Футбол боюнча Европа чемпионаты 2021-жылга жылдырылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавируска байланыштуу Европанын футбол бирикмеси (УЕФА) футбол боюнча чемпионатты 2021-жылдын жай айына жылдырды.
Европа чемпионаты быйыл 12-июнда башталып, Европанын 12 шаарында өтмөк. Чемпионатты жылдыруу боюнча чечим уюмдун чукул жыйынында кабыл алынды. Видео байланыш аркылуу өткөн жыйынга 55 өлкөнүн футбол ассоциациялары катышты.
Коронавирус дүйнөлүк профессионалдуу спортко чоң чыгым алып келди. Чемпионаттар токтотулуп, айрым оюндар күйөрмандары жок өтүп жатат.
Коронавирус спортко жетти: вируска кабылган машыктыруучу жана оюнчулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн апта соңунда лондондук "Арсенал" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Микель Артетадан коронавирус табылды.
Артета менен байланышта болгон команданын негизги курамы жана клубдун кызматкерлери эки апталык изоляцияга алынды. Алар өз үйлөрүнөн чыкпай, керектүү кеңештерди алып турушат.
"Арсеналдын" машыгуу борбору жабылды. Англия чемпионатындагы алдыдагы беттештер токтотулат.
"Мен абдан капаландым,-деди 37 жаштагы машыктыруучу. - Өзүмдү жаман сезип баштаганда, келип тест тапшырдым. Мага уруксат бергенде эле жумушка кайтып келем".
Премьер-лиганын ишембидеги беттештеринде "Арсенал"-"Брайтон" беттешмек. Бирок оюндар артка жылды.
BBC Sport кабарлагандай, Премьер-лигадагы бардык 20 клуб бирдей стратегия кабыл алууну пландап жатышат.
Этияттык чараларынан улам шаршембиде "Арсенал" менен "Манчестер Сити" беттеши токтотулган. Анткени "Арсеналдын" жетекчилиги менен грек клубу "Олимпиакостун" ээси менен жолуккан. Грециялык клубдун ээси Эвангелос Маринакистен коронавирус табылган.
52 жаштагы Маринакис "Арсеналдын" бир нече оюнчусу менен жолуккан.
"Манчестер Сити" оюнчусу Бенжамин Менди өзүн изоляцияда кармап жатат. Анткени анын үй-бүлөсү коронавирус симптому менен ооруканага түшкөн.
Ошондой эле "Лестер Ситинин" негизги курамындагы үч оюнчудан коронавирус симптомдору табылган.
NBA

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир нече күн мурун "Юта" оючусу Руди Гобер басма сөз жыйынынан кийин "коронавирус менде жок" деп бардык микрофондорду кармап чыккан.
12-мартта Гоберден жана аны менен бир клубда ойногон Эмануэль Мудиайдан вирус табылганы айтылды. Ушул эле күнү NBA жетекчилиги чемпионаттын оюндарын белгисиз мөөнөткө токтотту.
NХL
Улуттук хоккей лигасы коронавирус коркунучунан улам беттештерин токтотту.
"Биздин максат качан гана ыңгайлуу жана жөндүү болгон мезгилде беттештерди кайра жандандырабыз. Сезонду жыйынтыктап жана Стэнли Кубогун тапшыра алабыз",-деди лиганын жетекчиси Гэри Беттмен.
Хоккей беттештери кайсыл учурга чейин токтотулганы азырынча белгисиз.
Формула-1
14-15-мартта өтө турган Австралиянын "Гран-приси" дагы жылдырылат. 12-мартта эрте менен Формула-1 эки командасын Мельбурндагы карантинге жөнөттү. Ушул эле күнү түшкө жуук "Макларен" командасынын бир мүчөсүнөн коронавирус табылды.
Буга чейин Австралия бийлиги вирустун бир эле учуру катталса, мелдеш токтойт деп эскерткен.
турнирге кошууга убада беришкен. Бирок клубдар мындан баш тартты.
Олимпиада
Токиодо өтө турган жайкы олимпиада жылдырылышы мүмкүн болуп турат. Спортчулар мурдакыдай эле режимде даярдык көрүүдө. Эл аралык олимпиада комитети күйөрмандарсыз өткөрүүгө каршы. Анда каржылык чыгым 1 млрд долларга чамалап барат. Олимпиада бир жыл артка жылып калышы мүмкүн. (AbA)








