Асман бошоп, аба майдандары ээнсиреди

Дүйнөлүк авиация тармагы тарыхында эң оор кырдаалга туш болду. Кризисти Flightradar24 аркылуу байкоого болот.

Дүйнөлүк авиациялык трафик картасы, 2020-жылдын 18-марты

Сүрөттүн булагы, Flightradar24

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөлүк авиациялык трафик картасы, 2020-жылдын 18-марты

Би-Би-Си авиациялык трафик дүйнө жүзүндө кандай өзгөргөнүн көрсөтүп берет.

Эң алдыңкы үч авиациялык альянс - Oneworld, SkyTeam жана Star Alliance учурдагы каатчылыкты баардык эле жеңип чыга албайт деп билдирүү жасады. Банкрот болгон алгачкы компаниялар жай айынан тарта билине баштайт деп эскертти альянс.

Буга чейин Эл аралык аба транспорт ассоциациясы (IATA) авиакомпаниялар жүгүрткөн акча 113 млрд долларга кыскарганын эсептеп чыккан.

Flightradar24 онлайн-сервис аркылуу карап көрөлү. Бул кызмат жарандык авиациянын учактарын көзөмөлдөп турат. Биз кырдаалды марттын үчүнчү шаршембиси менен февралдын ошол күнүн салыштырып көрдүк.

Көк түстөгү белгидеги учактар спутник аркылуу байкоого алынгандар. Жердеги станциялар аркылуу көзөмөлдөнгөндөр саргыч түстө.

Сүрөттүн ортосундагы белгини эки жакка жылдырыңыз.

"Ведомости" басылмасы жазганына караганда, орусиялык авиакомпаниялар коронавирустан улам 20 пайыздан ашуун каттамдарын токтотту.

Украина башка өлкөлөр менен аба каттамдарын 15-мартта жапканын билдирген.Чечим 17-марттан күчүнө кирди. Анын таасири картадан көрүнүп турат.

Италия - коронавирустан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө дагы аба каттамдарына чектөөлөр кирди.

Көңүл бурсаңыздар оңдо Балкан менен Түркиянын аба жолдорунда жандануу көрүнөт. Бул аба коридору өз кезегинде асмандагы автомагистраль сыяктуу. Учактар Азия жана Жакынкы Чыгыштан Европага сапар алышат. Каттамдар кескин азайганы көрүнүп турат.

Британияда дагы каттамдар кыскарды.

АКШ 26 өлкө кирген Шенген зонасына саякаттоого тыюу салды. Дүйшөмбүдөн тарта буга Улуу Британия менен Ирландияны киргизди. Бул картада Түндүк Америка контингенти менен Европа жана Африканы байланыштырган трансатлантикалык коридор.

Кытайдын Ухань шаары коронавирустун тарашынын очогу болуп калды. Бирок өткөн аптадан тарта кытай бийлиги жаңы катталган учурлар дээрлик азайганын билдирген.

Оңдо Жапониянын бир нече ири аэротүйүндөрү жана андан сырткары Азиядан АКШнын батыш жээктерине учкан аба коридору.

*