Коронавирус: Орусия өзгөчө чараларга барган жок. Эмнеге?

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын президенти Путин жаз мезгилинде чоң иш-чараларды өткөрүүнү көздөп турат. Бирок Covid-19 вирусунун жайылышы жана мунайдын арзандап кеткени Путиндин аракеттерине коркунуч жаратууда.
Апрель айында орусиялыктар конституцияны өзгөртүү боюнча добуш берет. Эгерде Баш мыйзам өзгөрсө, Владимир Путин 2024-жылы президент кызматына кайрадан ат салышууга укук алат.
Май айында Москва шаарында Жеңиштин 75 жылдыгына арналган чоң парад дагы пландалууда. Путин туруктуулук жөнүндө сөз кылганы менен, айрымдар белгисиздиктен улам тынчсызданууда.
Азырынча Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана параддын мөөнөтү жылдырылган жок. Башка мамлекеттер дүрбөлөң түшүп жатканда, президент Путин коронавирус алып келген кризиске өтө эле токтоо мамиле кылып жаткандай.
Орусиянын лидери өлкөдө Covid-19 "көзөмөл алдында" экенин жар салды. Ал эми мамлекеттик телеканалдар Европанын пандемияга карата аракеттерин улам сындап жатышат. Европа мамлекеттеринин лидерлери карантин тууралуу сөз кылып жатканда, президент Путин Орусиянын Крымды басып алганына алты жылдыгын майрамдоо үчүн аймакка барды.
Башкача айтканда, Путин абал эч өзгөрбөй эле, мурда кандай иштер пландалган болсо, алар ишке ашырылат дегендей билдирүү жасап жатат.
Ага карабастан, айрым сынчылар Путиндин кадамын шоу катары баалашууда. Мисалы, президент Путинге жакын келген кишилердин баары коронавируска алдын ала текшерилет. Медаль алгандар, басма сөз жыйынга катышкан журналисттер жана Кремлде иштеген кызматкерлер текшерүүдөн өтүп турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Бул керектүү кадам, себеби президент өз ишин эч ойлонбой уланта бериши керек",-деп түшүндүрдү Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Владимир Путин коронавируска каршы текшерилген жок.
"Анда эч кандай симптомдор жок. Өзүн жакшы сезип жатат. Демек, ишин уланта берет",-деп кошумчалады Песков.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатат. Ошондуктан өлкөдө вирустан коргонуу, алдын алуу чаралары дагы күчөтүлүүдө. Айталы, чек ара жана мектептер жабылды, коомдук жайларда чогулууга тыюу салынды. Бирок бийлик калкты үйдөн чыкпай отурууга чакырган жок жана өткөн жумада мындай чарага баруу эч талкууланбаганы дагы кабарланды.
Айрым эксперттер бул кадам Путиндин конституцияны өзгөртүү долбооруна байланыштуу деп айтууда. Баш мыйзамды өзгөртүү жараяны өтө тез жылып, жада калса бул долбоор "атайын операция" деген атка конду.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный мындай кырдаалда референдум өткөрүү, карыяларды массалык түрдө көчөгө чыгаруу "кылмыш" болорун белгиледи.
Расмийлер болсо абал курчуп кетсе референдум жылдырылат же онлайн өтө дешүүдө. Өткөн аптада Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы вирустун коркунучунан улам добуш берүү жараяны бир аптага созулушу ыктымал экенин дагы билдирди. Бул аркылуу көп жарандар бир жерге чогулбайт.
Референдум 22-апрелге белгиленген болчу. (AT)











