Окумуштуулар: Түштүк Америкадан адамзат саламаттыгына коркунуч туулат

Сүрөттүн булагы, ECOHEALTHALLIANCE
- Author, Жеймс Гэллахер,
- Role, Би-би-си
Нью-Йоркто жайгашкан EcoHealth Alliance изилдөө борбору «дүйнөнүн кооптуу картасын» түзүп чыкты. Анда Латын Америка келечекте адамзаттын саламаттыгына кооптуулук жараткан вирустардын булагы катары көрсөтүлгөн.
EcoHealth Alliance изилдөөчүлөрү вирус алып жүргөн сүт эмүүчүлөрдү, алардын адам менен катыштыгын жана вирустарды изилдеп чыгышкан.
Алар өздөрүнүн отчетунда потенциалдуу коркунучту жарганаттар алып жүрөт деп көрсөтүшкөн. Окумуштуулар өздөрү тарабынан чогултулган маалыматтар СПИД илдетинин, эбола жана сасык тумоонун жаңы эпидемиясын алдын алууга колдонулушу мүмкүн деп үмүттөнүүдө.
Инфекциялардын эң эле коркунучтуусу адамга жаныбарлардан жукканы белгилүү. Эболаны тараткан дагы жараганаттар болгон болушу мүмкүн. Ал эми ВИЧ илдети адамга шимпанзеден өткөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
EcoHealth Alliance адистеринин алдында оор тапшырма турган: кийинки эпидемия кайсыл жерден таралат? Ушуну айтып бериши керек эле. Бул үчүн алар белгилүү болгон бардык 586 вирусту иликтеп чыгышты. Вирустарды сүт эмүүчүлөрдүн 754 түрү алып жүрөт. Адамга же башка жаныбарларга жуга турган 188 инфекция бар. Айрым түрлөрү майда-чүйдөсүнө чейин иликтенип чыккан. А кээси болсо жөн эле четке кагылып кала берген.
Ошондуктан окумуштуулар алынган маалыматтарды өздөрүн аттап өтүп кеткен билимдерин толуктоо үчүн колдонушту. Алар кандай вирустун алып жүрүүчүлөрү адамга жуктурууга жөндөмдүү дегенди түшүндүрүүгө аракет кылышты.

Сүрөттүн булагы, ECOHEALTHALLIANCE
Алардын эмгеги Nature журналына жарыяланып, жаныбарлардан адамга өткөн 17 инфекция көрсөтүлгөн. Буларды жарганаттардын баардык түрү алып жүрөт жана 10 инфекциянын алып жүрүүчүлөрү кемирүүчүлөр жана маймылдар.
Ушундан кийин адистер алар байырлаган чөлкөмдөрдүн жана алар алып жүрүшү мүмкүн болгон инфекциялардын картасын түзүп, кооптуу аймактарды аныктоо үчүн колдонушту.
Кемирүүчүлөр тарабынан жаралган коркунуч глобалдуу болуп чыккан. Бирок баары бир негизги очогу Түштүк Америкада жайгашкан.

Сүрөттүн булагы, ECOHEALTHALLIANCE
"Потенциалдуу очоктор жер шарынын ар кайсыл жериндеги сүт эмүүчүлөрдүн ар түрдүү топтору менен айырмаланып турат. Бирок жарганаттар тарабынан жаралган коркунуч көпчүлүгүнөн ашып түшүшү мүмкүн»,-деп айтып берди Би-би-сиге иликтөөчүлөрдүн бири доктор Кевин Оливал.
Иликтөөнүн авторлору алар тарабынан түзүлгөн карта кийинки эпидемияга мыкты даярданып алууга жардам берет деп үмүттөнүп жатышат.
Иликтөөчүлөр мүмкүн болушунча жапайы жаратылыш менен байланышты азыраак жасап, аңчылыктан баш тартып, жапайы жаныбарлар байырлаган чөйрөлөрдү жок кылбашыбыз керек деп кеңеш берет.
EcoHealth Alliance эми алдына канаттуулар арасындагы инфекцияларды иликтеп чыгуу тапшырмасын коюп жатат. (AbA)








