Коронавирус өзгөрткөн жашоо: Кыргызстанда онлайн аркылуу өткөн үйлөнүү той
- Author, Руфат Эргешов
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Коронавирус биздин жашоо эрежелерибизди өзгөрттү. Вирустун тароосун токтотуу жана алдын алуу үчүн киргизилген катаал эрежелер миллиондогон кишилерди үйгө камады. Бушайман болгон, эртеңки белгисиздиктен санаага баткан билдирүүлөр коомдук сайттарда жайнап чыгууда. Бирок ошолордун арасында позитивдүү жаңылыктар дагы көп.
Алардын бирине окурман назарын буралы. Кыргызстанда баш кошкон эки жаш үйлөнүү тойун онлайн аркылуу өткөрдү. Кеминде 100-150дөй кишинин катышуусу жок өтпөгөн өлкөдө бул чоң жаңылык болууда. Ал тургай Коронавирус боюнча республикалык штаб дагы бул үйлөнүү тойду сүйүнчүлөп жиберди.
Искандер менен Юлия кырдаал жайгарылгандан кийин жакындарынын коштоосунда чоң той беребиз деп тилек кылууда.
"Нике күбөлүгүн алуу үчүн февраль айында каттоодон өткөнбүз. Өлкөдө мындай болуп кетишин ойлогон да эмеспиз. Ошондуктан үйлөнүү тойду онлайн кылуудан башка аргабыз жок эле",-деди Искандер Халмурзаев.
"Урмат деген досубуз тойду ушундай жол менен өткөрүүгө жардам берди. Биз жакындарыбыз, досторубуз менен эсте кала турган сонун күн өткөрөлү деп чечтик. Анын үстүнө өлкөдө болуп жаткан карантинден алаксыйлы дедик",-дейт Юлия Ким.
"Биринчи жолу той алып барып жаткандай толкунданып жатам. Бул Кыргызстандагы биринчи онлайн той",-дейт тойдун алып баруучусу Урмат Асанбеков. (AbA)







