Зеленскийдин командасындагы эң жаш кадр: Михаил Федоров кантип коргоо министри болуп калды?

Михаил Федоров

Сүрөттүн булагы, Facebook | Михаил Федоров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров – эгемен Украинанын тарыхындагы эң жаш министр
    • Author, София Середа
    • Role, Би-Би-Си Украин кызматы

Михаил Федоров – 2019-жылы Владимир Зеленский менен бирге Украинанын саясатына келген жаңы адамдардын бири. Ошол эле учурда ал көп жылдардан бери президентке жакын болуп, анын эбегейсиз ишенимине ээ болгон саналуу адамдардын бири.

Бул Би-Би-Синин Украин кызматынын кабарчысынын макаласынын кыскартылган версиясы. Макаланын украин тилиндеги түп нускасын бул жерден окуй аласыз.

90-жылдары чоңойгон бала

Михаил Федоров 35 жыл мурда Запорожье облусунун Васильевка айылында туулган.

90-жылдары өскөн көптөгөн балдардай эле, ал да жупуну шарттарда чоңойгон.

"Үйдө тамтыгы чыккан тушкагазды, көчөлөрдө ылайды, ал эми америкалык тасмалардан кооз учактарды, костюмдарды көрүп чоңойдук. Мен дайыма ошол сүрөттөрдөгү жерлерде жашайм, айланамда кызыктуу адамдар болот, кандайдыр бир кызыктуу иш менен алектенем деп элестетчүмүн", - деп бала кездеги кыялдары менен бөлүшкөн эле Федоров.

Болочок министр акчаны мектепте окуп жүргөндө эле таба баштаган: ал жергиликтүү дыйкандардын талаасында иштечү.

Михаил Запорожье улуттук университетинде биринчи курста окуп жүргөндө да талаада иштеп, ошол эле маалда пиязга байланышкан өзүнүн агробизнесин курууга аракет кылчу: пиязды Крымдан сатып алып, Васильевкада өстүрүп, Запорожьедеги базарда сатчу.

Третьекурсник Михаил Федоров, 2012 год. Он стоит с поднятыми руками, в бейсболке, сдвинутой на затылок, и что-то то ли кричит, то ли поет

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 3-курстун студенти Михаил Федоров, 2012-жыл

Федоровдун айтымында, 2007-жылы 9-класста окуп жатканда компьютер сатып беришкен, бул анын жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн белек болгон.

"Мен мугалимдерге окуу материалдарын санариптештирүүгө жардам берчүмүн. Ошондой эле компьютердик оюндардан акча чыгара баштагам: виртуалдык валюта таап, аны компьютердик клубдарда нак акчага сатчумун", - деп эскерет министр.

Болочок министр SMMди – социалдык тармактардагы маркетингди 2010-жылдардын башында өздөштүрө баштаган. Ошол маалда Михаил университеттин 3-курсунда окуп, Запорожье шаарынын студенттеринин мэри болуп шайланган эле.

Молодой Михаил Федоров, коротко подстриженый, в оранжевой футболке, с золотой цепочкой на шее

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров Запорожьенин студенттеринин мэрин шайлоо күнүндө түшкөн сүрөтү

Бул ролдо Федоров үч багытты өнүктүрүүнү каалаган: жаштардын ишкердигине көмөктөшүү, сергек жашоо образын сүрөө жана студенттердин кадрдык агенттигин түзүү.

Өз максатына жетүү үчүн ал социалдык тармактарды колдоно баштаган, себеби анын башка жарнамага каражаты жок эле.

"Дал ошондо мен интернет деген эмне экенин, мунун баарын кантип жайылтса болорун түшүндүм. Ошентип, ишим да жүрүшүп кетти", - деп айтып берди Федоров.

Тобокелдик жана ийгилик

2014-жыл. Михаил Федоров 23 жашта.

