Коронавирус: өзүн изоляцияда кармоо деген кандай?

Терезе карап турган кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирустун пандемиясы жаңы сөздөрдү колдонууга киргизди. Алардын бири - "өзүн изоляциялоо". Башкача айтканда, үйдөн чыкпай олтуруу.

Өткөн аптада Британиянын премьер-министри Борис Жонсон вирустун тароо темпин жайлатуу үчүн "көптөгөн британдыктар өзүн изоляциялашы" керек деп айтты.

Москвада өзүн изоляциялоо режимин бузгандарга кылмыш иши каралып, беш жылга чейин эркинен ажыраталат деп эскертишти.

Биз баарыбыз "өзүн изоляциялоо" деген кандай ишке ашырыла турганын билип алганыбыз туура болот.

Өзүңдү изоляциялоо деген - сырты дүйнө менен байланышты үзүү. Үйдөн эч жакка чыкпай олтуруу керек. Сиз олтурган үйдө желдете турган терезелер болушу шарт. Азык-түлүк, дары-дармектерди жакындарыңыз аркылуу алдырып алсаңыз болот. Аны сиздин үстүңүзгө кирбей эле, эшиктин сыртына коюп кетишсин.

сунуштама

13-марттан тарта Британияда грипп сыяктуу симптомго кабылгандарды ушундай өзүн изоляциялап, кеминде жети күнгө чейин үйдөн чыкпоону сунушташты. Айталы, температура 37,8ден жогору болсо, жөтөл байкалса.

Коронавирус кеңири жайылып жаткан өлкөлөрдөн келгендерди жана инфекция жуктуруп алгандар менен жакын мамиледе болгондорду 14 күнгө чейин өзүн изоляцияда кармап туруу милдеттендирилди.

сунуштама

Covid-19 симптомдору: көптөрдө оорунун белгилери кургак жөтөл жана температура аркылуу байкалууда. Мурун бүткөн учур беш пайызында гана болгон. Ток этерин айтканда, илдетти жуктуруп алганыңызды лабораториялык тест аркылуу гана билүүгө болот.

Өзүңдү изоляцияда кармап жатканда, бөлмөнү, ашкананы таза кармап, атайын каражаттар менен жууп тур. Башкалар менен байланышуудан оолак болуңуз. Сүйлөшүп калсаңыз, эки метр аралыкты карманыңыз. Бөлмөдө жалгыз жатып уктаңыз.

Үйдө башкалар дагы жүргөн болсо, аларга кеминде колдорун таза, самындап жууп турууну эскертиңиз. Анализдин жыйынтыгы келгенге чейин таштандыларды өзүңүз жаткан бөлмөгө чогулутуп, ыргытпай туруңуз.

Колду туура жууп туруу - кандай гана инфекция болбосун алдын алат.

сунуштама

Үйдөгүлөр колдонгон сүлгүнү, салфетка ж.б. буюмдарга жолобоңуз. Өзүн изоляцияда кармаган киши жалпы ваннага жолобой эле турганы оң болот. Колдонгон болсо, ваннанын жууп-тазалоо керек. (AbA)

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру