Covid-19 вирусу экинчи жолу жугушу мүмкүнбү?

Researchers in protective clothing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөнүн булуң-бурчундагы окумуштуулар жаңы коронавирусту изилдеп жатышат

Айрым бейтаптар Covid-19 вирусунан сакайып, үйүнө чыгышты. Бирок кийин кайра текшерилгенде, коронавирусту кайрадан жуктуруп алгандар бар. Маселен, жөнөкөй сасык тумоодон айыккандан кийин вирус кайра коркунуч жаратпайт эмеспи.

Covid-19 вирусу эмнеси менен айырмаланат?

Жапонияда жетимиш жаштагы бейтап дарыгерлерди убайымга салды. Февраль айында андан коронавирус аныкталып, бейтап Токиодогу ооруканага жаткырылган эле.

NHK маалымат агенттигине ылайык, бейтап сакайып, үйүнө жөнөтүлгөн. Ал кадыресе турмушун улантып, коомдук транспортту дагы колдоно берген. Бирок бейтап өзүн жаман сезип, дене табы көтөрүлүп, кайрадан ооруканага жеткирилген.

Даарыгерлерди таң калдырганы, бейтаптан экинчи жолу коронавирус аныкталган эле.

Boris Johnson addresses questions about coronavirus in a press briefing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британия өкмөтүнүн Covid-19 стратегиясына ылайык, жарандардын иммундук системасы вируска туруштук бере баштайт

Жапонияда вирусту экинчи жолу жуктурган бир нече мисал бар. Бул кеңири жайылган көрүнүш эмес, бирок коронавирусту эки жолу жуктургандардын саны дагы аз эмес. Эмнеге адамдын иммунитети туруштук бере албай жатат?

Вирустун кайтып келиши

Испаниянын Улуттук биотехнология борборунун вирусологу Луис Энхуанес Би-Би-Сиге коронавируска кабылган бейтаптардын 14 пайызында Covid-19 экинчи жолу байкалганын билдирди. Бирок бейтаптар вирусту кайра жуктурган эмес, Covid-19 кайтып келген же организмдеги инфекция кайрадан күч алган.

"Иммунитети кайра алсыраганда, организмдеги Covid-19 вирусу кайра күч алган учурлар катталды",-дейт ал.

Вирус организмде кала берет

Вирустун калдыктары адамдын организминде үч айга чейин кала берет.

Person being tested for Covid-19

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттердин айтымында, коронавирусту жуктуруп, кийин сакайган бейтаптардын 14 пайызында вирус кайрадан күч алган

"Вирусту жуктуруп, кайра сакайган бейтаптардын иммунитети инфекцияга туруштук берип калат деген түшүнүк бар. Ага карабастан, вирус организмде кала берет жана иммунитет алсыраса инфекция кайрадан башка органдарга тарашы ыктымал",-дейт вирусолог Энхуанес.

Окумуштууларды таң калдырганы, Covd-19 вирусу кыска мөөнөттүн ичинде кайрадан күч алып жатканы.

Окумуштууларды тынчсызданткан жагдай

Иммунитет инфекцияга жараша реакция кыларын билебиз. Мисалы, бала кезинде кызылчага каршы эмдөөдөн өтүп коюу адамды бул илдеттен өмүр бою коргойт. Жаңы вакцина пайда болгондуктан, айрым бейтаптарды эмдөөдөн кайра өтүүгө чакырыктар дагы бар.

Ошол эле учурда айрым инфекциялардан бир эле жолу эмдөөдөн өтүп коргонууга мүмкүн эмес. Мындай учурда вакцина бир нече жолу берилет. Сасык тумоо же грипп сыяктуу илдеттерге каршы жыл сайын вакцина алып туруу керек. Себеби вирус мутация болуп турат.

Covid-19 вирусун изилдөө

Covid-19 жаңы вирус болгондуктан, окумуштуулар инфекция эмнеге экинчи жолу күч алып жатканын дагы деле изилдеп жатышат.

Мадрид шаарындагы Саламаттык институтунун окумуштуусу Исодоро Мартинез Covid-19 кыска мөөнөттө кайра күч алганы адаттан тыш экенин айтууда.

A health worker sprays a train station in Spain

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирустан сакайып, вируска экинчи жолу кабылгандар катталганы менен, бул адаттан тыш көрүнүш

"Коронавирустан сакайган бейтаптардын иммунитети инфекцияга туруштук бере албаса, анда бир же эки жылдын ичинде вирус күч алат. Бул кадыресе эле көрүнүш. Covid-19 вирусу болсо кыска мөөнөттө эле кайра күч алып жатат. Башкача айтканда сакайган бейтап, дароо кайра инфекцияга кабылып жатат. Бул адаттан тыш көрүнүш. Андан тышкары коронавирус грипп сыяктуу инфекцияларга салыштырганда көп мутация болбойт",-дейт Мартинез.

Окумуштуулар Covid-19 вирусу толугу менен жок болуп кетүүдөн мурун убактылуу күч алып жатканын айтышууда. Бирок бул теорияны тастыктоо үчүн кошумча изилдөөлөр керек.

"Covid-19 вирусу тууралуу күн сайын жаңы маалымат алып жатабыз",-деп билдирди Американын Саламаттык уюму. Ошондуктан дарыгерлерде таң калтырган суроого азырынча так жооп жок. Изилдөөлөр дагы деле уланып жатат. (AT)

Видеонун түшүндүрмөсү, Коронавирус: жагымдуу жаңылык