ДСУ: коронавирус пандемиясы тездик менен жайылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы коронавирус пандемиясы Жер шарына барган сайын тез жайылып жатат деп билдирүү жасады Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус.
"Биринчи учур аныкталгандан бери карай вирус жуктургандар 100 миңге жеткенге чейин 67 күн өттү. 100 миңден 200 миңге өсүп жеткенге чейин 11 күн кетти. Ал эми төрт эле күндүн ичинде 300 миңге жетти",-деп белгиледи Гебрейесус Женева шаарында өткөн басма сөз жыйынында.
Учурда коронавирус аныкталгандар саны дүйнө боюнча 350 миңден ашты.
Италиядагы катаал карантин чаралары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вирустан каза тапкандар көрсөткүчү боюнча Италия дүйнөдөгү алдыңкы орунга чыкты. Өкмөт барган сайын чектөө чараларын катаалдаштырууда.
Дүйшөмбүдө премьер-министр Жузеппе Контенин буйругу менен өтө маанилүү деп эсептелбеген компаниялар ишин токтотту. Азык-түлүк, кагаз, унаа тетиктерин чыгарган жана ушул сыяктуу жүзгө чукул гана ишкана жумушун улантууда. Кишилердин баскан-турганына дагы чектөөлөр кирди.
Испания
Испанияда коронавирус жайылып баштаган учурдан берки эң көп жоготуулар катталды. Акыркы суткада Covid-19 вирусу 462 кишинин өмүрүн алды. Мурунку суткага салыштырганда 26 пайызга көп. Ошондой эле вирус жуктургандар саны 4500 жаңы учурга өстү. Испан шаарларындагы ооруканалар бейтаптардын агымына туруштук бере албай жатат.
Азия жана Жакынкы Чыгыш

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түштүк Корея кезектеги ирет жаңы учурлар кескин азайганын жар салды. Бирок ошого карабастан вирусту кайра жайылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн чара көрүүдө.
Өлкө боюнча бир күн ичинде 64 жаңы учур катталды. Бул март ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч. Түштүк Кореяда 8961 учур катталып, вирус жуктуруп алган 111 киши өлдү. Өлкөдө күн сайын 20 миң чамалуу кишини коронавирусту аныктаган тесттен өткөрүп жатышат.
Жекшембиде Сеулдагы аэропортто вируска тест алуунун жаңы процедурасы киргизилди. Европадан жана башка аймактардан келгендер дароо тесттен өтүшөт. Бир күн ичинде вирустун белгилери байкалган 152 киши аныкталып, алар тесттин жыйынтыгын күтүүдө.
Сауд Арабиясы Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус жуктургандар саны боюнча Ирандан кийинки эле көрсөткүчкө ээ. Дүйшөмбүдөн тарта Сауд Арабиясы коменданттык саат киригизип, ал үч аптага уланат. Кечки саат жетиден эрте мененки алтыга чейин көчөгө чыгууга болбойт.
Сирияда коронавирус жуккан алгачкы учур катталды. Чет өлкөдөн келген 20 жаштагы медицина кызматкеринен вирус аныкталган.
Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын аэропорту 25-марттан жабылат. Бириккен Араб Эмирлиги транзиттик жана эл аралык учууларын токтотту.
Иракта коменданттык саат 28-мартка чейин узартылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ал эми Ирандын лидери Хасан Рухани коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам берүү ниетин билдирген АКШнын сунушунан баш тартты. Ошондой эле вирус АКШда иштелип чыккан деген сөзүн кайра кайталады. Рухани Вашингтонду Иранга салынган санкцияларды алып салууга чакырды.
АКШ

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШ президенти Дональд Трамп Улуттук гвардияны коронавирус тез жайылып жаткан үч штатка - Нью-Йорк, Калифорния менен Вашингтонго жөнөтүү боюнча чечим кабыл алды.
Улуттук гвардия медкаражаттарды жеткирип, вирус жуктургандар үчүн убактылуу жайларды курууга көмөк көрсөтөт. Өлкө боюнча 35244 учур катталып, 471 киши көз жумду.
Бийлик Нью-Йоркто жакында медкаражаттардын таңкыстыгы жаралат деп кооптонууда. (AbA)










