Коронавирус мифтери: Жарганаттар, банан...

бет капчан жаштар

Сүрөттүн булагы, AFP

2019-nCoV коронавирусу Кытайга жана дүйнөгө тарап, вируска байланышкан айың кептер дагы интернет желесин каптады.

Кытайдын өзүндө жана ар кайсыл өлкөлөрдө айтылып жаткан коронавирус тууралуу эң популярдуу болгон имиш кептерге токтололу.

1. Коронавирус банан аркылуу тарайт

Казакстан, Орусия, Беларусия жана Украинадагы коомдук сайттарда жана кат алышуу кызматтарында "коронавирусту банан же башка мөмө-жемиштер аркылуу жуктуруп алса болот" деген маалыматтар тарады.

бананы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Кечээ түндөсү Синьхуа ооруканасында n7n9 вирусун жуктуруп алган 23 киши киши көз жумду. Эң улуусу 35 жашта, эң кичүүсү бир жашта болгон. Аларды караган дарыгерлер дагы карантинге алынды. Негизги телеканалдын жаңылыктарынан бананды, өзгөчө түштүктөн алып келингенин жебегиле деген маалымат чыкты".

"Бул маалымдаманы аларыңыз менен тез арада башкаларга дагы жеткириңиз. Андан жакшысы көп киши катталган чаттарга салыңыз. Өтүнүч, бул өзүңөрдүн эле ден-соолугуңар үчүн, тараткыла".

Тексттин айрым варианттарында маалымат "Синьхуадагы ооруканадан" келди деп айтылат. Бир дагы эксперт, бир дагы кытайлык чиновник вирусту мөмө-жемиш менен байланыштырган эмес. Андан сырткары бул кабарда вирустун штаммы дагы туура эмес көрсөтүлгөн.

2019-nCoV штаммы аба аркылуу адамдан адамга жугат дейт адистер. Адамдын же жаныбардын организминен сырткары вирус узакка жашай албайт.

2. AliExpress аркылуу келген посылка

Вирус Кытайдан посылка аркылуу келген кулакчын жана робот чаң соргучтан дагы жугат деген ушак тарады.

сортировочный цех алиэкспресса

Сүрөттүн булагы, Andrey Lyubimov\tass

Ухандан алгач вирус чыкканы белгилүү болгондо, AliExpress компаниясы посылкалар санитардык кароодон өтүп жатат деп айтууга аргасыз болду.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

AliExpress менен коронавирусту байланыштырган ушактар интернеттеги популярдуу мемдер менен тамашалардын жаралашына негиз болду. Дарыгерлер мындай посылка аркылуу вирус жугушу мүмкүн эмес дегенине карабай, айрымдар ушакка ишенүүдө.

3. Алкоголь

"Атам Саламаттыкты сактоо министрлигинде иштейт. Бүгүн аны чукул жыйынга чакырып кетишкен. Кайтып келгенден кийин апама сыр кылып, өкмөт кытайлык коронавируска каршы күрөшүү үчүн эркектерге күнүгө кечинде 250 грамм арак, виски же коньяк ичкенге буйрук чыгарды деп айтты. Аялдар менен балдарга караганда, эркектердин вирусту жуктуруп алуу коркунучу чоң экен",-деп бирөө жазган шакаба текст орусиялык интернет желесине кеңири тарап кетти. Чынында эле Уханда дагы коронавирусту алкоголдун жардамы менен жеңсе болот деген имиштер аралады.

стакан с алкогольным напитком

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тескерисинче алкоголь иммундук системаны кыйноого салып, организмди алсыратат дагы вирус менен күрөшүү кыйын болот дейт адистер. Эң жакшы жолу - алкоголду колду жана азык-түлүктү дезинфекция кылуу үчүн колдонгон туура болот.

Азыркы учурда жуктуруп алуунун алдын алган негизги каражат - гигиенаны сактоо.

4. Туздуу суу

Коронавирустан туздуу суу менен тамакты чайкоо аркылуу айыкса болот деген имштер Кытайдын интернет желесинде пайда болду. Бул теориянын автору катары белгилүү кытайлык пульмонолог Чжунь Наньшанды аташкан.

Бутылки с раствором соли

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Вирусту туздуу суу менен жок кылса болот деген маалыматты бир дагы расмий булак ырастаган эмес. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү "Франс пресске" берген маегинде, бул маалыматты фейк деп атады.

5. Баары жарганаттан башталган

Батыш өлкөлөрдөгү коомдук сайттарда бир нече күн мурун жаңы коронавирусту жарганаттын шорпосун ичкен кытайлык кыз таратканы тууралуу маалымат чыккан. Адаттагыдай эле бул версияны видеоролик коштойт. Бир кыз шорподон тарелкага жарганатка окшогон нерсени алып чыгып, жеп баштайт. Көрсө, видео бир нече жыл мурун эле тараган экен.

жарганат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Вирус жаныбарлардан тарады деген божомол бар. Кытай бийлиги корона вирус деңиз азыктары сатылган базардан чыкканын айткан. Ушул эле базарда жапайы жаныбарлардын эти жана андан жасалган тамак-аштар дагы сатылат.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Мындай базарлар Кытайдын бардык эле аймактарында бар жана аны эпидемиологдор мурдатан эле кооптуу жер катары көрсөтүп келишкен экен. (AbA)