“Бул уруунун келечегин ойлосоң, үрөй учат”: Латын Америкадагы түпкүлүктүү калкты кырган ВИЧ эпидемиясы

Warao man

Сүрөттүн булагы, Jacobus de Waard

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ВИЧ вирусу аймакта тез жайылууда
    • Author, Karenina Velandia
    • Role, BBC Mundo

Варрау элинде бир дагы эркек калбаган уруу бар. Эркектердин баары каза тапкан, ал эми алардын калган аялдарына башкалар жакын жолобойт.

Бул уруунун кыздары менен эч ким турмуш кургусу келбейт. Аларды бирөө "каргап" же "дубалап" салган деген пикир бар. Бирок бул сырдуу көрүнүштү окумуштуулар оңой эле түшүндүрүп беришет.

Түштүк Америкадагы эң чоң дарыянын жээгинде байырлаган, көбү Венесуэланын чыгышындагы Ориноко тоолорунда жашаган уруунун эркектери ВИЧ вирусунан каза тапкан.

"Бул аймактагы көп уруулардын 10 пайызы илдетке кабылган. Бирок айрым чакан урууларда 16 жаштан 23 жашка чейинки эркектердин баары ВИЧ илдетин жуктурган", -дейт нидерланддык дарыгер Жакобус Де Ваард. Ал 1993-жылдан бери Варрау элине жардам берип келет.

Sunset over the Orinoco river

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түштүк Америкадагы эң чоң дарыянын жээгинде байырлаган Варрау этникалык тобу

Он пайыз аз көрүнүшү мүмкүн, бирок чынында бул үрөй учурарлык статистика.

БУУнун коркунучтуу илдеттерди караган мекемесинин маалыматына ылайык, Венесуэланын башка аймактарында ВИЧ илдетине 0,6 пайыз тургун кабылган.

Орточо эсеп менен алганда Варрау этникалык тобунун өкүлдөрү өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу ВИЧ илдетин көбүрөөк жуктурганы вирустун жайылып эпидемияга айланганынан кабар берет.

Ошондой эле Варрау элинин саны 50 миңге чукул болгонун (2011-жылы Улуттук статистика институту түзгөн каттоого ылайык) эске алганда, илдеттин кесепети өтө кейиштүү.

"Эбегейсиз масштабда болуп жатканы үчүн бул тынчсыздандырбай койбойт. ВИЧ илдетин жуктургандар абдан көп, Африкадагы эпидемияга окшош. Вирус абдан тез жайылды", -деди Венесуэланын илим изилдөө институтунун директору Влор Пужол: - Ал "бул өтө сейрек окуя, себеби ВИЧ вирусу чет жактан келген жана ал Латын Американын түпкүлүктүү калкына жайылган эмес".

Illustration of a Warao woman dating from approximately 1875.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Варрау элинин саны 50 миңге чукул

Күтүүсүз өлүм-житимдер

Варрау калкына жайылган ВИЧ вирусунун өзгөчөлүгү бар. Ал тез эле СПИДке айланып, бейтап аз убакыттын ичинде көз жумат.

"ВИЧ вирусунун көбү R5 инфекциясы катары башталат. Андан кийин көп убакыттан кийин ал X4 вирусуна айланып, организмге коркунуч жарата баштайт. Варрау калкына жайылган ВИЧ өзгөчө тез СПИДке айланды", -деди изилдөөгө катышкан биолог Хектор Рангел.

Окумуштуунун айтымында, "Варрау элинин 90 пайызында X4 вирусу бар. Бул дүйнө жана Латын Америка үчүн сейрек абал".

Де Ваард болсо ВИЧ илдетин жуктурган Варрау уруусунун өкүлү эки жылдын ичинде көз жумат деп белгиледи.

"Буга окшош абал Кариб же Гайана аймагында табылбайт. Илдет Гуайо коомчулугунда тарай баштаганын билебиз. Бирок анын булагы так эмес. Айрым маалыматтарга ылайык, вирус Филиппиндерден келген. Бирок аны тактай алган жокпуз. Дарыядан көптөгөн кемелер өтөт", -деди Де Ваард.

Коомдун "Тидавинас" өкүлдөрү

Бул эпидемиянын дагы бир адаттан тыш тарабы - вирус негизинен эркектерге жуккан.