Михаил университетти бүтүргөндөн кийин өз ишин баштап, SMMSTUDIO компаниясын ачууну чечет. Бул компания дижитал-маркетинг аспаптарынын жардамы менен чакан жана орто бизнести таанытуу менен алектенген.

"Мен SMM жөнүндө болгон билимди Батышта чыккан окуу китептеринен, макалалардан, таркатма материалдардан жана ар кайсы булактардан алдым. Ал кезде Украинада бир да китеп, бир да блог жок эле. Балким, бул кадыреседей угулат, бирок башында мен Google'га "SMM" деп жазып, бул тууралуу кимдер жазып жатканын карап турчумун", - деди Федоров.

2015-жылдын күзүндө эле анын агенттиги бир жылдын ичинде "эл аралык рынокко чыгууга, жалпы украиналык компаниялардын арасынан кардарларды жана досторду табууга жетишти" деп отчет берген.

Молодой человек в голубой рубашке показывает большой палец и улыбается

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров SMM карьерасын жаңы баштаган жылдар

Кайсы бир учурда SMMSTUDIO компаниясынын олуттуу кардарларынын бири "Квартал 95" болуп калат.

"Алар жаңы өнүм тууралуу жарнаманы чыгарганын көрүп калып, "эмне себептен алар муну биз менен жасашкан жок?" деген ой келип, бул долбоорго катышууга өтүнмө жибердим. Мага сатуу боюнча менеджер чалганда, ага айттым: "Мен сиздин жарнамаңыз аркылуу кирдим, өз өтүнмөмдү калтырганым силерге 5 долларга турду, ал эми мен муну 2 долларга жасай алам", - деп эскерет Федоров.

Михаил Федоров, черно-белая фотография. Он показывает знак Victory

Сүрөттүн булагы, Facebook | SMMSTUDIO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров, 2018-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Менеджер адегенде анын өзүнө болгон ишенимине күлүп телефонду өчүрүп койгон, бирок андан кийин "Кварталдын" башка бир өкүлү Федоровго телефон чалып, өтүнмөнүн баасын кайдан билерин сураганда, Федоров кантип эсептеп чыкканын айтып берген.

"Анда Киевден жолукпайлыбы", - деген сунуш түшөт.

Бул 2017-жыл эле, телефон чалган адам "Квартал-концерттин" башкы директору, "Эл кызматчысынан" («Слуги народа») болочок депутат Максим Ткаченко болчу.

Ткаченко ошол маалда E-Sponsor'дун өнөктөштөрү үчүн порталды ишке киргизип жаткан жана ойдогудай сайтты иштеп чыгып, сатууну жогорулатууга жардам бере турган адистерди издеп жүргөн.

"Михаил мага Запорожьеден өтө мыкты сапаттагы презентация менен келди. Анын дымагы күчтүү эле. Бет маңдайымда санариптештирүү жолуна түшкөн адам турду. Биз аны менен иштешсек, сөзсүз түрдө сапаттуу, натыйжалуу болорубузду, алга суурулуп чыгарыбызды түшүндүм. Ошондуктан мен аны менен иштешким келди", - деп эскерет Максим Ткаченко Би-Би-Синин Украин кызматы менен маегинде.

Көп өтпөй Ткаченко Федоровду "Квартал 95" студиясынын аткаруучу продюсери Сергей Трофимов менен тааныштырат.

Двое мужчин делают селфи - один, постарше, в белой рубашке, другой, с бородкой, в синем пиджаке и синем поло

Сүрөттүн булагы, Facebook | Максим Ткаченко

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максим Ткаченко (солдо) Сергей Трофимов менен, 2020-жыл

Зеленский менен таанышуу

Федоров Владимир Зеленский менен 2018-жылдын жайында – "Квартал 95" студиясынын лидери президенттикке ат салышуу ниетин расмий жарыялардан алты ай мурун таанышкан.

