Меркель: Германия калкынын 70% коронавируска чалдыгышы мүмкүн

Ангела Меркель и министр здравоохранения Германии Йенс Шпан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Германиянын канцлери Ангела Меркель калктын 70 пайызына коронавирус жугушу мүмкүн экенин эскертти. Бул деген 58 миллион киши.

Мындай көңүл түшүргөн божомолду Меркель шейшембидеги басма сөз жыйынында жасады. Басма сөз жыйынын саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан менен чогуу берди.

Коронавируска каршы дары табыла элек болгондуктан негизги күрөш анын тарашын токтотууга багытталууда.

"Биз убакыттан утушубуз керек",-деп түшүндүрдү Германия канцлери.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус

Германияда шаршембиде өлкө батышындагы Хайнсберг шаарында коронавирустан үчүнчү бейтап каза тапканы белгилүү болду. Буга чейин ушул эле аймактан 78 жаштагы бейтап жана Эссен шаарынан 89 жаштагы кемпир каза тапкан болчу.

Жалпысы болуп Германияда коронавируска чалдыккан 1296 учур катталды. Бул сандарды инфекциялык ооруларды изилдеген Роберт Кох институту жарыялады.

Басма сөз жыйынында Ангела Меркель чек араларды жабуу оорунун тарашын токтотууга жетишсиз деп эскертти. Бул темада канцлер биринчи жолу билдирүү жасады.

"Бул биздин тилектештигибизди, акылыбызды жана бири-бирибизге камкордугубузду сыноо болууда. Буга туруштук бере алабыз деп үмүттөнөм",-деди ал.

сунуштама

Мындай өзгөчө кырдаалда өкмөттүн алдындагы негизги приоритет - эпидемияны токтотуу, деп белгиледи канцлер.

Шаршембиде Берлиндин бийлиги миңге чукул кишиге чейин топтолгон иш-чаралардын баарына тыюу салды.

"Коронавирустун жайылышы токтогон жок. Бул стадияда коомдук турмуш чектелиши керек,-деди шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси Дилек Калайчи. - Вирустун тарашын ири иш-чараларды кыскартуу менен жайлата алабыз. Эпидемиянын башталышында мында чектөөлөр өтө маанилүү". (AbA)