"Айрым урууларда 35 пайыз эркек ВИЧке кабылган. Ал эми аялдардын эки гана пайызы вирусту жуктурган", -дейт Пужол.

Окумуштуулардын айтымында, бул көрүнүштү түшүнүү үчүн Варрау этникалык тобунун гомосексуалдуулук жана бисексуалдуулукка карата көз карашын аңдоо зарыл.

Young men and boys of the Warao
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вирус негизинен жаштар арасында тез жайылууда. Сүрөттүн булагы: Jacobus de Waard

Айтылган коомчулукта трансгендер же "тидавинас" өкүлдөрү уруудагы эркектер менен жыныстык катнашта болушат.

2013-жылы жарыяланган изилдөөгө ылайык, айрым антропологдор Варрау калкы трансгендер өкүлдөрүн экинчи аял катары алгандарын маалымдашкан.

Андан тышкары бул урууларда кургак учук илдети дагы кеңири жайылган.

Демек, бул кишилерге ВИЧ илдетин жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогорулайт.

Абсолюттук кризис

ВИЧ вирусуна каршы дары тартыш болгондуктан, илдет тез жайылды.

Венесуэланын саламаттыкты сактоо тармагы кризиске учурап, соңку бир нече жылдын ичинде абал колдон чыккан. Венесуэланын Фармацевтикалык федерациясынын маалыматы боюнча 85 пайыз дарылардан маселе чыгууда.

Orinoco river

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Варрау калкы алыскы аймактарда жашайт, аларга жетүү оңой эмес

"Учурда ВИЧ вирусуна каршы 24 дары тартыш болуп жатат. Акыркы жолу Саламаттыкты сактоо министрлиги ВИЧ вирусуна каршы дарыны 2017-жылы январь айында сатып алган", -деди БУУнун Венесуэладагы өкүлү Регина Лопез.

Лопез айым Варрау этникалык тобу кабылган эпидемияны токтотуу үчүн атайын чаралар каралганын айтат. Анын ичинде вирус тууралуу маалыматты кеңири таратуу.

Мисалы, Варрау калкы вирусту аба аркылуу жуктурса болот деп ойлошот. Андан тышкары бул аймакка жетишитүү дары жеткирүү дагы каралган.

"Бул чаралар эки жыл мурун ишке ашса, ВИЧ илдетине кабылгандардын саны кыйла аз болмок. Биз колубуздан келгенди жасап жатабыз. Бирок ВИЧ илдетине каршы жетиштүү дары келбесе, эпидемия токтобойт. Дарылар качан келээри белгисиз", -дейт Лопез.

Чынында жетиштүү дары келсе, вирусту жуктуруп алуу коркунучу кыйла төмөндөйт - ал бир гана пайызды түзөт.

A Warao man has an HIV test

Сүрөттүн булагы, Photo courtesy of Jacobus de Waard

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ВИЧ вирусуна каршы дары тартыш болууда

Дүйнөнүн түбүнө жетүү дагы оор

Варрау калкы алыскы аймакта жашагандыктан, коомчулукка жетүү дагы оңой эмес.

Варрау этникалык тобуна жетүү үчүн тез жүргөн кайык менен сегиз саатта жетесиз. Венесуэланын баш калаасы Каракастан аймак 700 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Венесуэладагы экономикалык кризис дагы бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Мунай табуу абдан оор, кайыктар бузулуп, аларга керектүү шайман дефицит. Андан тышкары кылмыштуулуктун деңгээли дагы жогорулап жатат.

Waraos

Сүрөттүн булагы, Photo courtesy of Jacobus de Waard

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дары-дармек жетиштүү болсо, вирусту жуктуруп алуу коркунучу кыйла төмөндөйт. Сүрөттүн булагы: Jacobus de Waard

Убакыт менен жарыш

"Биз илдет тез жайылып жатканын билебиз, бирок эпидемиянын масштабы тууралуу маалыматыбыз жок. Канча адам каза тапканы тууралуу так статистика жок. Мурун барганда биз ВИЧ илдетин жуктурду деп аныктаган Варрау калкынын жарымы көз жумганын көрдүк", -деди Де Ваард.

"Бул уруунун келечегин элестетсең, үрөй учат. Алардын саны кескин азаят жана уруу толугу менен кырылып калышы ыктымал".

BBC