Коронавирус: Кытайда бир күндө үч миң киши оору жуктурду

Сүрөттүн булагы, EPA
Жекшембиде коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV менен ооругандар саны 17 миң кишиге жетти. Андан 361 киши көз жумду, деп кабарлады Кытайдын саламаттыкты сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитети. Акыркы бир сутканын ичинде 2829 киши ооруну жуктуруп алганы белгилүү болду.
"Саламаттыкты сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитети 31 провинциядан маалымат алып, дем алуу органдарынын сезгенишине алып келе турган жаңы коронавирусту 17205 киши жуктуруп алганын аныктады. 2296 киши оор абалда, 361 киши көз жумду. 475 киши ооруканадан чыкты",-деп айтылат маалыматта.
Кытайлык басылмалар өлкөнүн аймагынан сырткары вирус жуктуруп алган 148 учур катталганын жазууда. Бирок Гонконг университетинин адистери чыныгы сандар расмий булактан айтылгандан бир нече эсе көп деп болжоп жатат. Алардын маалыматы боюнча Уханда эле 75 миң киши вирусту жуктуруп алган.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Кытайдан сырткары аймакта биринчи өлүм катталды
Филиппинде Ухандан келген 44 жаштагы кытайлык жаран көз жумду. Анын жаңы вирус тараган Ухань шаарынан келгени белгилүү болду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кытайлык жаран Филиппинге келгенге чейин эле вирусту жуктуруп алган болушу мүмкүн деп айтты.
Вирустун инкубациялык (белгилери байкалбаган) учуру бир күндөн он төрт күнгө чейин болот. Ушул аралыкта киши өзү да билбей айланасына коркунуч жаратып алат.
"Кытайдан сырткары аймакта биринчи жолу вирустан көз жумган учур катталды. Бирок оору бизден жукпаганын айтып коюшубуз керек. Бейтап вирустун очогунан келген",-деди ДСУнун Филиппиндеги өкүлү. Уюм жергиликтүүлөрдү дүрбөлөң түшпөөгө чакырды.
Сактануу чаралары
Бир нече өлкө Кытайдан келген каттамдарды убактылуу токтотту. Биринчилерден болуп мындай кадамга АКШ менен Австралия барды. Кытайдан учуп келген өз жарандарын карантинде кармоодо. Хубэйден келгендер 14 күнгө чейин карантинде кармалат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Каттамдарга чектөө койгондор арасында Жаңы Зеландия, Орусия, Пакистан, Италия жана Сингапур бар. Жекшембиде аларга Түштүк Корея кошулду.
Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму каттамдарга тыюу салуу - маалымат алмашуу, тажрыйба бөлүшүүгө, медкаражаттарды жеткирүүгө тоскоолдук жаратып, экономикага кесепетин тийгизет деп эскертүүдө.
Анын ордуна ДСУ аба майдандарында, чек ара бекеттерде толук процедуралар менен текшерүүнү сунуштады. Тыюу салынганда жашыруун жолдор менен өтүп кетүү аракеттери күчөп, тескерисинче вирус тез жайылат, деп эскертти ДСУ адистери.
Кытай кандай чара көрүүдө?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вирус чыккан 11 миллион калкы бар Ухань жана бир нече шаар убактылуу жабылды. Өлкөнүн айрым аймактарында дүкөн жана бизнестер жабылып калды.
Алты миллион калкы бар Хуанган шаарынын мэри вирусту жуктуруп алгандар саны жакынкы күндөрү кескин жогорулашы мүмкүн экенин айтты. Анткени карантинге чейин 700 миң шаар тургуну Уханга кирип чыккан.
Хуанган жана Вэньчжоу шаарлары дагы тургундарга чектөөлөрдү киргизди. Үй-бүлөдөгү бир эле киши (такай) зарыл нерселер үчүн көчөгө чыгып келе алат деп жазды жергиликтүү ММКлар.

Дүйнөдө эмне чаралар көрүлүүдө?
- Индия Ухань шаарынан 300 жаранын алып чыгып кетти. Германия жүзгө чукул, Таиланд жана Орусия жакныкы күндөрү жарандарын эвакуациялайт.
- Казакстан болсо Ухандан 83 жаранын алып чыккан. Алардын көпчүлүгү студенттер.
- Кыргызстандын расмийлери Ухань шаарынан 18 жаранын алып келгенин кабарлады. Аэропорттон текшерүүдөн өткөндөн кийин баш калаа Бишкектин чет жакасындагы ооруканага карантинге алынганы белгилүү болду.
- Акыркы эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.
- Кытай Евробиримдиктен медкаражаттарды жеткирүүдө жеңилдиктерди берүүнү суранды. Улуу Британия элчилик жана консулдуктарда иштеген кызматкерлерин чакыртып алуу ниетин билдирди.
- Германия, Италия жана Швеция өз аймагында коронавирус катталганын ырастады. (AbA)










