Чымын биз ойлогондон да көп илдеттин булагы

Сүрөттүн булагы, Ana Junqueira and Stephan Schuster
- Author, Хелен Бриггс,
- Role, Би-Би-Си
Америкалык энтомологдордун изилдөөсү чымын мурда ойлогондон да көп илдетти таратаарын аныктады.
ДНК анализи көрсөткөндөй, чымын 600 башка бактерияны алып жүрөт экен.
Бул бактериялар адам баласына коркунуч жаратышы ыктымал. Мисалы, киши пневмония, ичеги инфекцияларына же кан илдетин жуктуруп алышы ыктымал.
Изилдөөгө ылайык, бактериялар чымындын канатында жана буттарында жашайт. Демек, чымындын ар бир кадамы аркылуу бактерия тарай берет.
"Мурда чымын айрым бактерияларды алып жүрөөрүн билгенбиз. Бирок бактериянын көп түрүн таратып жатканы ачылыш болду", -деди изилдөөнүн автору, профессор Дональд Брайант.
Эпидемия
Окумуштуулар үйдө (Musca domestica) жана этте (Chrysomya megacephala)табылган чымындардын денесиндеги ДНКны изилдөөгө алган.
Дүйнө жүзүнө кеңири тараган Musca domestica чымындын денесинде 351 башка бактериянын түрү табылган. Ал эми жылуу мамлекеттерде табылган Chrysomya megacephalaчымындын анализи 316 башка бактериянын түрүн аныктаган.
Scientific Reports журналына чыккан изилдөөнүн авторлору, саламаттыкты сактоо кызматтары чымындын илдеттерди таратуу ролуна көбүрөөк маани бериши керектигин айтышат.
"Биз оору процессинин өөрчүшүнүн механизмин аныктадык. Саламаттыкты сактоо кызматтары ага көп көңүл бурбайт. Бирок чымындар эпидемия учурунда бактерияны тез тараткан жандыктардын бири", -деди профессор Брайант.

Сүрөттүн булагы, Ana Junqueira and Stephan Schuster
Бирок окумуштуулар чымындардын пайдалуу ролу дагы бар экенин белгилешүүдө. Жандыктын жардамы менен инфекция же бактериялар тууралуу алдын ала маалымат алса болот.
"Чымындарды киши жете албай жаткан аймакка учуруп, андан соң биоматериал топтосо болот", -дейт Сингапурдагы Наньян технологиялык университетинин өкүлү Стефан Шустер.
Дүйнө жүзүнө кеңири тараган Musca domestica чымыны негизинен үйдө табылат жана адамга жукчу илдеттерди алып жүрөт. Ал эми Chrysomya megacephalaчымыны таштандылар топтолгон жерде же мал союлуп жатканда чогулат.








