Коркунучтуу вирусту таратпоонун айласы: эки шаар блокадага алынды
Кытай бийлиги 18 кишинин өмүрүн алган коркунучтуу вирусту таратпоонун айласын издеп жатат. Дем алуу органдарын сезгенткен коронавирусту алты жүз киши жуктуруп алды. Вирус АКШ, Таиланд, Түштүк Корея, Вьетнам жана Сауд Арабияга жетти.

Сүрөттүн булагы, EPA
Жаңы вирустун очогу болгон Хубэй провинциясындагы эки шаарга чектөөлөр кирди. Шаар тургундары башка аймактарга чыга албайт, шаарга эч ким киргизилбейт.
Шаршембиде Ухань шаары карантин абалына өткөн. Коомдук транспорт убактылуу токтотулду. Бейшембиде ушундай эле чаралар Хубэй провинциясындагы экинчи шаар Хуанганга кирди. Бул шаарда 7 млн. киши жашайт.
Бирок эксперттер карантиндин натыйжасынан күмөнсүп турушат.

Ухандан башка аймактагы биринчи өлүм
Акыркы учурга чейин вирустан кайтыш болгон 17 кишинин баары илдет табылган Ухань шаарынан эле. Бейшембиде Кытайдын бийлиги вирус жуктургандар арасында биринчи жолу Ухандан сырткары аймактан бирөө көз жумганын айтты. 80 жаштагы бейтап түндүктөгү Хэбэй провинциясындагы ооруканада кайтыш болду. Ал Ухандагы жакын тууганына конокко келип, кайтып барары менен ооруканага түшкөн экен.
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
Кытай бийлиги 25-январдагы Жаңы жылга байланыштуу Бээжинде өтө турган бардык масштабдуу иш-чаралардан баш тартты. Жаңы жыл майрамында миллиондогон кытайлыктар өлкөнүн ар кайсыл аймагына саякатташат. Миңдегендер чет өлкөгө чыгып келишет.
25-январда Бээжиндин борбордук бөлүгүндөгү "Император сарайына" жана Тяньаньмэнь аянтына барууга чектөө кирди.
Ухань менен Хуанган блокадада

Сүрөттүн булагы, AFP
Жума күнү Хуанганда коомдук транспорт толугу менен токтойт. Шаардагы кафе, ресторан жана кинотеатрлар жабылды. Тургундарга шаарды таштап чыгып кетпөө эскертилди.
Мунун алдында эле Ухань шаарына ушундай абал киргизилген эле. Шаардыктар азык-түлүк жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуулар жана баалардын кымбаттап кеткенине даттанышты. Дүрбөлөң түшкөн шаардыктар дүкөндөрдөгү азык-түлүктүн баарын сатып алууда. Шаарда медициналык бет кап менен жүрүү эрежеси да кирди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн булагы, Reuters
Карантин натыйжа береби?
Бирок эксперттер карантиндин натыйжасынан күмөнсүп турушат. Чоңдугу боюнча дүйнөдө 42-орунда турган шаарда мындай чаралар аркылуу вирусту ооздуктоо кыйын.
"Эгерде реалист болсок, анда мунун жалгыз гана жолу - армияны алып барып, шаарды курчоого алуу керек",-дейт Сидней университетинин саламаттыкты сактоо боюнча эксперти Адам Камрадт-Скотт.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Бирок ушундай кадамга барган күндө дагы шаардын чеги кайсыл жерден өтөт? Азыркы шаарлардын көбүндө майда калктуу конуштар көп эмеспи",-деп кошумчалады эксперт.
"Менин билишимче, 11 миллиондуу калкы бар шаарда вирусту жайылтпай кармап туруу - илимде белгисиз нерсе. Бул иштеп кетет деп айта албайбыз",-деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Гауден Галеа.
Жаңы вирус тууралуу эмне билебиз
- Вирус 2019-nCoV - коронавирустун түрү, буга чейин адамдан адамга жуккан учуру болгон эмес эле
- Коронавирустар - 38 түрү камтылган вирустардын үй-бүлөсү. Алардын алтоо (жаңы вирус менен жетөө) кишини оорутат деп эсептелген
- Изилдөөчүлөр вирус адамга жаныбардан жугушу мүмкүн деп эсептейт. Бирок адамдан адамга жугуп, тарап кетүүгө жөндөмдүү
- Жуктуруп алгандагы симптомдор: температуранын көтөрүлүшү, жөтөл, дем алуунун кыйындашы
- Жан-жаныбарлардан алыс болуп, кайнатылбаган, куурулбаган этти жана жумуртканы пайдаланбоо, тумоолоп калган кишилерден алыс болуу талапка ылайык.
Булак: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
(AbA)








