Жайкы аптап коронавирусту өлтүрө алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Көпчүлүк инфекциялык оорулар башында катуу тутанып барып, кийин жыл мезгилине жараша солгундай баштайт. Адатта грипп бизди кышкы суук мезгилде көп жүдөтөт. Башкалары, мисалы ич келте жайында чыгат. Кызамык оорусу дагы жайында аба ырайы салкын өлкөлөрдө төмөндөп, тропикалык аймактарда кескин күчөйт.
Ошондуктан көптөр COVID-19 ушундай сезондук мүнөзгө ээ болобу деп сурап жатканы жөндүү. Декабрдын орто ченинде вирус Кытайда өтө тездик менен тараган. Андан бери тез эле чек араларды кесип өтүп, АКШ менен Европаны каптады.
Айрым олуттуу жайылган учурлар көбүнчө кышы суук чөлкөмдөргө мүнөздүү болду. Ошондуктан жайында пандемия төмөндөйт деген үмүт бар. Бирок көптөгөн эксперттер жайкы температура вирусту өлтүрөт деп айтууга эрте деп эскертүүдө.
Мындай этияттыктын дагы жөнү бар. COVID-19 (эми аны расмий түрдө SARS-CoV-2 деп аташууда) изилдөөчүлөр үчүн жаңы нерсе. Окумуштууларда вирустун активдүүлүгү сезон сайын өзгөрүп турат дегенге статистикалык аныктамалар жок.
Буга өтө окшош SARS вирусун 2003-жылы ооздуктоого мүмкүн болгон. Ошол себептүү ага жыл мезгилдери кандай таасир тийгизери тууралуу маалыматтар өтө аз.
Деген менен буга чейин кишиге жуккан башка коронавирустар COVID-19 сезондук оору болуп калабы дегенге жооп табууга жардам берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
10 жыл мурун Эдинбург университетинин инфекциялык ооруларды изилдөө борборунун иликтөөсүндө, коронавирустун үч түрү (баары дем алуу органдары сезгенген бейтаптан алынган) "сезондук мүнөзгө ээ экенин" көрсөткөн. Декабардан тарта апрелге чейин күчөйт. Ушундай эле мүнөз гриппке деле тишелүү эмеспи.
Көбүнчө иммундук системасы төмөн кишилерге жуккан төртүнчү коронавирус тууралуу так айтууга кыйын болгон. Ал эми COVID-19 сезон менен козголо турган вирус болуп калышы дагы мүмкүн. Дүйнөгө тарашынан улам вирус кургак жана суук шартта тез жайылат деп болжоого болот.
Азырынча жарыялана эле аналитикалык изилдөөдө коронавирус тарап жаткан дүйнөдөгү 500 аймактын аба-ырайы салыштырылган. Анда вирустун жайылышы менен температура, шамалдын ылдамдыгы, нымдуулук ортосунда байланыштар бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы бир жарыялана элек иликтөөнү карап көргөнүбүздө, жогорку температурада COVID-19 аз жайылганы көрсөтүлөт. Албетте, кеп бир гана аба-ырайында эмес экенин дагы эстен чыгарбоого тийишпиз.
Вирустун сезондук акивдүүлүгү тууралуу конкреттүү маалыматтар жок болсо дагы окумуштуулар компьютердик моделге таянууда.
Адатта пандемия эч кандай сезондук схемаларга баш ийбейт. Маселен, 1918-20-жылдардагы "испанка" тумоосу жай айында чыккан.
"Эртеби же кечпи COVID-19 эндемиялык оору болуп калышы дагы мүмкүн деп болжоп жатабыз,- дейт вирусолог Ян Альберт (Швеция). - Эгерде анда сезондук мүнөз байкалбаса, таң калыштуу болот, албетте. Бирок анын жайылышынын сезондук мүнөзү пандемия кырдаалына чейин өсүп кетеби деген чоң суроо. Биз азырынча муну билбейбиз, бирок бул тууралуу дагы ойлонуу керек".
