Кытайдагы "табышмактуу" вирус: кооптонууга негиз барбы?

Ухань

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирус Кытайдын Ухань шаарында катталды

Кытайдын Ухань шаарында мурда белгилүү болбогон вирус тез жайылууда. Ал өпкөгө таасир этип, пневмонияга алып келет.

Вирус 59 кишиге жуккан, алардын жетөөсүнүн абалы абдан оор. Эми дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер тынчсызданып, даярдык чараларын күчөтүүдө.

Жаңы вирус дүйнө элине коркунучпу же кыска мөөнөттө жок болуп кетеби?

Вирус тууралуу эмне белгилүү?

Кытай бийлиги жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус жуктургандардын анализин алып, инфекция коронавируска алып барарын аныкташты.

Коронавирустарга ар түрдүү вирус кирет, бирок алардын алтоо гана адамга жугат (эми жетөө). 2002-жылы коронавирустун жайылышынан улам Кытайда 8098 киши пневмонияга чалдыгып, 774 киши каза болгон.

Вирсуы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирустун адамга жуккан алты түрү бар

Вирус канчалык кооптуу?

Коронавирустун коркунучу ар түрдүү: инфекция жөнөкөй сасык тумоодон тарта өлүмгө чейин жеткирет.

Изилдөөчүлөр жаңы вирус диапазондун ортосунда турат дешүүдө.

"Жаңы коронавирус аныкталганда, биз анын симптомдору эмне экенин билүүгө аракеттенебиз. Бул вирустун симптомдору сасык тумоого окшош экен. Албетте, этият болуш керек, бирок вирустук пневмонияга салыштырганда тынчсызданууга негиз жок",- деди Эдинбург университетинин профессору Марк Вулхаус.

Жаңы вирус кайдан пайда болду?

Жаңы вирустар байма-бай пайда боло берет. Буга чейин мурда байкалбаган вирустар негизинен жаныбарлардан жуккан.

"Мурдагы вирустардын тез жайылышын эске алсак, жаңы коронавирус пайда болгондо, ал жаныбардан жукканы аныкталган",- деди Ноттингем университетинин профессору Жонатан Болл.

Маселен, "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" адамга төөлөрдөн жуккан. 2012-жылдан бери бул синдром 2494 кишиден табылган, алардын 858 каза тапкан.

A health worker stands by ready to ask passengers to remove head gear prior to temperature screening on April 27, 2009 at the international airport in Hong Kong

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ухань шаарынын аба майданында текшерүүлөр болуп жатат

Жаңы вирус кайсыл жаныбардан жукту?

Вирус кайсы жаныбардан жукканы аныкталгандан кийин аны дарылоо жеңилдетилет. Бул жолку вирустун жайылышын деңиз азыктар базары менен байланыштырышууда.

Бул базарда деңиз азыктарынан тышкары тоок, жарганат, коён жана жыландын эти дагы сатылат. Учурда изилдөөчүлөр ушул жандыктарды карап жатышат.

Вирус канчалык тез жайылууда?

Бактыга жараша, жаңы вирус кишиден кишиге жукпайт деген жоромолдор айтылууда.

Өпкөгө терс таасир эткен вирустарды караганда, окумуштуулар эң биринчи кезекте вирус аба аркылуу жугабы же жокпу деген суроого жооп издешет. Эгерде инфекция аба аркылуу жукса, ал абдан тез жана кеңири жайылат.

Кытай бийлиги жаңы вирус аба аркылуу жукпайт деп айтууда. Бирок айрым эксперттер муну так айтуу азыр эрте дешет.

Учурда жаңы вирусту 59 адам жуктурду. 29-декабрдан тарта вирусту жуктургандар болгон жок. Бирок Кытай жаңы жылы учурунда миллиондогондор саякатка чыгып, вирус жайылып кетиши мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Проверка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирус саякатчылар аркылуу жайылып кетпеши үчүн кишинин температурасын текшерген сканерлер орнотулду

Кытай вируска каршы кандай чара көрүп жатат?

Инфекцияны жуктурган бейтаптар өзүнчө палатада кармалууда. Алар менен контактка барган 150 киши дагы байкоого алынды.

Вирус саякатчылар аркылуу жайылып кетпеши үчүн кишинин температурасын текшерген сканерлер аэропорт, темир жол жана автобус бекеттерине орнотулду. Ал эми деңиз азыктары сатылган базар жабылып, дезинфекция иштери жүрдү. (AT)