Европа коронавирустан улам эшик-терезесин жабууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус пандемиясы Европанын үч өлкөсүн катуу кооптондурду. Вирустан көп жабыр тартып жаткан Италия, Испания жана Францияда бир суткада өлгөндөр саны мурдакыдан көп болду.
Италияда 24 сааттын ичинде 368 киши көз жумду, Исапанияда 97 киши (жалпы 288), Францияда 29 (120) бейтап көз жумду.
Улуу Британияда бир суткада 14 бейтап өлүп, жалпы жоготуулар 35ке жетти.
Испания дүйшөмбүдөн тарта карантин башталганын жарыялады. Мындай чечимди өкмөт ишембидеги жыйынында кабыл алган. Өлкө премьери Педро Санчестин өзү дагы карантинде. Анткени анын жубайы вирус жуктуруп алганы белгилүү болду.
Улуу Британияда дүйшөмбү күнү өкмөт басма сөз жыйынын өткөрөт. Анда премьер-министр Борис Жонсон жана бир катар министрлер көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берет.
Бир нече окумуштуулар жана адистер жайбаракат реакциясы үчүн өкмөттү катуу сынга алып, ачык кат жазган эле. Ага 250 миң киши кол койду.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Австрия бир нече өлкөнүн жарандарынын келип-кетишин чектеди. Ал тизмеге Орусия, Британия жана Украинаны кошту. Бул өлкөлөрдөн келгендер 14 күн карантинде жатат же COVID-19 боюнча тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтөт.
Иран коронавирустан өлгөндөр саны өскөнүн билдирди. Соңку маалыматтарга караганда, вирус 724 кишинин өмүрүн алды. Жуктуруп алгандар саны 13 300.
Германия дагы Австрия, Швейцария, Франциядан келгендерге чектөөлөрдү киргизди.
Басылмалардагы негизги жаңылыктар коронавирус тууралуу. Кибер кылмышкерлер жана хакерлер тобу коронавирустан улам жаралган дүрбөлөңдү пайдаланып, жеке маалыматтарга чабуул жасаган. Алар вирус тууралуу шилтемелерди, кеңештерди жөнөтүп маалымат алууга аракет кылууда, сак болгула, деп эскертти Улуттук киберкоопсуздук борбору. (AbA)

- Коронавирус спортко жетти: вируска кабылган машыктыруучу жана оюнчулар
- Коронавирус: өзүн изоляцияда кармоо деген кандай?
- Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Коронавирустан коркпоо үчүн эмнени билүү керек?
- Ээнсиреген аэропорттор: коронавирус авиакомпанияларды кыйын абалга кептеди
- Меркель: Германия калкынын 70% коронавируска чалдыгышы мүмкүн












