Эпидемиянын масштабы: Коронавируска чалдыккандардын так көрсөткүчү кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Николай Воронин
- Role, Би-Би-Си
Окумуштуулар 2019-nCoV жаңы коронавирус эпидемиясынын масштабы расмий айтылган маалыматтардан бир нече эсе көп болушу мүмкүн экенин эскертти.
Гонконг университетинин адистери чыныгы сандар расмий булакта айтылгандан бир нече эсе көп деп болжоп жатат. Алардын маалыматы боюнча, 25-январда эле Уханда вирусту жуктуруп алгандар 75 миңден ашкан болушу мүмкүн. Бирок ошол маалда расмий маалыматтар дүйнө боюнча эки миң кишиге вирус жукканын айтып турган.
Lancet медициналык журналына жарыяланган изилдөөнүн авторлору коронавирус эпидемиясы тез жайылууда деп эсептейт.
Алардын маалыматы боюнча, 2019-nCoV вирусун алып жүргөн киши орточо 2-3 кишиге жуктура алат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий сандары мындай: 4-февралга карата дүйнө боюнча 18 миң киши ооруну жуктуруп алган. Алардын дээрлик 99 пайызы Кытайдын аймагында.
Расмий маалыматта вирустан 426 киши көз жумганы айтылып, 644 киши айыгып кеткени көрсөтүлөт.
Ички аба жана темир жол каттамдарын анализдеп көрүп, гонконгдук окумуштуулар мындай тыянакка келет: иш жүзүндө 25-январга карата коронавирус жуктуруп алган Ухандагы бейтаптар инфекцияны башка шаарларга - биринчи кезекте Чунсин, Бээжин, Шанхай, Гуанчжоу жана Шэньчжэнге таратышы мүмкүн эле.
"Эгерде ал жакта дагы вирус ушундай тездик менен жайылган болсо, Кытайдын бир нече ири шаарларында бир-эки аптанын ичинде эпидемия жайылган болот",-деп эскертет изилдөөнүн авторлору.
Соңку маалыматтарга караганда, ооруну жуктургандар саны күн санап өсүп жатат. Бул көрсөткүч изилдөөчүлөрдүн маалыматтарын кыйыр түрдө ырастайт. Ишембиде вирус жуктурган 2128 жаңы учур катталса, жекшембиде - 2604, дүйшөмбүдө - 2838 учурга жетти.
Ушундай эле божомолду өткөн аптада америкалык Bianco Research изилдөө борбору берген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Инфекциянын жаңы очоктору
30-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бирок ошону менен бирге эле уюм эл аралык каттамдар менен соода-сатыкка чектөө киргизүүгө жүйөөлүү себептер жок экенин эскерткен эле. Уюмдун билдирүүсүндө коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн кайсыл гана өлкө болбосун вирусту жуктурган кишини бат аныктап, аны менен байланыштарды дароо табуу керектиги айтылат.
Жогорудагы иликтөөдө авторлор алардын эсептөөсү менен расмий сандардын дал келбегенин бир нече фактор менен түшүндүрөт.
Биринчи, узак убакытка созулган инкубациялык мезгил (эки аптага чейин). Вирус жуктуруп алган киши эч кандай оорунун белгилерин сезбей жүрө берет. Бирок ал вирустун алып жүрүүчүсү болуп эсептелет жана башкаларга жуктуруп коюшу мүмкүн.
Андан тышкары, бейтап дарыгерге кайрылгандан кийин дагы анда коронавирустун жаңы штаммы бар экенин аныктоо керек. Бул дагы лабораториялык изилдөөлөрдү талап кылып, бир нече күндү алат.
Жыйынтыгында Бээжин, Шанхай сыяктуу жана башка ири шаарлар вирусту таратуунун жаңы очогу болуп калашы мүмкүн деп эскертет окумуштуулар.
Экинчи жагынан, эгерде вирусту жуктургандар саны туура көрсөтүлгөн болсо, 2019-nCoV өтө эле апыртылып көрсөтүлүүдө жана реалдуу өлүм-житим вирусту жуктуруп алгандардын бир пайызга жетпегенин түзөт.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Салыштыруу үчүн: 2003-жылы SARS вирусу жайылган учурда көз жумгандар саны 9 пайызды түзгөн. Ал эми 2012-жылдагы MERS вирусу орточо эсеп менен алганда, бейтаптардын ар бир үчүнчүсүнүн өмүрүн алган. (AbA)









