Коронавирус пандемияга айландыбы же жокпу? Канчалык кооптуу?

Жаңы коронавирусту жуктургандардын саны өсүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы коронавирусту жуктургандардын саны өсүүдө

Дем алыш күндөрү дүйнөдө коронавирус жуктурган кишилер саны кескин көбөйдү.

Расмий түрдө SARS-CoV-2 аталышын алган вирус Кытайдын чегинен чыгып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө 1200 учур катталып, 20 киши көз жумган. Кытайда коронавирус 77 миң кишиден чыгып, 2600 киши каза тапты.

Дем алуу органдарын жабыркаткан вирус өткөн аптада Түштүк Кореяда, Иран жана Италияда катталып, үч күндө беш киши көз жумду. Орусияда үч кишиден чыкты. Улуу Британияда 13 киши дарыланууда.

Бахрейн бийлиги мектеп автобусунун айдоочусунан коронавирус табылганын билдирди. Бийлик мектепти жабууга аргасыз болгон. Кытайда жыл сайын өтө турган парламенттин жыйыны артка жылдырылган. Кытай бийлиги жапайы жаныбарлардын этин колдонууга тыюу салды. Белгилүү болгондой жаңы коронавирус эпидемиясы Ухандагы жапайы жаныбарлар сатылган базардан чыккан.

Дүйшөмбүдө Кытайда вирустун 409 жаңы учуру катталды (негизинен Уханда). Иран дем алыш күнү вирустун 61 учуру белгилүү болгонун айтты. Ооруну жуктургандар негизинен Кум шаарынан. Парламент депутаты вирус жуккан учурларды жашырган, элүү киши көз жумду деп бийликти айыптады. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай билдирүүнү кескин четке какты.

Италиянын Ломбардия жана Венето провинциясынын бир нече райондоруна карантин кирди. 50 миң кишиге эки апта шаарды таштап чыгууга тыюу салынды.

Дарыгерлер коронавирус пандемиянын масштабына чыкты деп коңгуроо кагууда. Бул эмнени билдирет?

Пандемия деген эмне?

Бул грек сөзү. Кыргызча таржымалдаганда "пан" - "бүт баары" деген маанини берет. Ал эми "демос" сөзү "кишилер" дегенди туюндурат.

Адистер бир эле учурда дүйнөнүн булуң-бурчуна илдет тараган абалды ушунтип аташат.

Бул сөздөн коркуунун кажети жок. Ал болгону оорунун жайылышынын масштабын көрсөтөт жана инфекциялык ооруларга гана колдонот.

Тактап айтканда, эпидемия - бир эле өлкөдө оорунун активдүү тарашы. Пандемия - континенттеги бардык өлкөлөргө жайыла баштаган учур. Жаңы коронавирус 30 өлкөнүн аймагына жетти. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "пандемия" деген терминди колдоно элек. Уюмдун өкүлү Тарик Ясаревич ДСУда мындай термин жок деп айтты.

Кандай пандемияларды баштан өткөргөнбүз?

Пандемия масштабына жеткен ооруларды адамзат башынан далай ирет өткөрдү. Тарыхтагы ири эпидемиялардын бири 1918-жылы болгон. Бул "испан тумоосунун" пандемиясы эле. Ал Европада башталып, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки миграцияга туш келген. XX кылымыдын башында бул илдетти дүйнөдө 500 млн киши жуктуруп, элүүдөн жүз миллионго чейин каза тапкан.

XXI кылымда бизди SARS (2003), куш тумоосу, MERS, (2012), Эбола (2014-2015), Зика (2016) сыяктуу вирустар дагы бир топ чочулатты. Эске сала кетели, "пандемия" сөзү илдеттен каза тапкандардын эмес, оорунун жайылуу масштабын гана түшүндүрөт.

Жаңы вирус канчалык кооптуу?

Жаңы коронавирустун вакцинасы иштелип чыга элек. Адистер бул вирустан каза тапкандар саны сезондук грипптен көз жумгандар санынан ашкан жок деп белгилеп жатышат.

Азыркы кырдаалда вирустун эң кооптуу жери - аны жуктурган кишилер бир топко чейин эч нерсе сезбей жүрө бергени. Мына ушундай себептен улам карантин 14 күнгө чейин созулууда.

Колду туура жууп туруу вирустун бардык түрлөрүн алдын алуунун жолу. Дарыгерлер вирусту изилдеп, дарысын тапканга чейин анын жайылышын убактылуу токтотуп туруу маанилүү экенин айтып жатышат. (AbA)