Кыргызстан: даватчыларды коронавируска текшерүү сунушу

Сүрөттүн булагы, Official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Коронавирус кичи ажылык зыяратына жана чет өлкөгө дават үчүн барып келгендерден чыгып жатышы коомдогу курч талкууларды жаратты.
Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру Сауд Арабиясына кичи ажылык зыярат кылып келгендерден аныкталды. Вирус аныкталган жарандардын басымдуу бөлүгү зыраятчылар же алар менен карым-катышта болгон жарандар болууда.
"Басып жүргөн бомбалар"
Нарын облусунда илдетке кабылган биринчи тургун вирусту Пакистанга даватка барып жугузуп келгени ачыкталганы динаятчыларга каршылык маанайды курчуткан дагы бир себеп болуп калды. Жакынкы эки-үч айда сыртка даватка барып келгендердин ачыкка чыгуусун талап кылгандар болуп жатат:

Сүрөттүн булагы, Official
"Кыргызстанга оору эки канал аркылуу келип жатат: биринчиси - умрага барып келгендер, экинчиси - Индия, Пакистанга барып келип жаткан даватчылар аркылуу. Ошондуктан "Таблиги жамааттын" дааватчылары жоопкерчиликтүү болсо. Жакында эле Бангладеш, Малайзияга барып дават кылып жүргөндөр бүгүн ачыкка чыгышы керек. Өзүлөрү барып, текшерилип, кимге, кайсы жерге барганынан бери айтып бериши коом үчүн абдан маанилүү. Алар басып жүргөн бомбалар", -деген пикирин билдирди Стратегиялык изилдөө институнун директору Эмилбек Каптагаев Би-Би-Сиге.
"Таба кылбай, тобоо кыл"
Кыргызстандын интернет айдыңында жаралып жаткан мусулмандарга карата стигмадан муфтияттын, диний аалымдардын да кабары бар.
Уламалар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов динчилдерге карата жектөөдөн улам элди сабырдуулукка жана ынтымакка чакырды:

Сүрөттүн булагы, Tabyldy Kadyrbekov
"Азыр эми умрага барып келгендерди жектеп, умрага, динге, ал тургай улуу Кудайдын өзүнө да сөз тийип кетип жатат. Сабырдуулук керек. Бардык жарандарды ушул нерсеге чакырабыз. Илдет умрага барып келип жактандардын чыгып жатышы мусулмандарга да эскертүү болуш керек. "Биз мусулманбыз, биз болбосок силер жакшы болбойт элеңер" деп адамдар мусулманчылыгы менен мактанып, башкалардан бир топ жогорумун деген түшүнүктөн эленип, түзөлчү сезим береби? Бардыгын ынтымакка чакырам, кыргызда жакшы сөз бар: таба кылбай, тобо кыл".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус өлкөдө жарандарды зыяратка жөнөтүүдөгү жоопкерчилик маселесин да козгоду. Бирок Чубак ажы Жалилов азыркы шартта айыптууларды издөө чекилик деди. Кыргызстандыктар кичи ажылык зыяратка карантин маалында эмес, анын алдында барганы жана алар Сауд Арабияга барып алгандан кийин гана кичи ажылык зыяраты токтотулганы жүйөө келтирилип жатат.
Ошентсе да Саламаттыкты сактоо министрлигинин жума намаздарды убактылуу токтотуу сунушуна муфтият башында кулак салбай, кийин гана көнгөн макул көргөн эле.
"Даватты токтото туруу керек"
Кыргызстан эгемендик жылдары башка Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу динге карата өтө либералдуу мамиледе болуп келди. Мамлекет диний агымдарга көзөмөлдү 2014-жылдан тарта баштап, дин саясатынын мамлекеттик концепциясын да кабыл алган. Бирок ал канчалык эффективдүү иш алып барды, ал жөнундө соңку жылдары талкуулар көп.
Кыргызстанда муфтият менен катар мамлекеттик органдар исламдын ханафи мазхабын, башкача айтканда салттуу исламды өнүктүрүүнү максат кылып келишет. Бирок өлкөдө радикалдуу топтордун иш алып барары тууралуу да сындар бар:
"Ажылык, умра дегендерди түшүнсө болот. Бирок соңку жылдары Индия, Пакистан, Бангладеш мамлекеттерине кыска мөөнөттөгү эмес, үч-төрт айлык даваттар күчөп кетти. Ага эмне максат менен, ким барып атат? Кандай шартта барып атат? Эмне окууну окуп атышат, ал окуулардын максаты эмне? Деген суроолорго эч ким кызыкпай атат. Буга кызыгыш керек, себеби бул өтө маанилүү маселе. Кыргызстангда ислам ичиндеги эле бирок ар кандай радикалдуу, андай эмес дагылары орун очок алып алышты. Эми аларды ылгап, иргеп, элеектен өткөзчү маал келди", -дейт Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.
Ошентип короновирус илдети өлкөдөгү диний коопсуздук маселесин да күн тартибине чыгарды. Илдет басаңдаса, мамлекет дагы бир жолу дин саясатына көңүл бурат өңдүү.








