Коронавирус тууралуу биринчи болуп айтып чыккан дарыгер көз жумду

Сүрөттүн булагы, Dr Li Wenliang
Кытайдын маалымат каражаттары Ли Вэнлиандын көз жумганы тууралуу маалыматты ырастады. Дарыгер 2019-nCov коронавирусунун жайылышы тууралуу биринчилерден болуп айтып чыккан эле. Кийин өзү дагы вирусту жуктуруп алган.
Анын өлүмү тууралуу кабарлар чыгаары менен кытайлык ММКлар кайра өчүрүп салышты. Бул маалыматтын тарашын көзөмөлдөө үчүн жасалганы белгилүү болду. Көп өтпөй маалыматты "Женьминь Жибао" мамлекеттик басылмасы ырастады. Алгачкы кабарларда дарыгер "көз жумганы" айтылып, кийин "оор абалда ооруканада" деген сөз менен алмашкан эле.
Доктор Ли жаңы коронавирустун жайылышы жана өзүнүн илдети тууралуу айтып бере баштагандан тарта өтө чоң популярдуулукка жеткен. Weibo, "Твиттер" аркылуу ага колдоо көрсөтүп, тилектештик билдиргендер саны кескин көбөйгөн. Айрымдар аны баатыр деп атай баштаган.
Ошондуктан анын өлүмү тууралуу маалыматты бийлик көзөмөлдөөнү чечкен.
Ли Вэнлиань Ухандагы ооруканалардын биринде офтальмолог болуп иштеген. Ал 2019-жылы декабрда мурда белгисиз болгон илдетти байкаган. Анын козгогучтары SARS коронавирусуна окшоп кетерин айткан.
30-декабрда бул тууралуу кесиптештерине эскертет. Төрт күндөн кийин аны коопсуздук кызматына чакырып, "коомду дүрбөтүү максатында жалган маалымат таратуу аракетин көргөнүн" моюнга алып жазып берүүгө мажбурлашкан.

Ошол маалда полиция "жалган маалымат таратып, элди дүрбөткөн" сегиз киши суракта экенин билдиргени бар.
Январдын соңуна барып, вирус бүт өлкөгө жайылып, Ли Вэнлиань өзү дагы вирусту жуктуруп алганын Weibo, "Твиттер" аркылуу айтып чыккан. Бийлик дарыгерден кечирим сураган эле.
Ли Вэнлиань 34 жашта. Коронавирустан каза тапкандардын көбү 60 жаштан өйдө курактагы кишилер. Айрым дарыгерлер бул курактагыларды кооптуу топтогулар катары дагы бөлүп көрсөтүүдө. Доктор Линин башка илдети болгонбу, же жокпу, белгисиз бойдон калды.
Кытай жаңы вирустун жайылышын токтотуу үчүн өтө катаал чараларга барууда. Бейшембиде кытай бийлиги Бээжинде үйлөнүү үлпөтүн, туулган күн өткөрүү үчүн ресторанга чогулууга тыюу салды. Бир нече шаар камалоо абалында жашап жатат. Шаарга кирип-чыгууга чектөө киргизилген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку маалыматтар боюнча вирус 28018 кишиден табылып, 565 киши көз жумду. Кытайдан сырткары аймакта 191 кишиден вирус табылган. Алардын 33 учуру Жапонияда катталган. Европа өлкөлөрүнөн эң көп катталган Германия - 12 киши. Ал эми АКШда 11 киши жуктурган. (AbA)










