп коркпош керек. Докторлорго кайрылып, жардам алганга ар бир адам укуктуу. Легалдуу жашайбы, легалдуу эмеспи, айырмасы жок.
"Баарын эле коронавирус жыгып атат дегенден алысмын"
Би-Би-Си: Албетте, Американын мүмкүнчүлүктөрүн башка өлкөлөр менен салыштырып болбойт. Бирок АКШда коронавирустан өлүм-житим көп болуп жатканы өзүнчө чоң суроо болуп жатпайбы. Кытайдан да көп болуп кетти жугузгандар менен өлгөндөр. Муну кандай түшүндүрүп жатышат?
Д.Самет: Мында негизинен жашы өтүп калган, картаң адамдар, вируска иммунитети туруштук бере албагандар болуп жатат. Алардын башка дагы өтүшүп кеткен оорулары болуп жатпайбы. Асматиктер, диабетиктер, гипертониктер дегендей. Бирок баарын эле коронавирус жыгып атат дегенден мен алысмын. Сексен-токсон жашка барып калган адамдардын оорулары көп болот эмеспи.
Ошондой эле биз, кыргыздар, тоолуу жерде өсүп чоңойгонбуз, ошондуктан биздин иммунитетибиз бекемирээк деп ойлойм. Көчмөн элдин тукумубуз, чыйрагыраакпыз. Биздин бала кезде алган вакциналар башка өлкөлөрдөн айырмаланат. Ошонун дагы жардамы тийип жатат деп ойлойм.
Коронавирус менен ар бир адам ооруп чыгыш керек. Ал жоголбойт, грипптин өзүнчө бир түрү катары биздин организмде калат, айлана чөйрөдө жашайт. Биздин өзүбүздүн иммундук коргоо системабыз иштелип чыгат. Дүрбөлөң түшүп, коркуштун кереги жок.
"Орустун телеканалдарына көп ишенбеш керек"
Би-Би-Си: Орусиянын телеканалдары АКШда медициналык камсыздандыруусу жок адамдар каралбай калды, дарыгерлердин медициналык каражаттары түгөнүп баратат деген маалымат таратып жатышат. Азыркы убакта АКШда коронавируска байланыштуу негизги кыйынчылык эмнеде болуп жатат?
Д. Самет: Орустардын маалымат булактарына көп ишене бербеш керек. Америкада бүт тест системалар акысыз болуп жатат. Мен өзүмдүн штатымды Флориданы айтайын, губернатор Рон Десантис ар бир адамды коронавируска текшеребиз деген чечим кабыл алды. СПИДке анонимдүү текшергендей эле коронавируска дагы баарынан анализ алабыз деп жатышат.
Азыр Америкада коронавируска чалдыккандар саны өсүп жатат, жете элек пикке, дагы бир он күн бар. Биз майга чейин карантиндебиз. Бирок карантин деген менен биздин баскан турганыбызды чектеген жок.
Кыргызстандагыдай болуп, каякка барасың, эмнеге барасың демей жок. Эртең менентен баштап саат төрткө чейин машинелерибиз менен дүкөнгө барып, башка жумуштарыбызды бүтүрүп келип атабыз. Баягы социалдык аралык деген эреже бар, бири-бирибизден эки метр алыс жүрөбүз.










