Си Цзиньпин: Коркунучтуу вирус тездик менен жайылууда

Бээжиндеги текшерүү

Сүрөттүн булагы, AFP

КЭР төрагасы Си Цзиньпин компартиянын саясий бюросун жыйынга чогултуп, коркунучтуу коронавирус тездик менен жайылып жатканын билдирди. Кытайдын мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, Си Цзиньпин өлкө оор кырдаалга туштукту деп айтты.

Жаңы вирустан каза тапкандар саны 53 болду, аны жуктуруп алгандар 1975 кишиге жеткен.

Бээжин жана Шанхайдын жергиликтүү бийлиги вирусту жуктуруп келген тургундарга кайрылып, өз ыктыяры менен 14 күнгө чейин коомдук жайларга барбай турууга чакырды.

Вирустан каза тапкандар жана жуктуруп алгандардын көбү Кытайда. Бирок вируска кабылган учурлар Таиландда, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Түштүк Корея, Тайвань, Непал, Франция жана АКЩда белгилүү болду.

Эң көп вируска кабылгандар - Хубэй провинциясынын административдик борбору Уханда.

Карта

Жекшембиде Канада 22-январда Ухандан келген кишиде 2019-nCoV коронавирусу табылганын билдирди. Аны дароо эле ооруканага жаткырышкан. Абалы туруктуу экени айтылды.

Ишембиде Австралия коронавирустун биринчи учуру катталганын кабарлады. Мельбурндагы ооруканага жаткырылган бейтап 19-январда Ухандан кайтып келгени белгилүү болгон.

Малайзияда коронавирус инфекциясы менен күмөндөлүп үч кытай жараны ооруканага түштү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык өзгөчө кырдаал абалын жарыялаган жок. Анткени Кытайдан сырткары аймактарда катталгандар өтө аз санда. Бирок кырдаал курчуп кетиши да мүмкүн, дейт ДСУ эксперти.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы

Вирус каяктан пайда болду?

Жаңы вирустун булагы Ухандагы деңиз азыктары, канаттуулар, жылан, коён жана башка жаныбарлар сатылган базар болду деп эсептейт кытай бийлиги. Канаттууларды жана үй жаныбарларын сатууга тыюу салынды.

"Базарда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз саткан жерден оору тараганы бизге белгилүү болду. Вирустун алып жүрүүчүсү жаныбарлар болуп, андан адамга жугушу мүмкүн деп болжоп жатабыз",-деди Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Гао Фу.

Чиновниктин айтымында, 2019-nCoV аталган вирус негизгиси аба аркылуу жугат.

"Азырынча вирустун тароо жолдорун так аныкташыбыз керек. Вирус мутация болуп, андан ары кеңири тарап, эпидемияга айлануу коркунучу бар",-деди Ли Бинь.

Жаңы вирус тууралуу эмне билебиз

  • Вирус 2019-nCoV - коронавирустун түрү, буга чейин адамдан адамга жуккан учуру болгон эмес эле
  • Коронавирустар - 38 түрү камтылган вирустардын үй-бүлөсү. Алардын алтоо (жаңы вирус менен жетөө) кишини оорутат деп эсептелген
  • Изилдөөчүлөр вирус адамга жаныбардан жугушу мүмкүн деп эсептейт. Бирок адамдан адамга жугуп, тарап кетүүгө жөндөмдүү
  • Жуктуруп алгандагы симптомдор: температуранын көтөрүлүшү, жөтөл, дем алуунун кыйындашы
  • Жан-жаныбарлардан алыс болуп, кайнатылбаган, куурулбаган этти жана жумуртканы пайдаланбоо, тумоолоп калган кишилерден алыс болуу талапка ылайык.

Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму

(AbA)