Изилдөөлөр SARS-Cov-2 сыртта, айталы болот, пластик сыяктуу буюмдарда 21-23 градуста жана 40 пайыз нымдуулукта 72 сааттан көп жашай аларын көрсөттү. Башка температурада жана нымдуулукта вирус өзүн кандай алып жүрөрүн дагы изилдөө керек.
Коронавирустун башка түрлөрү Цельсия боюнча 4 градус температурада 28 күнгө чейин жашай алары белгилүү болгон.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
COVID-19 вирусунун "жакын тууганы" SARS дагы кургак жана суук шартта өзүн жакшы сезген. Температура менен нымдуулук канчалык жогору болгон сайын вирустун өмүрү дагы кыскара берет.
"Бул жерде климаттын ролу жөнүндө айтканда, организмден сырткары жердеги вирустун стабилдүүлүгүнө таасир этет. Маселен, чүчкүрүп-бышкырган учурда абага чачыраган болсо",-деп түшүндүрөт айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнүн биологиялык көп түрдүүлүккө таасири тууралуу изилдеп жүргөн Мигель Ароухо.
"Организмден сырткары вирус канчалык стабилдүүлүгүн сактай алса, анын кишилерге жугуу мүмкүнчүлүгү ошончо көп болуп, эпидемияны жаратат",-дейт эксперт.
Мэриленд университетинин (АКШ) изилдөөсү вирус Цельсия боюнча орточо температура 5 жана 11 градус болгон шаарлар менен аймактарга тез жайылганын көрсөттү.
Бирок тропикте деле оору жуктурган учурлар көп катталууда. Вирустун Азияга тарашы боюнча жакында эле Гарвард медициналык мектебинин адистери жарыялаган анализде, пандемиялык коронавирус аба-ырайынын шарттарына анчейин деле сезимтал эмес деп айтылат. Ошондуктан изилдөөчүлөр вирусту саламаттыкты сактоо тармагын күчөтүү аркылуу гана жеңүүгө чакырган.
Кеп эми вирустун тарашында болуп жатат. COVID-19 сыяктуу илдеттердин тарашы жана анын тароо ылдамдыгы кайсыл мезгил болбосун кишилердин жүрүм-турумунан көз каранды.
Маселен, Европада кызамыктын тарашы адатта окуу жылына туура келет. Ооругандар саны жай мезгилинде, окуучулар бири-биринен алыстаган учурда азаят.
Ухандан дүрт эткен COVID-19 Кытай жаңы жылынын алдындагы миграциянын укмуш жанданган мезгилине туура келип калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Экинчи толкуну жүрсө, таң калбайт элем"
Кытайлык окумуштуулар Ухандагы COVID-19 вирусунан каза тапкан 2300 учурду иликтеп, бейтаптар өлгөн күндөгү абанын нымдуулугу, температурасы менен байланыштырып көрүшкөн. Бул иликтөө илимий журналдарга жарыяланган жок. Бирок температура жана нымдуулук жогору болгон күндөрү өлүм аз болгон экен. Бул изилдөө дагы болгону компьютердик модел аркылуу ишке ашып, ошого негизделгенин эстен чыгарбоо керек.
Пандемияга алып келген вируска кабылган кишиде иммунитет болуп калат деген дагы күмөндүү. Кишилердин бири-бири менен байланыштарынын азайышы вирустун жайылуу темпин токтотот. Өкмөттөр дал мына ушуга жетүү үчүн аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жаап, карантин чараларына барууда.
"Азырынча COVID-19 сезондук болот дегенге эч кандай далилдер жок. Бул жерде кишилердин жүрүм-туруму негизги ролду ойношу мүмкүн", -дейт адистер.
Эгерде COVID-19 катталган учурлар алдыдагы айларда төмөндөгөн болсо, ага бир нече себеп бар. Шаарларды н карантинге жабылышы, изоляция ж.б. (AbA)
Макала кыскартуулар менен сунушталды. Түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуз.












