Кыргызстан: Орозо айындагы таравих намазы үйдөн окулат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мусулмандар үчүн ыйык саналган Орозо айы бул жылы 24-апрелде башталат.
Орозодо мусулмандар күн чыккандан, күн батканча оозуна нар албай, тамактан баш тартат. Ооз ачкандан кийин көпчүлүк мусулмандар мечитти көздөй шашылат. Андан кийин чогуу олтуруп тамактанышат.
Бул жылы көп өлкөлөрдө мечитке чогулуп намаз окуганга жана массалык ооз ачууга тыюу салынып калышы мүмкүн. Кыргызстандагы мусулмандар Орозо айындагы намазды үйдөн окуй турган болду.
"Өлкөбүздө өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылгандыгына байланыштуу баарыңарды тартипке, сабырдуулукка чакырабыз. Ушул карантин учуру ыйык Рамазан айына туш келип олтурат. Рамазан айында орозону үйдө кармап, ооз ачарлыкты үйдөн кылабыз. Абал турукташканга чейин таравих намазын дагы үйдө окуйбуз",-деди муфтий Максатбек ажы Токтомушев.
Исламда Таравих намазы Орозо айында жамаат менен окулган сүннөт намаз болуп эсептелет.
Коронавирустан улам Кыргызстанда 17-марттан тартып жума намазын мечиттерде окуганга тыюу салынган эле. Кыргызстанда кичи ажылык зыяратка баргандардан вирус табылган. Айрымдары өзүн изоляцияда кармоо эрежелерине баш ийбей, туугандарына той дагы өткөрүп жиберишкени белгилүү болду. Салт боюнча зыяраттан келгендер ажы той өткөрүшөт. Зыяраттан келгендердин бири 150дөй киши чакырып, той берген. Кийин андан коронавирус табылып, бир нече кишиге жуктурганы ачыкка чыкты.
Көпчүлүк мусулмандар үчүн быйыл ажылык сапарга жол ачылабы же жокпу деген суроо жаралды. Анткени Сауд Арабиясы зыяратчылар үчүн ыйык жайларды убактылуу жапты.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Учурда Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 466 учуру катталды. Анын ичинде:
- Ош облусу -131
- Жалал-Абад облусу -93
- Бишкек шаары -87
- Ош шаары - 71
- Нарын облусу -45
- Чүй облусунда -28
- Ысык-Көл облусунда -6
- Баткен облусунда -5
Кечээ күнү кыргыз бийлиги Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондоруна кирген өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартты. Ошол эле маалда дагы эки аймакты - Нарын шаары менен Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал кирди. (AbA)








