2018-жылдагы тооруган глобалдык коркунуч: уйку качкандын он себеби
Аптанын дүйшөмбү күнү Давосто башталган Бүткүл дүйнөлүк экономика форумун утурлай эксперттердин салтка айланган доклады жарыяланды. Бул доклад 2018-жылдагы адамзатты тооруган глобалдык коркунучтарга арналган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы жылда биздин жашообузга коркунуч туудура турган катаклизмдердин тизмеси көп түрдүү жана көп кырдуу. Башкарууга сыйбаган инфляциядан тартып, аба ырайынын экстремалдуу шарттары, жугуштуу оорулардан кибер чабуулдарга чейин, терроризмден өкмөттөрдүн кулатылышына чейин.
Акырындык менен адамзаттын айласын кетире бере турган глобалдык көйгөйлөр саны көбөйдү. Алардын ичинен эң эле көзгө урунганы климаттын өзгөрүшү, улам өсүп бара жаткан адамзаттын кибер көз карандылыгы, коомдогу социалдык ажырым.
Анчейин байкалбаган тенденция - урбанизациянын өсүшү, дүйнө калкынын улгайып баратканы, айлана-чөйрөнүн деградациясы, ашынган улутчул маанайдын өсүшү, мамлекеттик башкаруу системасындагы жана мамлекеттер аралык башкаруудагы тең салмактуулуктун бузулушу. Буларды дагы көз жаздымда калтырууга болбойт.
Жогоруда аталгандардын эң эле кооптууларынын бири - тереңдеп бараткан социалдык олку-солку абал.
Келечектеги коркунучтар
1.Ачарчылык
Айлана-чөйрөнүн бузулушу менен азык-түлүк менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралат.
Түшүмдүн болбой калышы же ар кандай илдеттерге кабылышы, саясый туруксуздук, айыл чарба аймактарындагы жаратылыш кырсыктары дүйнөлүк деңгээлдеги азык-түлүк тоаварларына болгон баалардын кымбатташына алып келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир өлкөдө башталган ачарчылык экинчи өлкөгө тездик менен жайылат. Дүйнө калкынын географиялык мобилдүүлүгү барган сайын өсүү үстүндө. Докладдын авторлору бул жагдайды дагы потенциалдуу коркунучтардын катарына кошот.
Айрым чөлкөмдөрдө суу үчүн болгон атаандаштык жана келишпестик чек ара чатактарына алып келүүдө. Мындай чатакташуу арты толук масштабдуу согушка да алып келиши мүмкүн. Эми буга ачкачылыктан мекенин таштап чыккан качкындардын тобун кошуп койгула, аймактык деңгээлдеги кризистин масштабынын рецепти даяр.
2.Жасалма интеллект
"Матрица" стилинде адамзатты жасалма мээ менен кулга айландырууга карата кооптуу божомолдордон айрымаланып, докладдын авторлору "Жасалма интеллектти " машина коддорунун бөлүкчөсү катары атап, кишилерди батарейкага айлантууга жөндөмсүз, бирок акырындык менен интернетти бууй алат деп тынчсызданышат.
Мүмкүн болгон боттор жана интернет желесиндеги "акылдуу" алгоритмдердин барган сайын деңгээли татаалдашып жана саны өсүп олтурат. Адамзат өз мүмкүнчүлүгү менен мындай программаларды ойлоп тапканы менен аны башкарууда кыйынчылыктарга кабылат.
Мындай "чырмооктордон" буулган интернет - бизнес үчүн ордунда токтоп калуу жана айрым өлкөлөр же бирикмелер Дүйнөлүк желедеги үлүшүн өз алдынча башкаруу үчүн аны "тосмолоп" алууга жакшы мүмкүнчүлүк болот.
Кошумчалай кетсек, бул машина коддорунун бөлүктөрү алдамчылык же аскердик максат үчүн колдонулушу мумкүн. Эки учурдун тең кесепети оор болот.
