Жаңы коронавирустун тарашы пандемияга жетти

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы коронавирустун тарашы пандемияга жетти деп жарыялады. Вирус бардык континенттерге жетти.
"Биз эч качан коронавирустан улам келип чыккан мындай пандемия менен бет келген эмес элек. Ошол эле маалда көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон пандемияга дагы эч качан жолуккан эмеспиз. [...] 114 өлкөнүн аймагында катталган коронавирус жуккан 118 миң учурдун 90 пайызы төрт эле өлкөгө туура келет. Алардын экөө - Кытай жана Түштүк Кореяда ооруга чалдыккандар саны сезилерлик азайды",-деп билдирди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму.
Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус өкмөттөрдү "чукул арада жана агрессивдүү чараларды" көрүүгө чакырды. Буга чейин ДСУ Covid-19 коронавирусун эпидемия катары көрсөтүп келген.
Пандемия деген эмне?
Бул грек сөзү. Кыргызча таржымалдаганда "пан" - "бүт баары" деген маанини берет. Ал эми "демос" сөзү "кишилер" дегенди туюндурат.
Адистер бир эле учурда дүйнөнүн булуң-бурчуна илдет тараган абалды ушунтип аташат. Бул сөздөн коркуунун кажети жок. Ал болгону оорунун жайылышынын масштабын көрсөтөт жана инфекциялык ооруларга гана колдонот. Тактап айтканда, эпидемия - бир эле өлкөдө оорунун активдүү тарашы.
Кандай пандемияларды баштан өткөргөнбүз?
Пандемия масштабына жеткен ооруларды адамзат башынан далай ирет өткөрдү. Тарыхтагы ири эпидемиялардын бири 1918-жылы болгон. Бул "испан тумоосунун" пандемиясы эле. Ал Европада башталып, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки миграцияга туш келген. XX кылымыдын башында бул илдетти дүйнөдө 500 млн киши жуктуруп, элүүдөн жүз миллионго чейин каза тапкан.
XXI кылымда бизди SARS (2003), куш тумоосу, MERS, (2012), Эбола (2014-2015), Зика (2016) сыяктуу вирустар дагы бир топ чочулатты. Эске сала кетели, "пандемия" сөзү илдеттен каза тапкандардын эмес, оорунун жайылуу масштабын гана түшүндүрөт. (AbA)