"Мен анын менеджерлери менен иштештим, аларга "Зе! Кубики" долбоору үчүн сайтты жана чакан маркетинг стратегиясын түзүүгө жардам бердим. Анан презентация жасап жатканда коридордо анын (Зеленскийдин – Би-Би-Си) үнүн уктум. Муну досум, ошол кезде "Кварталдын" менеджери да угуп калып, мага: "Күтө турчу" деп чыгып кетип, Зеленскийди чакырып келди", - деп эскерет Федоров.

Анын айтымында, болочок президентке анын презентациясы абдан жаккан.

Владимир Зеленский в темном свитере сидит за столом и рассматривает что-то в телефоне. Михаил Федоров стоит рядом и тоже смотрит в телефон Зеленского

Сүрөттүн булагы, Facebook | Михаил Федоров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленский жана Михаил Федоров, 2019-жыл

"Анан Зеленский менден "Эмне үчүн биз сени менен мурда эле иштешкен жокпуз?" деп сурап, блогду кантип мындан дагы мыкты жүргүзсө болору тууралуу пикириме кызыкты", - деп эскерет Федоров.

Би-Би-Синин Украин кызматы президентке Федоров менен биринчи жолугушуусу тууралуу суроо узаткан, бирок азырынча жооп келе элек.

Мамилени бекемдеген шайлоо

Федоров менен Зеленскийдин кийинки жолугушуусу 2018-жылдын декабрь айында болду. Ошол жолугушууда Федоров digital көз караштан шайлоо өнөктүгүнүн стратегиясын сунуштаган.

"Шайоо өнөктүгү башталганда мен Михаилди Зеленскийдин штабына кошуп алууну Сергей Трофимовго сунуштагам. Михаилди жана анын өнөктөштөрүн күчтүү адистер катары көргөндүктөн, SMM менен алектенип, интернетте команданы тааныта ала турган адам катары сунуштагам. Ошентип, Михаил команданын бир бөлүгү болуп калды", - деди Би-Би-Синин Украин кызматына Максим Ткаченко.

Двое мужчин в пиджаках сидят за столом президиума. Один из них в санитарной маске. На столе зеленые бутылки с водой

Сүрөттүн булагы, Офис президента Украины

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров жана Сергей Трофимов, 2020-жыл

Федоров "Зе!штабга" Трофимовдун көмөгү менен киргенин Би-Би-Синин Украин кызматына башка да маектештер тастыкташты.

Учурда парламенттин биринчи вице-спикери жана "Эл кызматчысы" партиясынын лидери, ал эми ошол кезде Владимир Зеленскийдин штабынын жетекчилеринин бири Александр Корниенко буларды айтты:

"Мени Михаил Федоров менен 2018-жылдын декабрь айында Сергей Трофимов тааныштырган, алар "Квартал" үчүн дижитал-өнөктүк боюнча кызматташкан экен. Биз жолугуп, пикир алмаштык. Михаил ошондо эле санариптик технологиялардын жардамы менен өлкөнү кантип өзгөртсө болору жөнүндө жалпысынан туура ой жүгүртчү", - деп эскерди Би-Би-Синин Украин кызматы менен маегинде Корниенко.

Федоров менен бирге алар Трамптын ошол кездеги микротаргетинг менен революциялык шайлоо өнөктүгүн абдан талкуулашканын кошумчалайт.

"Биз Украинада да ушул өңдүү өнөктүктү ишке ашыра алабыз деген орток пикирге келдик. Ошондо жаңы муундун талапкери Владимир Зеленский үчүн күчтүү дижитал-өнөктүк тууралуу ойлоно баштаганбыз", - деп эскерет Корниенко.

Анын айтымында, Федоров дээрлик ошол замат эле ишке билек түрө киришип, шайлоо алдындагы өнөктүктүн стратегиясын түзө баштаган.

