Коронавирус жасалма дары-дармектин көбөйүшүнө түрткү болду

Illustrated abstract image of fake medication
    • Author, Сэм Пиранти
    • Role, BBC World Service

Дүйнөнүн булуң-бурчунда дары-дармек соодасы кескин өстү. Учурда дары-дармекти эң көп өндүргөн эки мамлекеттер - Кытай менен Индияда карантин чаралары киргизилгендиктен, айрым медициналык препараттардын тартыштыгы байкалууда. Бул жагдай жасалма дары-дармектин көбөйүшүнө шарт түздү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган жумада, Интерполдун фармацевтикалык кылмыштар менен күрөшкөн Operation Pangea бөлүмү 90 мамлекетте 121 кишини камакка алган. Алар 14 миллион долларга тете жасалма дары-дармек чыгарышканы аныкталган.

Азиядан Африкага чейин коопсуздук кызматкерлери он миңдеген жасалма дарыларды, беткаптарды жана Covid-19 вирусун айыктырат делген жалган препараттарды конфискациялады.

An image of a surgical face mask

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн айда Интерпол 34 миң жасалма беткапты конфискациялады

"Коомдук саламаттык тармагында кризис болуп жатканда, жасалма дары-дармектин соодасы күчөгөнү кейиштүү көрүнүш. Алар адамдын өмүрүн баалабайт",-деди Интерполдун башкы катчысы Юрген Сток.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жасалма дары-дармектин соодасы жылына 30 миллиард доллардан жогору экенин белгилейт. Мындай дарылар туура эмес даярдалган, медициналык препараттын курамына кооптуу химикаттар кошулган же дарынын пайдаланчу мөөнөтү өтүп кеткен. Коркунучтуусу мындай дарылардын соодасы Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө күч алууда.

"Жасалма дарыны ичкен адам жөн эле орудан айыгып кетпегени жакшы кабар катары саналат. Себеби мындай дарыны ичкен бейтап кооптуу химикат ичип алып, өз өмүрүнө коркунуч жараткан болот",-деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Пернет Бурдиллион Естев.

Дары-дармектин тартыштыгы

Глобалдык фармацевтикалык тармагы жылына триллион долларга тете соода кылат. Дары Кытай же Индия сыяктуу өлкөлөрдө өндүрүлүп, Европа, Түштүк Америка жана Азия мамлекеттериндеги кутулоочу заводдорго жөнөтүлөт. Андан ары дары-дармек дүйнөгө сатыла баштайт.

Бирок коронавирустан улам киргизилген катаал чаралар, товар жүгүртүүгө, соодага чоң тоскоолдук жаратууда.

Illustrated abstract image of hand releasing fake medicines

Индияда жайгашкан дары-дармек чыгарган компаниялар Би-Би-Сиге заводдор мурдагыга салыштырганда 50-60 пайыз мүмкүнчүлүгүн колдонуп жатканын билдирди. Индиянын фармацевтикалык компаниялары Африканын дары-дармек керектөөсүнүн 20 пайызын ээлейт. Ошондо Африка континентинде дары-дармек тартыштыгы чоң көйгөй жаратышы ыктымал.

"Дары-дармектин тартыштыгы эмитен эле сезилип жатат. Айрым препараттар жок калды, алар келбей дагы калды. Биздин колдон эчтеке келбейт. Эң негизгиси антибиотик менен малярияга каршы дарылар тартыш болбосо экен",-дейт Замбиада иштеген фармацевт Ефрам Фири.

Мындай жагдайдан улам дары-дармектин баасы кымбаттап жатат. Мисалы, Пакистанда медициналык препараттарды чыгарган ишкер, мурда малярияга каршы дары чыгаруу үчүн гидроксихлорохин препаратынын бир килограммын 100 долларга сатып алса, бүгүнкү күнү анын баасы 1150 долларга чыкканын айтты.

A packet of hydrochloroquine antimalarials

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гидроксихлорохин препараты бар малярияга каршы дары

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы дары-дармектин тартыштыгы баалардын өсүшүнө, жасалма дарылардын соодасына түрткү болушу мүмкүн экенин эскертет.

Жасалма дары-дармек

Дүйнөдөгү фармацевтикалык компаниялар малярияга каршы дары чынында тартыш болуп жатканын айтышууда. АКШнын президенти Трамп хлорохин препаратынын (гидроксихлорохиндин кыскача термини) мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылгандан кийин, бул препаратка талап кескин өстү. Буга чейин гидроксихлорохин малярияга каршы гана колдонулган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму хлорохин же гидроксихлорохин Covid-19 вирусуна каршы күрөшө аларын тастыктаган далилдер жок экенин бир нече жолу билдирди. Ага карабастан, жакында эле президент Трамп басма сөз жыйынында "эмнени жоготуп жатасың? Дарыны ичип ал" деп айтты.

Гидроксихлорохинге талап өсүп жатканда, Би-Би-Си Конго Демократиялык Республикасы менен Камерунда жасалма гидроксихлорохин сатылып жатканын ашкереледи. Мурда бул дарынын баасы бир миң таблеткага 40 доллар болсо, азыр ал 250 долларга сатылууда.

Жасалма дарыны Brown and Burk Pharmaceutical limited компаниясы Бельгияда өндүргөн деп жазылган. Би-Би-Си Brown and Burk компаниясына байланышып, ишкана Британияда катталганын жана алардын дары-дармек тармагына эч тиешеси жок экенин тапты.

Counterfeit antimalarial drugs discovered in circulation in Democratic Republic of Congo
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Конгодо сатылып жаткан малярияга каршы жасалма дары

Коронавирус пандемиясы уланып жаткан чакта, Оксфорд университетинин жасалма медициналык препараттар боюнча изилдөөчүсү профессор Пол Ньютон абал мындан дагы курчуйт деп эскертүүдө. Анын айтымында, өкмөттөр жасалма дары-дармектерге көзөмөлүн күчөтпөсө кооптуу препараттардын соодасы өсөт.

"Пандемия учурунда дагы бир пандемия пайда болушу мүмкүн. Жасалма дарылардын соодасын токтото албаган мамлекеттерде көптөр ууланат. Ошондой эле жасалма препараттар менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк долбоорду дагы иштеп чыгуу зарыл. Антпесе заманбап медицинанын пайдасы жок болот",-деди профессор Пол Ньютон.

Сүрөттөрдү Jilla Dastmalchi тартты.

Коронавирус тууралуу жаңылыктарда иллюстрация үчүн колдонулган сүрөттөр кыямат тууралуу тасмалардай эле элес калтырат. Сүрөттө Түштүк Кореянын армиясы айыл жеринде дезинфекция кылып жүргөн учуру
Коронавирус