"Манас": эл аралык каттамдарын убактылуу токтотту

Видеонун түшүндүрмөсү, Коронавирус аба каттамдарын чектеди

Кыргызстандын "Манас" эл аралык аэропорту коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар каттамдарды убактылуу токтотконун билдирди.

Аэропорттун сайтында кайсыл каттамдар токтотулганы боюнча маалыматтар берилип, тизмеси жарыяланды.

Анда: "Түштүк Кытай авиалиниялары" (China Southern Airlines, Кытай), "Флай Дубай", "Эйр Арабия" (Air Arabia), "Эйр Астана", "Өзбекстан аба жолдору" (Uzbekistan Airways), "Авиа Траффик Компани", "Эйр Астана" сыяктуу бир нече авикомпания бар.

"Ош" эл аралык аэропорту 10-марттан 1-апрелге чейин "Эль-Кувейт - Ош - Эль-Кувейт" каттамын (Jazeera Airways авиакомпаниясы) токтотту.

Ээнсиреген аэропорттор: коронавирус авиакомпанияларды кыйын абалга кептеди

Боинг-747 на стоянке

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөлүк авиакомпаниялар коронавирустан улам масштабдуу кризиске кабылуу коркунучунда. Буга чейинки кризистен араң бутуна турган өндүрүштү миллиарддаган чыгымдар жана акыркы он жылдагы эң оор жыл күтүп турат.

Кыйынчылыктын биринчи эпкини регионалдык британдык Flybe компаниясына тийди. Көптөн бери банкрот болуу коркунучунда турган компанияга коронавирус акыркы сокку болду. Британдык Flybe бир нече майда региондорду тейлеп келген эле. Анын ишин токтоткону бир гана 2400 кызматкерди жумушсуз калтырбастан, ошол алыскы региондордун экономикасына дагы залакасын тийгизет.

Башкалар азыр болгон күчү менен кармалып турат. Эки апта мурун Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) авиакомпаниялардагы капиталдын айланышы коронавирустан улам 30 млрд долларга кыскарганын айткан. 5-мартка карата бул сандар 63 млрд долларга жети.

Эгерде мындай кырдаал узакка созула турган болсо, жоготуулар 113 млрд долларга чейин жетиши мүмкүн деген кооптонуу бар.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру

2000-жылдардагы АКШда болгон теракт, андан кийинки SARS вирусу, дүйнөлүк каржы каатчылыгынан соң 2010-жылдарга барып авиакомпаниялар үчүн он жылдык ренессанс болгон эле. Аба каттамдарына талап жогорулаган, өзгөчө Кытай тараптан, компаниялар кирешелүү иштей баштаган. Кыйынчылыктын баары артта калгандай сезилген. 2019-жылдагы соода согушу, брексит жана бир катар геосаясий маселелерди эсепке албаганда, баары бир кирешелүү жыл болду. 2020-жылы мындай болот деп эч ким күткөн эмес.

Жаңы жыл алдында IATA дүйнөлүк авиация орточо кирише 4 пайызга өсөт деп күтүп жаткан. Эки айдан кийин киреше эмес, араң чыгымдарын актаганга өтүштү.

British Airways, KLM, Lufthansa, United жана башка эл аралык каттамдар маршруттук түйүндөрүн кыскартып, инвестиция жана ижараларын тоңдурду. "Аэрофлот" бир катар багыттар боюнча, анын ичинде Гонконгго каттамдарын токтотту. Ryanair, EasyJet жана Wizz Air ушундай эле чараларды кабыл алды. (AbA)