Дал ушул Федоров 2019-жылы шайлоодо абдан таанымал болгон логотипти – ачык жашыл фондо "Зе!" деген жазууну сунуштаган.

На ярко-зеленом фоне на трех табличках белого, желтого и синего цветов написано "Зе!", "Президент" и "Слуга Народа"

Сүрөттүн булагы, Слуга народа

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Зеленский 2019-жылдагы шайлоо өнөктүгү учурунда колдонгон логотип

"Ошол кезде "Кварталдын" чыгармачыл продюсери Михаил Валлеев шайлоо өнөктүгүнүн дизайнын колго алгысы келген. Негизи анын кылганы бардыгына жаккан, бирок көңүлдү толук ээлеп алгыдай болгон эмес, себеби, бир аз эскиче болчу – "Зе" Менделеевдин таблицасынан алынгандай сезилген. Анан өзүнүн слайддары менен Миша Федоров келди, ал үчүн дижитал табигый бир иш эле. Башында анын Инстаграмдын стилиндегидей плашкаларын көптөр тоготпой жаткан, бирок алар баары бир бул кармашта жеңишке жете алышты", - дейт Би-Би-Синин Украин кызматына Зеленскийдин шайлоо штабынын ишинен кабардар адамдардын бири.

Михаил Федоров обнимает Владимира Зеленского после объявления предварительных результатов голосования во втором туре президентских выборов, справа от них — Александр Корниенко, 21 апреля 2019 год

Сүрөттүн булагы, скріншот | Зе!президент

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин Владимир Зеленскийди кучактап жатат, оңдо Александр Корниенко, 2019-жылдын 21-апрели

Кеңешчиден министрге чейинки жол

2019-жылдын 20-майында, инаугурациядан кийин эле президент Зеленский өз командасы менен жолугушкан. Бир күндөн соң Федоров расмий түрдө президенттин штаттан тышкаркы кеңешчиси болуп, ушул кызматта үч ай иштеген.

Ошол кезде президентке жакын болгондор эскергендей, Федоров Зеленский менен тыгыз байланыш түзө алган.

Президенттин командасынын мүчөлөрүнүн айтымында, Зеленский Федоровдун Радага талапкерлигин коюп, андан кийин өкмөттүн курамына кирүүсүн абдан каалаган.

В статусе народного депутата Михаил Федоров пробыл буквально несколько часов

Сүрөттүн булагы, Слуга народу

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров бир нече саат гана депутат болгон

Чынын айтканда, ал кезде президенттик командада баары эле бул дайындоону түшүнө берген эмес.

"Мишанын басып өткөн жолу анчалык деле тамшандырарлык болгон эмес. <...> Ошондуктан, адегенде мен аны министрдин ролунда көрө алган эмесмин", - деп эскерет президенттик команданын таасирдүү мүчөсү Би-Би-Синин Украин кызматы менен маегинде.

Бирок Би-Би-Синин маектештери Федоров министрлик кызматта өзүн тез эле көрсөтө алган, себеби бир эле учурда 10 долбоорду көзөмөлдөй билген.

Ермак менен тиреш

2020-жылдын февраль айында Президенттик кеңсенин башына Андрей Ермак келип, анын таасири күчөп, президенттин командасында тиреш башталган.

Ермак адегенде эле кутулгусу келген адамдардын бири Сергей Трофимов болгон. Ал Президенттик кеңсенин мурдагы башчысы Андрей Богдандын биринчи орун басары болчу.

"Ермак Трофимовду жактырчу эмес, себеби анын орусиялыктар менен байланышы болгон, ал эми Андрей Борисович бул тректи монополдоштургусу келген эле", - деп эскерет президенттик команданын жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн бири Би-Би-Синин Украин кызматы менен маегинде.

Дал ошол учурда Ермак Трофимовго жакын Федоровго да кастарын тигип калган.