3.Сооданын токтошу
Азыркы учурда 2008-2010-жылдардагы каржы кризисининин кесепеттери дээрлик жоюлуп, дүйнө кайрадан өсүү фазасына кирди деп айтсак болот.
Бирок кризстин тескери кесепттеринин бири - батыштын экономикалык системасын түзгөн айрым негизги приницптерге болгон ишенимдин жоголушун шарттады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Глобализация мурдагыдай пайдалуу деп эесптелбей калды. Өнүккөн өлкөлөрдөгү глобализацияга берилүү саясаты солгундады. Эми мунун ордун ачык протекционисттик маанай ээлеп жатат.
Мындай шартта өндүрүш жана товар жекирүүдө үзгүлтүктөр болуп, глобалдык чынжырдагы үзүлгөн жерлер соода чатакташуусу, соода согуштарына өсүп жетет. Ал эми эл аралык арбитраждык механизмдер азыртан эле соода чатактарын чечүүдө жетиштуү салмакка ээ эмес.
Дүйнөлүк ички дүң өндүрүмдүн төмөндөшү жана мындай шартта экономикалык активдүүлүк бирдей болбой калат. Албетте, мындай теңсиздиктин тереңдеши социалдык чыңалууну жаратат.
4.Демократиянын чачырашы
Демократиялык системанын экономикалык, маданий жана технолгиялык өзгөрүүлөрдүн кысымына туруштук бере албай турган белгилери ачык көрүнүп калды. Бирок мындан да жаман сценарий болуп кетиши мүмкүн.
Маселен, эгерде өлкөдө кандайдыр бир маселе боюнча коомчулуктун пикири тең экиге бөлүнүп калган болсо, карма-каршы көз караш саясый программага айланат дагы, саясый диалогдун ордун аймактык ажырым , ал тургай согуштук куралдуу чатакташуу алмаштырышы мүмкүн.
Калкы жакшы куралданган өлкө болсо бул жарандык согушка алып келет. Башка учурда мамлекет тартипке салыш үчүн күч колдонууга аргасыз болот. Бул деген жарандык эркиндиктин чектелиш катары кабылданып, демократиялык институттарга болгон ишенимге чоң сокку болот.
5.Балыктардын жоголушу
Адамзат керектеген балыктардын үчтөн бири мыйзамсыз кармалат. Балык кармоо өндүрүшүндөгү колдонулуп жаткан компьютердик технологиялар, дрондордон браконьерлер деле артта калбай жатат. Көзөмөл чабал болгон эл аралык суулардагы кесепеттер үрөй учурарлык мүнөздө болушу мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Балык уулоо менен жан баккандарды каржылык муктаждык жана айласыз миграция коркунучу тооруп турат. Мыйзамсыз балык уулоого болгон талаптын өсүшү базардагы түзүлгөн тең салмактуулукка кесепетин тийгизет.
Жогорку технологияны колдонуп, балыктарды эсепсиз кармай берүүнүн арты алардын көбөйүшүн токтот. Андан кийинки кесепеттерди айтпаса да белгилүү.
6.Экономикалык абал
Бир жагынан авторлор өткөн жылдардагы докладдардын айрымаланып, бул жолу докладында экономикалык коркунучтар азайганын белгилешти.
Дүйнөлүк валюта корунун божомолунда, дүйнөлүк ИДӨ өсүшү өткөн жылы 3,6% болду. Бул көрсөткүч 2016-жылы 3,2% түзгөн.
Рецессия бүттү, аны менен бирге дүйнөлүк экономиканы тооруган коркунучтар дагы чегинди. Бир топ мисалдардын ичинен биткоиндердин баасынын өткөн жылы 1200% өскөнүн белгилей кетсек болот.
Соңку каржы кризисине себеп болгон жагдайлардын бири - тышкы карыздар деп эсептейт айрым эксперттер. Деген менен ички дүң өндүрүмгө карата дүйнөлүк карыздардын көрсөткүчү 2008-жылы азыркыга салыштырмалуу бир топ жакшы болгон.
