Кытайдагы жаңы вирус башка өлкөлөрдөн да табылды

Вирустар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Буга чейин адамга жуккан алты коронавирус болсо, азыр эми алар жетөө болуп калды
    • Author, Жеймс Галлахер,
    • Role, Би-Би-Си

Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги Ухандан чыккан респиратордук вирус башка шаарларга өткөнүн билдирүүдө. Ухандын өзүндө короновируска чалдыккандар эки жүзгө чыкты. Үч адам көз жумду.

Окумуштуулардын болжолунда, Кытайда пайда болгон сырдуу вирусту жуктуруп алгандар саны расмий сандардан бир топ көп болушу мүмкүн.

Ишембидеги маалыматка караганда, кытай бийлиги вирустун алтымыш учурун аныктаган. Бирок британдык эксперттердин эсебинде бул көрсөткүч 1700гө жетти. Лондондогу Империялык колледждин алдындагы Глобалдык инфекциялык оорулардын анализи борборунда изилдөө жүргөн.

"Бул кырдаал бир апта мурунку абалга караганда, мени көбүрөөк кабатыр кылат",-деди эпидемиолог, профессор Нил Фергюсон.

Белгилүү болгондой декабрда вирустан эки киши көз жумду. Биринчилерден болуп вирус Ухань шаарында аныкталган.

Сингапур жана Гонконг Кытайдын Ухань шаарынан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүүдөн өткөрө баштады. Ушундай эле чаралар жума күнү АКШнын үч ири аэропортуна киргизилди: Сан-Франциско, Лос-Анжелес жана Нью-Йорк.

Жаңы маалыматтарды кантип алышты?

Башка өлкөлөрдө ооруну жуктуруп алгандар аныкталгандан кийин көйгөйдүн масштабы белгилүү боло баштады.

Вирус Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарынан табылганы менен Таиландда эки учур жана Жапонияда вирус жуккан бир учур аныкталды.

"Мунун өзү мага кооптонууга негиз берди,-дейт Фергюсон. - Ухандан башка өлкөлөргө "экспорттолгон" үч учур - аны жуктуруп алгандар кабарларда айтылган сандардан алда канча көп болушу мүмкүн экенин көрсөтөт".

Так сандарды алуу мүмкүн эмес. Бирок окумуштуулар вирустун таралуу масштабын болжолдуу түзө алат. Бул үчүн жергиликтүү калктын саны жана аба каттамдарындагы жүргүнчүлөр саны эсепке алуу зарыл.

Уханда болжолу 18 миллион киши жашайт. Шаардын эл аралык аэропорту аркылуу күн сайын чет жактарга саякаттоо үчүн 3,4 миң жүргүнчү чыгып кетет.

Жаңы вирус кайдан пайда болду?

Ухань

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирустун очогу алгач Ухань шаарында аныкталды

Илдет жуктаргандардын анализдерди алып, лабораторияда изилдөө жүргүзүштү. Кытайдын бийлиги жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекцияны коронавирус козгойт деген тыянакка келген.

Генетикалык анализ көрсөткөндөй, жаңы вирус башка коронавирустарга караганда оор жана курч респиратордук синдромду (ТОРС) козгогон вируска же өзгөчөлүү пневмонияга жакын.

Жаңы вирустар байма-бай пайда боло берет. Буга чейин мурда байкалбаган вирустар негизинен жаныбарлардан жуккан.

"Мурдагы вирустардын тез жайылышын эске алсак, жаңы коронавирус пайда болгондо, ал жаныбардан жукканы аныкталган",- деди Ноттингем университетинин профессору Жонатан Болл.

Маселен, "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" адамга төөлөрдөн жуккан. 2012-жылдан бери бул синдром 2494 кишиден табылган, алардын 858 каза тапкан.

Кытай бийлиги азырынча вирустун кишиден кишиге жуккан учуру каттала элек деп ишендирүүдө. Бирок окумуштуулар ушундан күмөнсүп жатышат. Ошондуктан анын кандай жол менен тарап жатканын аныктоо керек. ДСУнун Кытайдагы бөлүмү Британиядагы анализди пайдалуу жана эпидемиянын тарашын алдын алууга жардам берет деп айтты.

"Азырынча вирустун тароо жолун так аныктоодо бизге маалымат жетишсиз болуп жатат",-деп айтылат билдирүүдө.

Медициналык изилдөөлөр менен алектенген Wellcome кайрымдуулук уюмунун жетекчиси доктор Жереми Фаррар бул эпидемия дагы күчөшү мүмкүн деген пикирин билдирди. (AbA)