Италияда абал оор, Нью-Йоркто полиция кызматкерлери вирус жуктуруп алды
Жекшембидеги маалыматтар боюнча Италияда COVID-19 коронавирусун жуктуруп алгандар саны 59 миңден ашып, андан каза тапкандар 5,5 миң кишиге жетти.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Жоготуулар саны боюнча Италия дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөгө айланды. Ал эми жалпы жуктургандар саны боюнча Кытайдан кийинки экинчи орунда.
Дүйшөмбү күнү орусиялык жети аскер-транспорттук учагы коронавирус менен күрөшүүдө керектеле турган жабдык жана аскер адистерин алып Италияга жөнөп кетти.
Ишембиде орус лидери Владимир Путин менен Италиянын премьери Жузеппе Конте телефон аркылуу сүйлөшүп, көмөк көрсөтүү боюнча сөз болгон.
Жалпысы болуп Италияга орус өкмөтү 100 кишиден турган топ жөнөттү. Алар вирусология, эпидемиология боюнча адистер, дарыгерлер. Диагностика жана дезинфекция үчүн колдонула турган каражаттар жөнөтүлгөн.

Коронавирус вирусун жуктургандар көрсөткүчү боюнча АКШ жекшембиде үчүнчү орунга чыкты. Жалпысы болуп вирусту 33 миң киши жуктуруп алганы белгилүү болду. Эң оор кырдаал Нью-Йоркто түзүлүп, иш жүзүндө АКШдагы коронавирустун очогу болуп калды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Нью-Йоркто оор жагдай түзүлдү. Дүйнөдөгү коронавирус жуктургандардын беш пайызы Нью-Йоркко тиешелүү. Жекшембиде шаардагы коомдук тартипти камсыздап жаткан 100 полиция кызматкери вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, NurPhoto
Жаңы аныкталгандар саны боюнча Испания үчүнчү орунда. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес Испания Европа жана бүтүндөй дүйнөдөгү эң катаал чараларды кабыл алган өлкөлөрдүн бири болуп калды деп билдирүү жасады.
Бир апта мурун Испания "жогорку даярдык" абалына өтүп, кишилердин кыймылына чектөө киргизген эле. Мындай абалды 11-апрелге чейин улантуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Sergei Karpukhin/TASS

Бешинчи орунга чыккан Германияда бийлик кишилердин кыймылына чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык экиден көп киши чогулууга тыюу салынды.
Жекшемби күнү жаңы чаралар тууралуу жарыялаган канцлер Ангела Меркель басма сөз жыйыны бүтөрү менен карантинге түшүп калды. Белгилүү болгондой ага жума күнү профилактикалык эмдөө жасаган дарыгерден коронавирус табылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Лондон транспорттун башкарган Transport for London компаниясы британ баш калаасынын тургундарына ыраазычылык жолдоду. Анда коомдук транспортту колдонбой жатышканына ыраазычылык айтылып, ушундай абалды карманууга чакырган.
Британияда ишембиден тарта пабдар, бар, ресторан жана түнкү клубдар жабылып, өлкө боюнча жарандарга зарылчылык болбосо, үйдөн чыкпоо эскертилди. (AbA)








