Коронавирус: Каза тапкандар көрсөткүчү жогорулап жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эпидемиянын очогу болгон Кытайдын Хубэй провинциясында расмий маалыматтар боюнча каза тапкандар саны 780 кишиге жетти. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 800дөн ашты. Көз жумгандардын экөөсү гана башка өлкөдөн, калганы Кытайдын аймагында.
2003-жылы дүрт эткен SARS эпидемиясы ондогон өлкөлөргө жайылып, 774 кишинин өмүрүн алган.
Жаңы коронавирусту жуктургандар саны 34 800 кишиге жетти. Алардын дээрлик көпчүлүгү Кытайдын аймагында. Январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.
Жаңы 2019-nCov вирусу биринчилерден болуп Ухань шаарынан чыккан. Азыр шаар өтө катаал карантин абалында күн кечирүүдө.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумунун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейесус эпидемия негизинен Хубэй провинциясына жайылганын билдирди. Соңку төрт күндүн ичинде Хубэйдеги илдет жуктургандардын айрымдарынын абалы турукташып жатканы байкалды деди ал. Бирок эпидемия өзүнүн жетер чегине жетти деп айтуу эрте.
Ишемби күнү Кытай бийлиги Хубэй провинциясындагы мектептер кеминде март айына чейин жабык турат деп эскертти.
Жапониянын Йокогама портунда турган "Даймонд Принцесс" кемесинен дагы алты кишиден коронавирус инфекциясы табылды деди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жапонияда вирус жуктургандар саны 96 кишиге жетти. Алардын жетимиши дал ушул жүргүнчү кемесинде. Кемеде жалпысы болуп үч миң жети жүз жүргүнчү бар жана команданын мүчөлөрү бар.
Ал ортодо Гонконгдо дагы "Ворлд Дрим" кемеси кармалып турат. Кемедегилерден инфекция табылгандан кийин алардын сыртка чыгуусуна тыюу салынып, карантин абалы киргизилген.

Сүрөттүн булагы, EPA
Гонконг континенталдык Кытайдан келгендердин баарына эки апталык карантин киргизди. Эгерде карантин эрежесин бузган болсо, айып пул жана абакка кесүү жазасы каралган. Гонконгдо 26 кишиден вирус табылды. (AbA)










