Өзгөндө чарчап калган ымыркай боюнча экспертиза дайындалды

Иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Courtesy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстрация

21-январь күнү Өзгөн райондук ооруканасында 1,5 айлык ымыркай кан аздыгынан улам чарчап калган. Бул тууралуу Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканадан билдиришкен.

"Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Аны жүрүшүндө күбөлөр суралып, каза болгон ымыркайдын өлүмүнүн келип чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат" деп айтылат Өзгөн милициясынын маалыматында.

Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси Бермет Мамасадыкова Би-Би-Сиге ымыркай ооруканага өтө оор абалда түшкөндүгүн билдирди.

Чарчап калган ымыркайга 1 ай 22 күн болгону айтылууда. Айрым маалымат каражаттарынын билдиришинче, буга балага жасалган кыйма (хижама) себеп болгон. Ымыркай 20-январда түнкү саат ондордо ооруканага өтө оор абалда, постгеморрагиялык анемия (көп кан жоготуудан улам келип чыккан аз кандуулук) диагнозу менен түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, наристенин гемоглобини 43кө чейин төмөндөп кеткен.

Кыйма, адатта, адамдын аркасына терисин тилүү аркылуу жасалган элдик дарылоо ыкмасы.

Дарыгерлер медициналык эмес жол менен жасалган процедуралардан оолак болууну эскертип келет.