Covid-19: Кыргызстан вирусту тез аныктоочу тесттерди сатып алды

Лаборатория

Кыргызстан вирусту 20 мүнөттө аныктай турган лабораториялык тесттерден 5000ди сатып алды. Ал тапта сырттан келген жарандарды карантинге алуу шарттары өзгөрдү.

Республикалык штабдан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Кыргызстанда коронавирусту аныктоо үчүн жаңы келген эксперсс тесттер колдонулат. Ал мурда колдонулуп жаткан анализ ыкмаларына караганда жөнөкөй жана арзан. Бул тесттерди колдонуу Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка өлкөлөрдө жакшы натыйжасын көрсөткөн дешти штабдан.

Жаңы тест менен изилдөөдө вирус бар экени аныкталса, ПЦР анализ дагы кошумча жасалат. ПЦР анализ - бул адамдан алынган биологиялык затты жасалма шартта микроскоп менен изилдөө.

Обсервация бөлмөсү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Обсервация бөлмөсү

Аталган жаңы тесттер вирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражаттан сатып алынды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, коронавирус жуктургандардын саны Кыргызстанда 14 киши. Сузакта жаткан эки кишинин абалы орточо оор деп бааланып, дене табы 38 градус болуп жаканы кабарланды. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык.

Ал арада Кыргызстанга сырттан келгендерди карантинге алуу шарттары өзгөрдү. Кыргызстанга биринчи жана экинчи категориядагы кооптуу өлкөлөрдөн келгендердин баары обсервацияга үч күнгө жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Ага чейин илдеттин клиникалык белгилери жоктору үй карантинине жиберилип жаткан.

Аба майданы

Ошондой эле чет жердик жарандардын кириши боюнча чектөөлөр да өзгөрдү. Өкмөттүн 22-марттагы буйругуна ылайык, кыргызстандагы үй-бүлөлөрдүн мүчөсү болгонү жарандыгы белгисиз адамдар жана Кыргызстанда убактылуу жашоо укугун алгандар да кырдаал жөнгө салынганга чейин киргизилбейт.

Өлкөдө аталган вирусту жуктургандардын жаш курагы 25тен 80ге чейинкилер. Алар менен байланышта болгон 2628 адам аныкталган.

Кыргызсттанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаал режиминен улам 6500дөн ашык милиция кызматкери иштеп жатат. (AK)