Кытайдагы жаңы вирус эпидемияга алып барышы ыктымал

A Chinese boy hugs a relative as she leaves to board a train at Beijing Railway station before the annual Spring Festival

Сүрөттүн булагы, Kevin Frayer

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бээжин вирус адамдан адамга жугуп жатканын ырастады

Кытайдын саламаттыкты сактоо тармагынын адистери "2019-nCoV" деген атка конгон жаңы вирус мутация болуп, андан ары кеңири тарашы мүмкүн экенин эскертти.

Кытай бийлиги вирустун жайылышын токтотуу үчүн кошумча чараларды ишке киргизүүдө. Вирус аныкталгандан бери 440 киши вирусту жуктурду. Кытайдын Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясы вирустун жайылышын алдын алууда өлкө "кооптуу чекте турганын" моюнуна алды.

Буга чейин Бээжин вирус адамдан адамга жугуп жатканын ырастаган. Бирок инфекция эмнеден улам пайда болгону азыркыга чейин тактала элек.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнү талкулап жатат. Акыркы чечим шаршемби күнү кабыл алынат.

Эмитен эле Ухань шаарынан чыккан өпкөнү сезгенткен вирус Кытайдын башка шаарларына жана башка мамлекеттерге өттү. Ошондуктан Кытайга коңшу өлкөлөр Ухань шаарынан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүүдөн өткөрүүдө. Вирус саякатчылар аркылуу жайылып кетпеши үчүн кишинин температурасын текшерген сканерлер аэропорт, темир жол жана автобус бекеттерине орнотулду.

Medical staff carry a box as they walk at the Jinyintan hospital, where the patients with pneumonia caused by the new strain of coronavirus are being treated, in Wuhan

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ухань шаарында кеминде 15 медкызматкер вирусту жуктурду

Вирус тууралуу эмне белгилүү?

Кытай бийлиги жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус жуктургандардын анализин алып, инфекция коронавируска алып барарын аныктаган. Коронавирустарга ар түрдүү вирус кирет, бирок алардын алтоо гана адамга жугат (эми жетөө).

2002-жылы коронавирустун жайылышынан улам Кытайда 8098 киши пневмонияга же өпкө оорусуна чалдыгып, 774 киши көз жумган. Коронавирустун коркунучу ар түрдүү: инфекция жөнөкөй сасык тумоодон тарта өлүмгө чейин жеткирет.

Вирустар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин адамга жуккан алты коронавирус болсо, азыр эми алар жетөө болуп калды

Изилдөөчүлөр сырдуу жаңы вирус диапазондун ортосунда турат дешүүдө.

Жаңы вирустар байма-бай пайда боло берет. Буга чейин мурда байкалбаган вирустар негизинен жаныбарлардан жуккан. Маселен, "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" адамга төөлөрдөн жуккан. 2012-жылдан бери бул синдром 2494 кишиден табылган, алардын 858 каза тапкан. (AT)