Глобалдык каатчылыктын карааны: Коронавирус дүйнөлүк экономиканы эңшереби?

Сүрөттүн булагы, AFP
Коронавирус дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын белгилерин алып келди. Кытайлык фабрикалардын жумушу токтоп, карантин болуп жатканда, Батыш экономисттери дүйнө кезектеги рецессияга кабылбайбы деп чочулап турат.
Кытайдан вирустан жүздөгөн кишилер көз жумду жана акырындык менен дүйнөгө тарап жатат. Эгерде вирус глобалдык пандемияга айланып кетсе, дүйнөлүк экономикага коркунуч жаратат. 2008-2009-жылдардагы каатчылыктан дагы оор болуп калышы мүмкүн.
Дүйнөнүн эң алдыңкы экономикасын түзгөн өлкөлөр - АКШ, Евробиримдик, Кытайдын башына кайрадан кара булут айланды. Алды менен брексит, андан кийин соода согушу, эми болсо коронавирус.
2002-2003-жылдары SARS коронавирусу чыкканда дагы болжолу ушундай абалды баштан кечиргенбиз. Анда Кытайдан чыккан вирус дүйнөнүн 25 өлкөсүнө тарап, 800 киши көз жумган. Айрым эсептөөлөр боюнча дүйнөлүк экономика мындан 40 млрд. доллар жоготкон.

Сүрөттүн булагы, AFP
Ал кезде Кытайдын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү жылына 1,7 трлн доллардан ашкан эмес. Азыр болсо Кытай экономикасы андан тогуз эсе ашып түштү - 15 трлн доллар. Ал эми дүйнөлүк ИДП үлүшү 4 пайыздан 17 пайызга чейин өстү.
Акыркы дүйнөлүк деңгээлдеги каржы каатчылыгы эң ири экономиканы түзгөн АКШдан башталган. "Америка чүчкүрсө, дүйнө жүзү тумоолоп калат" деген сөз эми Кытайга карата айтыла турган болду окшойт. Бул медициналык көз караштан эмес, экономикалык жактан алганда дагы ушундай болуп жатат.
SARS вирусу Кытайды кварталдык өсүштүн эки пайыздык пунктунан ажыраткан. Бирок кийинки кварталда баары өз ордуна келген. Бул жолу экономисттер орточо алганда, бир пайыздык пункт жайлап калышы мүмкүн деп болжоп турат. Бул пайыз болсо таптакыр башка сумма. Негизги айырмачылыгы: 2002-жылдан бери Кытай бир топ эле өзгөрдү. Айталы, ал азыр дүйнөлүк соода, өндүрүш жана каржы тармагын байланыштырган чийиндин ичинде.
SARS тарыхынан улам бир аз көңүл жубатса болот. Анда дагы башында коронавирус дүйнөнү дүрбөлөңгө салган. Аналитиктер көңүл түшүргөн божомолдорду том-том кылып жазып салышкан эле. Бирок вирус кыска аралыкта токтоп, анын таасири сезилерлик деле болгон эмес.
Азыр эми кырдаал жайгарылган күндө дагы, чыгымдар болбой койбойт.
Негизги жабыр тарткан өлкө - Кытай