Андрей Ермак (слева) и Сергей Трофимов, 2020 год

Сүрөттүн булагы, Facebook | Андрей Ермак

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андрей Ермак (солдо) жана Сергей Трофимов, 2020-жыл

Ошол окуялардын күбөлөрү мындай дешет: Ермак Федоров ага баш ийет деп үмүттөнгөн, бирок жаш министр, тескерисинче, барган сайын көбүрөөк өз алдынчалыгын көрсөтө берген.

"Андрей Борисович Мишаны иштен кетирүүгө аракет кылып, бирок бул максаты ишке ашпай калгандан кийин тымызын аракеттерге өтүп, аны Зеленскийге жаман көрсөтө берди. Миша президент менен түз байланыша алган саналуу адамдардын бири болгонуна жини келчү, ошондуктан Ермакта кызгануу пайда болгон", - деди Би-Би-Синин Украин кызматына маектештердин бири.

2022-жылдын 24-февралынан кийин Ермак менен Федоровдун ортосундагы тиреш өзгөчө курчуган.

"Ермак согуш маалында бардык атаандаштарын президенттен алыстам деп ойлогон. Бирок Миша дрондорго байланышкан долбоору менен Зеленскийдин көңүлүн ээлеп алган, Ермакта болсо мындай мүмкүнчүлүк жок эле. Анын үстүнө НАБУ менен болгон окуяда ал туура жолду тандап алган: депутаттар макул болуп добуш бергенде Миша бул куру сөз экенин айтып, президентти мыйзамга вето коюуга ынандырган", - деди Би-Би-Синин Украин кызматына ошол окуялардын күбөсү.

Андрей Ермак в одежде хаки и Михаил Федоров в черном свитере сидят за столом, перед Федоровым открытый ноутбук

Сүрөттүн булагы, Офис президента Украины

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Андрей Ермак (солдо) жана Михаил Федоров, 2022-жыл

"Болжол менен бир жарым жыл мурда Федоров Зеленскийге "согуштун планы" менен келип, кантип согушуу керектиги тууралуу ою менен бөлүшкөн. Бул план OKR (Objectives and Key Results) боюнча жылмартылган, ал эми аны иштеп чыгуу үчүн Миша британиялыктар менен кеңешип, көптөгөн атайын адабияттарды окуп чыккан. Бирок Ермак жалгыз аскерий менеджер болууну каалап, анын бул идеясын четке каккан. Ошентип, Миша четке чыгып, өз ишин уланта берген, бирок мурдагыдай шыктануу болбой калган", - дейт президенттин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири.

Бул тууралуу Ермак да, Федоров да эч качан ачык айтышкан эмес.

Президент да бул темада Би-Би-Синин Украин кызматы менен сүйлөшүүдөн да баш тартты.

"Дія" жана башкалар

"Дія", "Дія.City", UNITED24, "Дрондордун армиясы", Brave1 жана Brave1 Market – бул Михаил Федоровдун жетекчилиги алдында алты жылдан ашык убакытта Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашыра алган долбоорлордун айрымдары гана.

"Латте ичкен миллениалдар реформаларды жүргүзүүдө" деп какшыктаганыбыз менен, санариптештирүү биздин жалгыз толук кандуу реформабыз экенин баары түшүнүп эле турат", - деди Би-Би-Синин Украин кызматына берген маегинде жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири.

Дагы бир маектештин белгилешинче, президенттик команданын өзүндө деле Федоровдун санариптик өнүктүрүү министри катары ишинин маанилүүлүгүн баары эле туура түшүнө бербейт.

"Миша көз карашын мыкты сата алат, бирок аны оозу менен орок оройт деп айтуу туура эмес. Федоров ишке ашырган долбоорлор өтө көп. Бирок көпчүлүк аны дагы эле "компьютер көтөргөн бала" катары кабыл алышат. Мындай көз караш өзгөчө аны Коргоо министрлигине дайындоо үчүн добуш берүү маалында тобокелге салды", - дейт Би-Би-Синин Украин кызматынын маектештеринин бири.

