Евробиримдик Шенген зонасын бир айга жапты

Шейшембинин экинчи жарымында Евробиримдик сырткы чек араларын жабат

Сүрөттүн булагы, AFP

Шейшембинин экинчи жарымында Евробиримдик сырткы чек араларын жабат. Ошондой эле ички визасыз карым-катнашка дагы чектөө коюлат, деп жарыялады Франция президенти Эммануэль Макрон.

Европа комиссиясынын сунушу боюнча чектөөлөр 30 күнгө киргизилди. Чек араны кесип өтүүгө медициналык персоналдарга жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко уруксат берилет. Бул планды Евробиримдик колдойт деп күтүлүүдө.

Франция коронавирус пандемиясы менен күрөштө толугу менен изоляцияга өткөн кезектеги европалык өлкө болуп калды.

Өлкө жарандарына үйдөн чыкпоо туралуу катуу эскертилип жатат. Жүйөлүү себеп болбосо, көчөгө чыгууга болбойт. Ошондой эле маасалык топтошууга дагы тыюу салышты. Мындай чараларды бузгандарга жаза каралган. Чектөөлөр 15 күнгө уланат.

Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму мындай катаал чаарлар эгерде вирусту алып жүргөндөрдү таап, аныктап чыкпаса, натыйжасыз болот деп эскертти.

БУУнун Коопсуздук кеңеши коронавируска байланыштуу жыйынын токтотту. Өткөн аптада Филиппиндин өкүлүнөн COVID19 вирусу табылган.

Дүйнөдө экономикалык жоготуулар өсүп жатат. Көпчүлүк өлкөдө өкмөт аялуу тармактарды кармап турууга убада берүүдө.

Вакцина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйшөмбүдөн тарта АКШ COVID19 вирусуна каршы вакцинаны кишилерге сынап көрө баштады. Вакцинаны сынап көрүүгө 45 ыктыярчы макулдук берген. Аны сыноо Kaiser Permanente изилдөө борборунда жүргүзүлөт. Вакцинанын ден соолукка зыяны тийбейт деп айтылды. Бирок азырынча аны даярдоого мүмкүн эмес, алдыда дагы бир нече айлар сарпталат.

Вакцинаны иштеп чыгууга башка өлкөлөрдө дагы аракеттер болуп жатат. (AbA)

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус