Ухандагы жашоо: "Коңшулар тирүү калабыз деп, мас жүрүшөт"

Кытай жаңы коронавирус эң көп жайылган шаарларын блокадага алды. Ухань - коронавирус табылган өлкөнүн эң ири шаары. Өткөн аптада 11 миллиондуу калкы бар шаарга карантин киргизилген эле. Би-Би-Си шаардагы орус тилдүү тургундар менен маектешип, шаардын азыркы абалы тууралуу сурады.

Ухань

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Айсултан, Казакстан (ысымы өзгөртүлдү), Ухандагы университетте студент:

"Учурда шаарда коомдук транспорт токтотулган. Бүт таксилер жүрөт, бирок алар деле көп эмес. Саат 12ге чейин [23-январда] биз менен байланышта болуп жаткан тааныштар такси менен коңшулаш шаарга кетишти. Андан Бээжинге өтүп, үйүнө учуп кетишет. 12ге чейин үлгүрбөсө, андан кийин чыга албай калышат".

Айсултандын айтымында, айрым жогорку окуу жайлар каникулду бир айга чейин узартышты. Ооруну жуктургандар расмий айтылган сандан алда канча көп деген шаарда кеп-сөздөр жүрүүдө.

"Студенттер жатаканаларда топтошуп, эрте менен азык-түлүк сатып алышты. Бизге баары көзөмөлдө деп айтышкан, ошондуктан көп деле кабатыр болгон жокпуз. Чет элдик студенттер бөлүмүнүн куратору бар. Ал киши биз үчүн жоопкер. Көпчүлүк университеттер буга чейин [карантинге чейин] эле студенттерди үйлөрүнө жөнөтүп жиберишкен эле. Бизге видео сабактарды телефонго жөнөтүп, кандай бет кап керектиги, оорунун симптомдору тууралуу маалымат беришүүдө. Бирдеме болсо кимге кайрылышты баары жакшы билет. Айрым университеттер азык-түлүктөрдү дароо сатып алып, студенттерди көчөгө чыгарбай эле алып келип жатышат",-деди Айсултан.

Кытайдагы казакстандык студенттердин эсебинде Уханда болжолу 87 киши бар. Казакстандык студенттердин бири Аружан Бегманова "Инстаграм" баракчасына өлкө бийлигине кайрылуу жазып, студенттерди үйүнө алып чыгып кетүүнү өтүндү. Ал Уханда "дүкөндөрдүн баары жабылып, азык-түлүк талашка түшкөнүн" жазат. Анын кайрылуусу тууралуу казак телеканалдарында маалыматтар берилди. Студент кыздын билдирүүсүнүн алдына жазылган комментарийлерде көптөр "эгерде келгендер арасында вирусту жуктуруп алгандар болсочу" деген чочулоосун жазышкан. "Карантин жөн жерден ойлоп табышкан жок да" дегендер болду.

"Биз эч кандай вирус жуктуруп алган жокпуз. Ишенишпесе, текшерип көрүшсүн",-деп жооп жазган Аружан.

Антонина Старцева Кытайда он жылдан бери жашайт. Бээжинде окуп жүрүп болочок жолдошу менен таанышып калган. Азыр алар уулу менен чогуу Уханда жашайт.

Девушка в Ухане

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Кишилер аябай чыңалган абалда. Кечээ эле он жети киши көз жумду деп айтып жатышкан. Бүгүн (25-январдагы маалыматтар) 25 болуп калыптыр",-деп айтып берди Антонина.

Антонина азыр үй-бүлөсү менен үйдөн чыкпай олтурат. Эки күн мурун азык-түлүк сатып алышкан экен.

"Кишилердин температурасын текшерип, колуна дезинфектор берип, эгер температура нормалдуу болсо өткөрүп жатышты".

23-январдан баштап тургундарды кечки бештен тогузга чейин үйдөн чыкпоого чакырышты. Айлана-чөйрөнү залалсыздандыруу үчүн химикат чачып жатышат.

"Эгерде көчөлөрдү залалсыздандыруу натыйжа бербесе, дарыгерлер үймө-үй кыдырып, медкаражаттарды таратышат деп айтышты".

Антонина карантин аларды аябай чочулатып жатканын айтты.

Рынок в Ухане

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Коркунучтуу, анткени эч жакка чыгып кете албайсың. Биз бир айга Бээжинге барсакпы деп турганбыз. Бирок азыр интернетте аба каттамдары тууралуу такыр маалымат жок. Белгисиздиктин өзү коркунучтуу: кесиптештерим Филиппин, Таиланддан эмгек өргүүсүнөн кайтып келиши керек эле. Бирок аларга Ухандагы аэропорт жыйырма тогузунан анан ачылат деп айтышыптыр".

Антонинанын айтымында, жергиликтүүлөр жазды күтүп жатышат. "Күн катуу ысыгында вирусту өлтүрөт экен деп айтып жатышат. Улуу муундагылар болсо, алкоголь вирусту өлтүрөт деп ишенүүдө. Коңшулар тирүү калабыз деп, мас жүрүшөт",-деп айтып берди Антонина. (AbA)