Коронавирусту жуктурган алгачкы бейтапты табуу маанилүү. Эмнеге?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Фернандо Дуарте
- Role, BBC World Service
Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны улам өсүүдө. Дарыгерлер Covid-19 вирусун жуктурган алгачкы кишини аныктоо өтө маанилүү деп эсептейт.
Алгачкы бейтап ким экенин аныктоо эмнеге маанилүү?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Алгачкы бейтап - вирус же бактерияны биринчи жуктуруп алган киши.
Дарыгерлер ооруну жуктуруп алган алгачкы бейтаптан кантип, качан жана кандай шартта илдетти жуктуруп алганын сурап, көп суроолорго жооп алса болот. Учурда Covid-19 вирусу кеңири жайылып, дүйнөнү дүрбөтүп жатканы менен бул суроого жооп табыла элек.
Эгерде ушул суроолордун жообу табылса, вирустун жайылышын токтотууга жана келечекте вирустун кайрадан пайда болушун алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Covid-19 вирусун жуктурган алгачкы киши табылдыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жообу кыска эле: жок! Табыла элек.
Кытай бийлигинин маалыматына караганда, жаңы коронавирус 31-декабрда аныкталган. Ошондон кийин дем алуу органдарын жабыркаткан жаңы вирусту Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында жайгашкан жапайы жаныбарлардын этин жана деңиз азыктарын саткан базардан чыкты деп эсептешкен.
Жон Хопкинс университинин маалыматы боюнча, азыр бул аймак жаңы коронавирустун очогуна айланды. Хубэй провинциясында 75 миңден ашуун киши вирусту жуктурду же вируска чалдыккандардын жалпы санын алганда, бейтаптардын 82 пайызы ушул аймакта.
Ага карабастан, Кытайдын окумуштуулары абройлуу Lancet медициналык журналына алгачкы бейтап Covid-19 вирусун 2019-жылы 1-декабрында жуктурганын жазышкан. Бул киши Ухань шаарындагы жапайы жаныбардын этин саткан базарга барган эмес.
Ухандагы ооруканалардын биринде иштеген дарыгер Ва Венжуан изилдөөнүн авторлорунун бири. Ал коронавируска кабылган алгачкы бейтап альцгеймерге чалдыккан кайрыя болгонун Би-Би-Сиге айтып берди.
"Бейтап жапайы жаныбарлардын этин саткан базардан төрт же беш аялдама ыраакта жашаган. Ал ооруп, көчөгө чыкпай калган эле",-дейт дарыгер.
Бул окуядан кийин үч киши карыяга окшош симптомдор менен бейтапканага кайрылган. Алардын экөө базарга эч барган эмес. Ошол эле учурда, окумуштуулар вирус жаңы тарап жатканда 41 бейтаптан 27 киши жапайы жаныбарлардын эти сатылган базарга барганын тастыкташкан.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Covid-19 вирусу тирүү жаныбардан адамга жугуп, андан кийин коронавирус адамдан адамга тараган деген гипотезаны туура көрөт.
Ошондо бир адам вирустун кеңири жайылышына себеп боло алабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2014-жылдан 2016-жылга чейин Африканын батыш аймагында кеңири тараган эбола вирусу 1976-жылы эле аныкталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына ылайык, вирус 28 миңден ашуун кишиге жугуп, 11 миң адам көз жумган. Вирус эки жыл бою коркунуч түзүп, 10 мамлекетке (көбү Африка континентинде), анын ичинде АКШ, Испания, Британия жана Италияга тараган.
Окумуштуулар вирус алгач эки жаштагы гвинелиялык тестиерге жугуп, андан кийин дүркүрөп дүйнөгө жайылганын аныкташкан. Эки жаштагы бала вирусту көтөрүп жүргөн жарганаттар жашаган бактын түбүндө ойноптур. Окумуштуулар тестиер жашаган кыштакка барып, изилдөө жүргүзгөндө Эболанын булагын табышкан.
"Эң белгилүү алгачкы бейтап - "Мэри Тиф"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1906-жылы Нью-Йоркто ичкелте оорусу кеңири жайылган. Анын булагы катары Мэри Маллон аттуу жаран экени аныкталган. Ошондон кийин дарыгерлер алгачкы бейтапты аныктоого маани бере башташкан.
Мэри Ирландиядан АКШга жер которгон мигрант эле. Ал ашпозчу катары бай америкалыктардын үйлөрүндө иштеген. Мэри иштеген үй-бүлөлөрдө тез эле ичкелте илдети аныкталар эле. Көрсө, Мэриде вирус болгону менен, инфекция анын саламаттыгына эч таасир эткен эмес, анда оорунун симптомдору байкалган эмес.
Айрым далилдерге таянсак, кээ бир кишилердин организми вирусту башкаларга караганда тезирек таратат. Мэринин организми ич келте илдетин мыкты тараткан эле.
1906-жылдары Нью-Йоркто жыл сайын миңдеген кишилер ичкелте илдетине кабылып, 10 пайыздан ашууну көз жумган.
Окумуштуулар бул терминди эмнеге жактырбайт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саламаттыкты сактоо боюнча эксперттер алгачкы бейтапты ачык атоого каршы чыгышкан. Себеби бул кадам бир кишиге карата жек көрүүчүлүктү пайда кылышы ыктымал. Маселен, канадалык учак экипажынын өкүлү Дюга Гаэтанды АКШ тарыхындагы эң көп жек көрүлгөн адам катары таанылган. Ал 1980-жылдары АКШда ВИЧ илдетин тараткан деп айтылат. Дюга Гаэтан ВИЧ вирусун алып жүргөн алгачкы бейтап катары аныкталган.
Бирок отуз жылдан кийин окумуштуулар Дюга Гаэтан алгачкы бейтап эмес экенин далилдешкен. 2016-жылкы изилдөөгө ылайык, ВИЧ вирусу 1970-жылдары эле Кариб аймагынан АКШга жеткен болчу.
Кызыгы, ВИЧ вирусу кеңири жайылып жатканда "алгачкы бейтап" делген термин пайда болгон. АКШда ВИЧ вирусунун жайлышы иликтенип жатканда, Американын вирустун жайлышын көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору ВИЧ инфекциясын көтөрүп жүргөн бейтапты издеп жатып "О" тамгасын колдонгон. Бул "outside the state of California" же "Калифорния штатынан тышкары аймактар" дегенди билдирет эле. Бирок муну окугандар "О" тамгасын "0" саны менен алмаштырып, "нөлүнчү бейтап" же "алгачкы бейтап" деп атап калышкан.