Михаил Федоров — самый молодой министр в команде Зеленского

Сүрөттүн булагы, Facebook | Михаил Федоров

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Михаил Федоров – Зеленскийдин командасындагы эң жаш министр

Министрликтин натыйжалуу иши үчүн Михаилге карт-бланш берилгенин белгилей кетүү керек: бардык министрликтерде санариптештирүү боюнча орун басарлардын кызматтары, ошондой эле профилдик парламенттик комитет түзүлгөн.

Санариптештирүү министрлигинен Коргоо министрлигине

2026-жыл башталбай жатып Владимир Зеленский буга чейин өзүнүн кеңсесинин башчылыгына караштырып жүргөн Михаил Федоровго коргоо министринин кызматын сунуш кылууну чечти.

Би-Би-Синин Украин кызматына берген комментарийинде президент бул кадрдык чечимдин логикасын мындайча түшүндүрдү: "Эгерде согуш улана берсе, биздин армия мүмкүн болушунча технологиялык жактан өнүккөн болушу керек. Денис Анатольевич Шмыгалдын системалуу мамилесинде жана Михаил Федоровдун технологиядагы ылдамдыгында чоң артыкчылыктар бар".

Украинадагы жогорку даражалуу аткаминерлердин бири бул кадрдык ротацияны төмөнкүчө негиздеп берди:

"Денис Шмыгаль Коргоо министрлигинде мыкты жыйынтыкты көрсөтө алды, толтура процесстерди жөнгө салып, туура реформаларды жүргүздү. Анын жетекчилиги астында бул машина акыры от алып кетти, бирок азыркы тенденциялар менен эртеби-кечпи, мыкты иштеген күндө да дубалга келип такалмак. Ал эми буга жол бербөө үчүн бир гана жол – бул машинаны тез арада тик учакка же учакка айландырыш керек. Мына ушул нерсени Миша жасай алат".

Денис Шмыгаль и Михаил Федоров пожимают друг другу руки

Сүрөттүн булагы, Facebook | Денис Шмыгаль

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Денис Шмыгаль (солдо) жана Михаил Федоров

"Ал Коргоо министрлигин күчтөндүрө алат деп ишенем, бирок чынын айтсам, бул Михаил үчүн чакырык болот. Ал эч кандай атаандашы болбогон, түбөлүккө ээлей алган кызматтан кетип, тобокелге барууда. Бирок мен фракция учурунда бир нерсени көрө алдым: Михал бул кызматка президент суранган үчүн макул болгон жок, муну өзү да каалап турат. А эгерде Михаил кааласа, анда ал сөзсүз иштеп кетет, демек, Украина да ийгиликке жетет. Мен үчүн бул абдан жакшы белги жана фронт да, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүз да бекемделет деген үмүт бар", - деди Максим Ткаченко.

Бүгүнкү күндө Михаил Федоров 2019-жылы Владимир Зеленский менен бирге бийликке келип, ага жакын бойдон калган саналуу "жаңы жүздөрдүн" бири.

Президенттин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири Би-Би-Синин Украин кызматына мындай деп түшүндүрдү: "Мишанын бир баалуулугу бар: ага тапшырма берилгенде "Муну кантип жасайм?" деп толтура суроолорду берип отурбайт. Ал жыйынтык менен келет".

Федоровдун аты чыккан чыр-чатактар

Федоров түз жүргөн министр экенин оппозиция да тастыктайт.

"Башка министрликтерде болуп жаткан окуяларды эске алганда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги аздыр-көптүр жакшы иштеп жаткан эле. Эмне себептен бүгүн биз министр Федоровду кызматтан алып жатканыбызды түшүнбөй турам", - деп баса белгиледи 13-январдагы жыйында "Европалык тилектештиктин" өкүлү Владимир Арьев.