"Жыйырмалыкка" кирген өлкөлөрдүн каржы секторунан сырткары карыздары 80 триллион долларды түзгөн. 2016-жылы - 135 триллион доллар болду.
Каржы системасындагы 2007-2008 -жылдагы кризистен кутулуу үчүн мамлекеттик акчалар салынган. Эгерде жаңы кризис жаралса, анда ага да ушундай жол менен аракеттенүү коомчулукту жооткотпостон тескерсинче ачуулантышы мүмкүн.
Карыжылык катаклизм киберчабуулдарга чагым кылышы мүмкүн. Муну менен коомчулук дагы ушундай болобу деген коркунучка кептелип, өзүнүн топтогон каражаттарынан кол жууп калуу ыктымалдыгы да бар.
7.Таблеткалардагы теңсиздик
Жашонун сапатын жакшырта турган препараттарды иштеп чыгуу баштапкы баскычында турат же болбосо баасы өтө кымбат.
Кимде акча болсо, ал дени сак жашоо үчүн, ден соолугу үчүн жакшы кам көрө алат. "Сыйкырдуу дарылардын" баасы канчалык кымбат болсо, анын кесепети дагы көзгө урунарлык деңгээлде болот. Бул калктын социалдык теңсиздигин жаратат. Ансыз да дүйнөдөгү көйгөйлөрдүн бир булагы болгон бул көрүнүштү андан бетер тереңдетет.
Эгерде дары-дармектердин тескери таасири күчтүү болгон болсо, анда саламаттыкты сактоо тармагы терең кризиске кабылуу коооптуулугу жогору.
8.Эрежесиз согуш
Кибернетикалык каражаттар менен кол салуу биз ага жооп бере турган мүмкүнчүлүктөрдөн дагы тез өсүп жатат.
Кол салуунун тездиги, кол салган тараптарды тез арада таап чыгууга мүмкүнчүлүктүн болбой жатканы өтө жаман кесепеттерге алып келет.
Маселен, мамлекеттин инфраструктурасына киберчабуул жасалса, ага жооп бериш керек. Бирок ал жооптук аракет дарексиз болуп калышы мүмкүн. Мындай абалда жаңжал тутанып кетүү ыктымалдыгы жогорулайт.
9.Геосаясат
Геосаясый чөйрдөгү улуттук иденттүүлүктүн саясый аныкталбаганы жана өз алдынча аныктоого умтулуу тескери абалды жаратууда.
Биз азыр өлкөсүнөн этникалык азчылыктарды кубалаган жана өзүнүн эгемендигин чектеген, эл аралык келишимдерди аткарбаган мамлекеттерди көрүп жатабыз. Улуттук азчылыктар барган сайын өз алдынча болууга аракет кылып, көз карандысыз өлкө болууну сурап жатышат.
Чек ара чатактары кээ бир өлкөлөрдө масштабдуу чыр-чатактардын негизги булагы болуп турат. Айрым чөлкөмдөр үчүн мындай абал "домино" сыяктуу, бирөө жыгылса баарын кулаткан, опурталдуу мүнөзгө ээ.
10.Коргондун артындагы интернет

Сүрөттүн булагы, iStock
Киберчабууулдардын өсүп жатканы өкмөттөр үчүн дүйнөлүк желени бөлүп алууга түрткү берген жагдай болуп калышы мүмкүн.
Бирок интернетти бөлүүнүн башка да жолдору бар: айталы, мамлекеттик, экономикалык протекционизм, цензура, жөнгө салуучу нормалардын айырмачылыгы, саясый бийликтин алсырашы жана ири онлайн-корпорациялардын кубатынын жогорулашы.
Ошону менен бирге технологиялык прогрессти кармап калуу мүмкүн эмес. Анын ылдамдыгы жайлаганы менен траекториясы өзгөрөт.
Жаман жагынан алганда, эл аралык мониторинг системасынын жок болушу, адам укугу жаатындагы абалга таасирин тийгизет. Өзгөчө адам укугу ансыз деле сакталбаган өлкөлөрдөгү абал оорлойт. (AbA)