Сүрөттүн булагы, Reuters
Өлкөнүн экономикасы вирусу чыкканга чейин эле алсырап жаткан. Өткөн жылы 6,1% гана өстү. Ички түзүмдүк себептеринен сырткары, экономикалык активдүүлүккө АКШ менен соода согушу, Гонконгдогу каршылык акциялары дагы таасирин тийгизди.
Вирустан улам өлкө камалоо абалына өткөндүктөн, биринчилерден болуп транспорт, жеке соода, ресторан жана мейманкана бизнестери чыгымга учурады. Алар үчүн эң кирешелүү учур кытайдын Жаңы жылы эле.
Өндүрүш дагы соккунун алдында турат: жумушчулардын көбү карантинде болгон үчүн көптөгөн ишканалар жабылып, транспорттук каттамдын үзгүлтүккө учурашы товар жекирүүнү кыйындатты.
Кытайдагы Toyota жана Volkswagen заводдору конвейерин токтотуп, "Старбакс" жана "Макдоналдс" жабылып калды.
Башкаларга дагы оңой эмес
Өзгөчө Азияга. Кытай - керектелүүчү жана өндүрүштө колдонула турган товарлар менен камсыздаган дүйнөдөгү негизги өлкө. Болжолу ташылган товарлардын ар бир бешинчиси жана аймактагы өлкөлөргө жеткирилген товарлардын 40 пайызы Кытайга тиешелүү.
Вьетнам, Түштүк Корея, Камбоджа, Сингапур жана Жапония кытайлык Жаңы жылдагы туристтердин агымынан кур калды.
Өндүрүштүн токтоп калышы жер астынан казып чыгарылуучу чийки заттын негизги камсыздоочусу Австралия менен Бразилия үчүн дагы жоготуу болот.
Европа менен АКШга коркунуч кыйыр түрдө тийет. Азырынча алар негизинен кытайлык туристтерди жана айрым товарларды жоготот.
Технология үчүн колдонулган жабдыктарга талап кала бергени - Батыш экономикасын үчүн пайдалуу. Албетте, кытайлык жабыктарды колдонгон өндүрүш Батыштан альтернатива издейт. Бул кошумча чыгашаларга алып келип, кирешени азайтат. Мындай жагдай өндүрүштү олуттуу үзгүлтүккө учуратат деп айтууга болбойт. Мындай абал вируска байланышкан кырдаал узак убакытка созулуп кетсе гана күтүлүшү мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орто жана чакан бизнеси ири компанияларга караганда көбүрөөк жабыр тартат. Чоң компаниялардын каражаты жана тажрыйбасы бар. Ошондуктан аларга бир нече аптага созулган үзгүлтүктү жашап кетүү оор эмес.
Базарлар тынчсызданууда
Каатчылыктын карааны инвесторлорду дагы чочулатып жатат. Алар экономикага кыйынчылык кабылган учурда арзандап кете турган активдерин сатууда: акция, мунай, металл ж.б.
Анын ордуна ишенимдүү эсептелген өлкөлөрдөн облигация жана алтын сатып алууда.
Мунай жылдык минимумдан ылдый түштү. Анткени Кытай дүйнөдөгү мунайдын эң ири импортеру жана суткасына 14 млн баррель сатып алат. Анын керектөөсү 20 пайызга кыскарды деп эсептеген Bloomberg.
Өндүрүштө колдонулган металлдар: жез, никель, алюминий орточо алганда 7 пайызга төмөндөдү. АКШ менен Кытай ортосундагы соода согушу маалында дагы мынчалык түшкөн эмес эле.
Вирус чыккан учурдан баштап Кытайдын баалуу кагаздар базары жабык турду. 3-февралда ачылганы менен 8 пайызга кулады, юандын курсу төмөндөдү. Өнүккөн өлкөлөрдө облигациялардын баасы өсүп, инвесторлор тобокелчил активдерди сатып, ишенимдүү эсептелгендерин кайра сатып алууда.
Капиталды чукул жана масштабдуу чыгарып кетүү адатта девальвация менен коштолот. Импортко болгон баалардын өсүшү жана инвестициянын кыскарышы. Ошентип экономика жайлап калат дагы, жакшы болгондо өнүккөн өлкөлөрдөгү өсүү темпи токтоп, жаман болгондо жакырлана баштайт.
Азыркы абал вируска байланыштуу кырдаалдын канчага созулаарына байланыштуу. Эгерде кытайлык вирус пандемияга өсүп жетсе, анда бүт дүйнө мурдакы каатчылык учурундагы сыноодон өткөн ыкмага кайрылууга аргасыз болот: акча басып чыгаруу. (AbA)