Бирок, чоң саясатта алты жылдан ашык убакыт ичинде Федоров бир нече чуулгандуу окуялардын чордонунда болду.

Алсак, 2019-жылдын апрель айында Bihus.Info сайтынын журналисттери Владимир Зеленскийдин шайлоо штабынын дагы бир мүчөсү, "Квартал-95" студиясынын көркөм жетекчиси Сергей Шефир менен Федоровдун кат алышуусун жарыялашкан. Анда шайлоо өнөктүгү маалында эсепке алынбай калган акча жана чыгымдар тууралуу сөз болгон.

"Сизге жана Оксанага февраль айы үчүн отчетту жибердим... Ошондой эле бизди чабуулдардан коргой турган боттордун бюджетин көбөйттүм. Жалпы бюджет 240 000 деп чыкты", - деп Федоров жазган имиш.

Ал өзү кийинчерээк ошол кат алышууда сөз болгон боттор "Зе! штабга" кол салуулардан коргогонун айткан.

"Бул комментарий жазган боттор эмес, бул Фейсбукта жана Ютубда түзүлгөн бардык ботторду бөгөттөш үчүн ошол замат суроо-талап жөнөтүүгө мүмкүндүк берген так система. Бизди ошол маалда ар кандай бот-фабрикалар тытмалап жаткан", - деп түшүндүрдү Федоров.

2024-жылы "Дрондор армиясынын" айланасында чыккан жаңжалда да Федоровдун аты аталган.

Украиналык Hromadske басылмасынын журналисттери EVO MAX 4T дрондорун сатып алууда мамлекет дээрлик 600 миллион гривен ашыкча төлөгөнүн жазып чыгышкан. Куралдуу күчтөр үчүн келишимдерди Мамлекеттик атайын байланыш кызматынын мурдагы башчысы Юрий Щиголь түзгөн.

Иликтөөчү журналисттер Мамлекеттик атайын байланыш кызматы менен "Крион-М" компаниясы 2023-жылдын май айында кол койгон келишим боюнча ашыкча сумма болжол менен 195 миллион гривенди түзгөнүн эсептеп чыгышкан. Ал эми 2023-жылдын августундагы келишим боюнча дагы 398 миллион гривен ашыкча төлөнгөн.

YouControl басылмасынын маалыматы боюнча, "Крион-М" компаниясы мурда эмерек сатчу жана уставдык капиталы 765 гривен эле.

Hromadske басылмасынын журналисттери бул сатып алуулар боюнча түз жана ачык тендер өтпөгөнүн баса белгилешти – катышуучуларды Мамлекеттик атайын байланыш кызматы өзү чакырган. Бул буйрутмалар Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен ишке ашырылган "Дрондор армиясы" долбоорунун алкагында жасалган.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчысы Михаил Федоров журналисттерге "Дрондор армиясы" долбоору башталгандан бери сатып алууларды жеке көзөмөлгө албаганын, себеби сатып алуучу анын министрлиги эмес, Мамлекеттик атайын байланыш кызматы экенин айткан.

Министр ошондой эле баалар жогору көрсөтүлгөнү тууралуу 2023-жылдын сентябрь айында гана билгенин билдирген. Ушундан кийин Санариптик өнүктүрүү министрлиги мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча НАБУга кайрылган. Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу 2024-жылдын январында кылмыш ишин козгогон.

Мындан тышкары Федоровду "Дія" санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталынын иши үчүн сынга алып келишет. Бул санариптик тиркемеден жеке маалыматтар сыртка чыгып кеткени тууралуу кабарлар утуру чыгып турат.

Мисалы, 2025-жылдын сентябрынын орто ченинде diia_users_db_2025.zip деп аталган ачык маалымат архиви тууралуу кабар чыккан. Ага ылайык, миллиондогон жарандардын паспорттук, салыктык жана байланыш маалыматтары бул архивге жарыяланган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты четке каккан. (ZMa)