Коронавирус катталбаган өлкө: Түркмөнстан бийлигинин айткандарына ишенсе болобу?

Түркмөн бийлиги өлкөгө "алтын доор" келди деп белгилеп жүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркмөн бийлиги өлкөгө "алтын доор" келди деп белгилеп жүрөт

Covid-19 тездик менен жайылып, көп өлкөлөр аргасыз катаал карантин чараларына барууда. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келип жаткан жаңылыктар фронттун алдыңкы тилкесинен алынган сыяктуу көңүл борборунда турууда.

Күн өткөн сайын коронавирустун тароо картасы кеңейип жатат. Бирок глобалдык пандемиянын эпкини тийе элек бир топ өлкөлөр бар. Алардын бири -Түркмөнстан. Бул өлкөдө расмий түрдө коронавирустун бир дагы учуру катталган жок. Дүйнөнүн эң эле жабык жана авторитардык өлкөсүндөгү мындай абалга көптөр ишенбей карашат.

"Белгилүү болгондой, Түркмөнстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы өтө деле ишеничтүү эмес",-дейт бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын изилдеген, Лондондогу Гигиена жана тропикалык медицина мектебинин профессору Мартин Макки.

"Көптөгөн жылдар алар өлкөдө эки гана ВИЧ-инфекциясы катталганын айтып келишти. Албетте, бул сандар чындыкка такыр эле дал келбейт. Өткөн он жыл ичинде ВИЧ/СПИД менен жашаган бир дагы киши жок деп ишендиришти. Биз алар 2000-жылдары дүрт алган бир катар тумоолор боюнча далилдерди жашырганын билебиз",-дейт Макки.

Ашхабадда дүкөндөр ачык
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ашхабадда дүкөндөр ачык

Түркмөнстан өкмөтү баары бир коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн чараларды көргөн. Өзүнүн аракеттерин БУУнун агенттиктери, анын ичинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге талкуулап жатканы белгилүү.

"Биз бардык өлкөлөрдөн келип жаткан расмий маалыматтарга таянабыз. Өкмөт бизге, ДСУга маалыматтарды берип жатат",-деди Түркмөнстандагы БУУнун жетекчиси Елена Панова.

Анын божомолунда, өлкөдө эртелей эле киргизилген чаралардан улам бир дагы учур катталбаган болушу мүмкүн.

Чынында эле Түркмөнстан алдын ала эле чек ара өтмөктөрүн жаап, Кытай менен аба каттамдарын февралдын башында токтоткон. Эл аралык учуулар баш калаадан карантин зонасы түзүлгөн Түркмөнабад шаарына жылдырган.

Күбөлөрдүн айтымында, баары эле карантинден өткөн эмес. Баш калаа тургундары пара берүү менен Түркмөнабаддагы чатырлардагы изоляциядан качууга мүмкүн болгонун айтып беришти.

Панова чет жерден учуп келгендер коронавируска каршы тесттен сөзсүз өткөрүлүп турганын айтты. Бирок күнүгө канча тест өткөрүлгөнү тууралуу так маалыматы жок.

"Биз билбейбиз, бийлик белгилүү бир деңгээлде даярдыкта экенин айтууда. Биз мындан шек санабайбыз. Анткени бул жерде ооруканалар жакшы жабдылган",-деди ал.

"Кантсе дагы вирус жайылып кетчү болсо, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына чоң басым болот. Сенин даярдыгың канчалык экени да мааниге ээ болбой, жетишпестиктер чыга берет. Ошондуктан биз бийликке өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар менен камсыздоо зарыл экенин эксертип жатабыз".

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жашоо-турмуш токтоп калган сыяктуу көчөлөр бош калып, бардык жерлер жабылды. Бирок Түркмөнстанда жашоонун агымы мурдакыдай эле өтүүдө. Кафе жана ресторандар ачык. Үйлөнүү тойлору өтүүдө.

Өкмөт глобалдык пандемияга элдин көңүлүн бурбоого аракет кылып жаткандай таасир калтырат.

Covid-19 боюнча шилтеме бергенде, дем алуу органдарын сезгенткен оору деп айтып жатышат. Бирок коронавирус деген сөзгө тыюу салышкан эмес. "Чек арасыз репортерлер" белгилегендей, билип туруп бул көйгөй тууралуу үн катпай жатышкандай.

Маселен, марттын соңунда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, "коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары тууралуу" сөз болгонун кабарлады. Бирок түркмөн тарап эч кандай маалымат берген эмес.

"Covid-19 инфекциясы Кытайдан дүйнөнүн чар тарабына өтө тездик менен тарап жатканын көрдүк,-дейт профессор Макки. - Биз азыр жашап жаткан глобалдашкан экономикада кандай гана өлкө болбосун коопсуз эмес. Ошондуктан пандемияны олуттуу кабыл албаган саясатчыларга карата тынчсыздануулар айтылып жатат. Анткени башка өлкөлөр эпидемияны көзөмөлдөп калганы менен кырдаалды колдон чыгаргандар эсебинен инфекцияны жайылуу коркунучу кала берет".

Дүйнөнүн эң жабык өлкөсүнө деле пандемияга байланышкан дүрбөлөң жетти. Бийлик шаарлар ортосундагы карым-катнашты азайтты. Ашхабад шаарынын кире беришине полиция тосмолору коюлуп, температураны жана дарыгердин аныктамасын талап кылып жатышат.

Президент ысырык бир катар инфекциялык ооруларды алдын алат деп айтып койгондон кийин, гармалы өсүмдүгүнүн түтүнү кайда барба мурдуңан кетпейт дейт баш калаа тургуну.

Ден соолук маселеси - президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жеке керт башына сыйынуунун бир жолу болуп калган деп айтса болот. Айталы, мамлекеттик телеканалдар Бердымухамедов министрлер менен спорт аянтында машыгып жатканын такай чагылыдырышат. Мунун баары - эгерде улуттун дени сак, бактылуу болсо, ал президенттин улуу урматы менен гана деген чакырык сыяктуу.

Дал мына ушундан улам бийлик эгерде вирус катталчу болсо, аны жашырып коюшу мүмкүн. (AbA)