Коронавирустун жайылышын токтотуунун беш стратегиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Лиоман Лима - @liomanlima
- Role, BBC News Mundo
Коронавирус кеңири жайылып, дүйнө дүрбөлөңгө түштү. Күн сайын миңдегендер вирусту жуктуруп, жүздөгөндөр көз жумуп жатат.
Шаарлар, бүтүндөй мамлекеттер карантин абалын киргизүүдө, коомдук жайларга топтошуп, чогулууга тыюу салынды. Маданий иш-чаралар, учак каттамдар жана коомдук транспорт токтотулду.
Кытайга жакын жайгашкан айрым мамлекеттер тез арада чара көрүп, вирустун жайылышын басаңдата алышты.
"Вирустун жайылышын алдын алган мамлекеттер бар. Биз алардан үлгү алышыбыз керек",-деди эпидемиолог Толберт Ниансва.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мисалы, калкынын саны 23.6 миллионго жеткен Тайванда 195 киши вирусту жуктурду, эки киши көз жумду. Кытай менен чектеш Гонконгдун калкынын саны 7.5 миллион. Бул шаарда 155 киши вируска кабылды жана төрт гана киши көз жумду.
Эпидемиолог Ниансванын айтымында, бул мамлекеттер тез арада чара көрүп, коронавирустун коркунуч алдын алышты.
Алар кандай стратегияны колдонду?
1. Тест, тест жана кайрадан тест

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) жана башка эксперттер вирусту жуктуруп алгандарды тез аныктоо пандемияны алдын алат дешүүдө.
"Вирус канча кишиге жукканын билбесең, анын кесепетин аныкоо мүмкүн эмес",-деди эпидемиолог Ниансва.
Темпл университетинин профессору, эпидемиолог Крус Жонсон дагы бул пикирге кошулат. Анын айтымында, улам-улам тест, текшерүүлөрдү жүргүзгөн өлкөдө вируска кабылгандар тез аныкталып, убакыт өткөн сайын коронавирустун жайылышы басаңдаган. Ал эми текшерүүгө көңүл бурбай койгон мамлекеттерде вирус кеңири жайылган.
"Түштүк Корея күнүнө 10 миң кишини текшерип жатат. Демек, АКШ бир айда текшерген кишилердин санын Түштүк Корея эки күндүн ичинде эле тесттен өткөрүп жатат",-деди Жонсон Би-Би-Сиге берген маегинде.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус дагы коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн симптомдору бар бейтаптар вирусту аныктаган тесттен өтүшү керек.
"Дүйнөдөгү мамлекеттерге жөнөкөй кеңешибиз бар - тест, тест жана тест. Бардык мамлекеттерде вирусту аныктаган каражаттар бар. Пандемия менен көздү таңып алып күрөшүүгө мүмкүн эмес",-деп айтты Тедрос Гебрейесус.
Ошондой эле ДСУ оор сомптомдор менен келгендерди гана эмес, жеңил симптомдору бар бейтаптарды дагы тесттен өткөрүүгө чакырды.
2. Вируска кабылгандарды изоляцияда кармоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Түштүк Корея менен Кытай вируска кабылуу ыктымалдуулугу жогору болгон жарандарын таап, тесттен өткөрүп жана карантинге алуу чараларын жогорку деңгээлде өткөрдү",-деди профессор Крус Жонсон.
Вирусту аныктаган тесттер жаңы бейтаптарды гана аныктабастан, аларга жакын болгондорду дагы аныктайт. Мындай учурда вируска кабылуу ыктымалдуулугу жогору болгон кишилер тез арада изоляцияга алынышы керек.
Жонсондун айтымында, Кытай бул кадамга өзгөчө көңүл бурду. Ошондуктан тез арада вирустун жайылышын токтотту.
"Дене табы көтөрүлгөн бейтаптар дароо Covid-19 вирусун аныктаган тесттен өтүп жатты. Коронавируска кабылганы билинсе, дароо "карантин мейманканасы" атка конгон жайларда изоляцияга алынды, жакындары дагы карантинге алынды",-деди Жонсон.
Тайван, Сингапур жана Гонконг башка ыкманы колдонду. Вируска кабылгандар бейтапканаларда изоляцияга алынды. Ал эми алардын жакындары үйдө изоляцияда болушту. Эрежени бузгандарга үч миң доллар айып пул салынды.
Ыкмалар көп болгону менен, окумуштуулар негизгиси вируска кабылгандарды жана аларга байланышкандарды тез арада карантинге алуу экенин айтышууда.
3. Даяр болуу жана тез чара көрүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эпидемиолог Толберт Ниансва буга чейин Африкадагы эбола вирусунун жайылышын токтотууда иштеген. Окумуштуу тез чара көрүү абдан маанилүү экенин айтууда.
"Тайван жана Сингапур сыяктуу өлкөлөр тез чара көрүү жемиштүү болорун көрсөттү",-дейт Ниансва.
Американын Медицина бирикмесинин журналына жарыяланган макалага ылайык, Тайвандын тез арада чара көргөнүнүн себеби, өлкө алдын ала даярданган. Мисалы, коркунучтуу вирустар менен күрөшүү штабы 2003-жылы SARS кризиси учурунда эле түзүлгөн. Ошондон бери ишин токтоткон эмес, тескерисинче улам-улам машыгууларды өткөрүп турган.
"Даяр болуу жана тез арада туура чара көрүү вирустун жайылышын токтотуудагы маанилүү элементтердин бири. Европа мамлекеттери жана АКШ мындай коркунучтарга даяр эмес экенин көрсөттү. Бул мамлекеттер тез арада туура кадамга бара алган жок",-деди эпидемиолог Толберт Ниансва.
Вирус адамдан адамга жугуп жатканы аныктала электе эле, Тайван Ухань шаарынан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшере баштаган. Гонконг дагы дал ушундай кадамга барып, кийин туристтердин келишине тыюу салган.
4. Социалдык аралыкты кармоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Коронавирус өлкөгө киргенден кийин, чек арадагы чектөөлөр вирустун жайылышын алдын албай калат",-дейт Ниансва.
Ошондо социалдык аралыкты кармоо эрежелери эң натыйжалуу экени айтылат. Гонконг менен Тайван буга үлгү болду.
Гонконг январдын аягында эле мектептерди жаап, коомдук жайларга топтошууга тыюу салып, тургундардын үйдөн чыкпай отурууга чакырды. Сингапур болсо мектеп, окуу жайларды жапкан жок. Бирок ар бир окуучу жана мугалим улам тесттен өтүп жатат.
5. Гигиенага көңүл буруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
ДСУ вирустун жайылышын алдын алуунун оңой жолу гигиенага көңүл буруу же эшиктен келгенде колду самындап жууп туруу.
"Азия мамлекеттери 2003-жылы SARS вирусунан кийин гигиена абдан маанилүү экенин түшүнгөн. Бул мамлекеттер колду жууп туруу вирусту токтоторун билет",-дейт Ниансва.
Сингапур, Гонконг жана Тайванда бактерияга каршы каражаттар көчөгө орнотулду жана беткап кийип жүрүү кадыресе көрүнүш. Беткаптар вируска каршы канчалык натыйжалуу болгону талаштуу экени бышык. Бирок беткап кийип жүргөн киши жөтөлсө, вирус абага жайылбай калары дагы талашсыз. (AT)











