Коронавирусту биринчи бейтап кайсыл жаныбардан жуктуруп алган?

Панголин в аэропорту Куала-Лумпура (2002"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул панголинди башкалары сыяктуу эле Малайзиядан мыйзамсыз алып келишкен
    • Author, Хелен Бриггз
    • Role, BBC News

Кытайдын кайсыл бир аймагында жайындасы жарганттар заңдап кетип, курамында коронавирус бар экскременттер ( заң) токойдогу кыртышка түшкөн. Андан жердеги жаныбарлардын бири, болжолу панголин шимшилеп жүрүп инфекцияны жуктуруп алган болушу мүмкүн.

Вирус жапайы жаратылышта айланып жүрүп, акыры аны жуктуруп алган жаныбарды кармаган кишиге - базарда иштеген кызматкерге өткөн. Инфекциянын глобалдык тарашы ошентип башталган.

Окумуштуулар так мына ушундай болгон дегенди далилдөөгө аракет кылып, кайсыл жаныбар вирусту алып жүрөрүн аныктоо аракетин көрүп жатышат.

Лондондогу зоологиялык коомдун жана профессор Эндрю Каннингемдин пикиринде, бул жумуш негедир детективди эске салат.

Жаныбарлардын көптөгөн түрү инфекцияны алып жүрүшү мүмкүн экен. Анын ичинде жарганаттар, анткени алардын организминде түрдүү коронавирустар бар экени белгилүү.

Коронавирусту электрондук микроскоп менен караганда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирусту электрондук микроскоп менен караганда

Изилдөөчүлөр кишинин организминен алынган Covid-19 коронавирусунун генетикалык кодун чечмелегенден кийин, жарганаттардын дарегине айтылган күмөнсүнүү күчөдү.

Жарганаттар топ-тобу менен жашап, узак аралыкка учуп-конуп жүрүшөт жана бардык жерде бар.

Эмне үчүн өздөрү өлүп калбайт?

Лондон университетиндеги коллеждин профессору Кейт Жонс түшүндүргөндөй, жарганаттар ДНКсынын бузулган түзүмдөрүн кайра калыбына келтирип алуудагы жогорку артыкчылыкка ээ.

"Болжолу мына ушундан улам организминдеги жогорку вирустарга каршылык көрсөтүп, сейрек учурда гана ылаңга кабылышы мүмкүн. Деген менен бул азырынча гипотеза гана", -деди Кейт Жонс.

Жарганаттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарганаттардын жүрүш-турушу вирустар үчүн жагымдуу чөйрө жаратып береринде күмөн жок.

"Эгерде алардын жашоо образына баам салсак, алардын организми көп сандагы түрдүү вирустарды алып жүрүшү белгилүү болот,-деп ырастайт Ноттингем профессор Жонатан Болл. - Бул сүт эмүүчүлөр кишилерге түз же башка жаныбардын көмөгү менен илдет жуктуруп коюшу мүмкүн".

Ухандагы базардан чыкты деп жаткан жаңы коронавирус панголинден кишиге жугушу мүмкүн деген божомол бар.

Курт-кумурскалар менен азыктанган бул жандык тукум-курут коркунучунда жана анын кабырчыгы (омурткалуу айбандардын терисиндеги катуу эбелектер) дүйнөдөгү аткезчилик менен көп ташылган буюмдардын бири.

Панголиндин кабырчыгы кытайдын салттуу медицинасында колдонулуп, анын этин көптөр деликатес деп эсептешет.

Кытайлык окумуштуулар панголиндин организминен коронавирус табышкан. Ал азыр кишилерге жуккан инфекцияга окшош болгон. Бирок толугу менен окшош эмес. Изилдөө аягына чыга элек. Ошондуктан маалымат так эмес жана эксперттер кандайдыр бир тыянак чыгаруудан карманып турушат.

Виверлер SARS эпидемиянын булагы болгон деп саналган. Кытай бийлиги Гуанчжоу провинциясындагы базардан жыйнап кетип, тыюу салган (2004-жылдагы сүрөт)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Виверлер SARS эпидемиянын булагы болгон деп саналган. Кытай бийлиги Гуанчжоу провинциясындагы базардан жыйнап кетип, тыюу салган (2004-жылдагы сүрөт)

Профессор Каннингемдин пикиринде, изилдөөгө алынган панголиндердин каяктан келгени маанилүү: "Мындай кырдаалда кеп эркиндиктен кармалып келген бир нече жаныбар жөнүндө жүрүп жаткан болсо, анда маалыматтар бир топ ынанымдуу. Эгерде базардагы бир эле панголинди текшеришкен болсо, анда так кесе айтуу кыйын".

Панголин жана жарганаттар базарларда ачык эле сатылган учурлар көп.

"Мындай жайларда патогендердин жаныбардан жаныбарга, андан адамга өткөрүүгө өтө жагымдуу чөйрө түзүлүп калат",-деди Эндрю Каннингем.

Ухандагы базарда жапайы жаныбарлар сатылган атайын жай болгон экен. Ал жерде тирүүлөй дагы, этин дагы сатышкан. Айталы, төөнүн, коаланын жана канаттуулардын эттерин.

"Кайсыл бир учурда вирустун кишиге өткөн учуру катталган болсо, кийин ал кайталанганбы же жокпу, ошону билүү маанилүү,-дейт профессор Болл. - Кайсыл жаныбар, кандай шартта вирустун булагы болуп калганын, кандай факторлор коркунчту күчөтөөрүн аныктоо зарыл".

Төө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төөлөр дагы коронавирустун алып жүрүүчүcү болушу мүмкүн

Акыркы жылдары дүрбөлөң түшүргөн көп вирустар бизге жаныбарлардан өткөн. Булар: Эбола, ВИЧ, SARS, мына эми коронавирус.

Бул сыяктуу илдеттердин кеңири тарашын профессор Жонс мындайча түшүндүрөт: дарыгерлер алардын келип чыгуу жолдорун өздөштүрүшү жана адамзаттын жапайы табиятка болгон кол салуусу күчөгөнү, ландшафтагы өзгөрүүлөр, жыйынтыгында кишилер мурда жолукпаган вирустар менен бет келүүдө.

Индонезиядагы базарда жарганаттарды сатуунун дале улантып жатышат, 2020-жылдын февралы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индонезиядагы базарда жарганаттарды сатуунун дале улантып жатышат, 2020-жылдын февралы

Коркунуч факторлорун түшүнүп, этияттык чараларын көрүү зарыл. Профессор Каннингем мунун менен эле экосистемада маанилүү роль ойногон кайсыл бир жаныбарлардын түрлөрүн кырып-жоюга болбой турганын түшүнүүбүз керек дейт. Тагыраагы, жарганаттар вирусту эле таратпай, айыл чарбасына зыяндуу болгон чымын-чиркелерди жеп турат. Дарактарды чаңдаштырып алардын уругун таратат.

Азыркы коронавируска окшогон 2002-2003-жылдагы SARS илдетинен кийин жапайы жаныбарларды сатууга тыюу салынган эле. Бирок көп өтпөй Кытайда, Вьетнамда жана бир катар Түштүк-Чыгыш азия өлкөлөрүндө мындай базарлар кайра иштеп баштаган.

Кытай бийлиги азыркы кырдаалда дагы ошондогудай чараларды көрүүдө.

Кайсыл булактан оору тараганын так аныктоого мүмкүн болбосо дагы, бул сыяктуу катастрофаларды эффективдүү жойсо болот, дейт Чыгыш Англия университетинин профессору Диана Белл. (AbA)