Түркмөн президенти "Шумахерге" айланганда

Сүрөттүн булагы, Turkmenistan Government
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов эл аралык унаа жарышына жолдомо алуу үчүн мелдешке катышып, биринчи болуп келди.
Ал бул жарышка капыстан эле катышып калды деп айтылды. Министрлердин бири менен жолугушууга келип эле күтүүсүз жерден жарышка катышууну чечкен экен. Ырас, расмий кабаларда ушунтип айтылды.
"Фергана" маалымат агенттиги кабарлагандай, президент Hamul-Azar эл аралык унаа жарыш мелдешине жолдомо алуу үчүн катышты. Президент Кара-Кум чөлүнө Ички иштер министри менен жолугуу үчүн келип, өзүнүн BMW үлгүсүндөгү спорт унаасы мелдешке катышууга укуктуу экенин билген.
Бердымухамедов жарышка даярдыктар кандай өтүп жатканы боюнча баяндама укмак. Бирок калыстардын биринен жарыштын эрежелерин жана "мелдеш болчу күнү жаңы спортчу кошулса болобу" деп сураган. Оңдой берди болуп, ага уруксат беришиптир. "Президент мелдешке катышса - ал жана башка спортчулар сыймыктанат",- деп билдирген оюндун калысы.

Сүрөттүн булагы, Turkmenistan Government
Президент профессионал спортчулардан 12 секунд алдыда
Мамлекеттин маалымат агенттиги: музыкант, мыкты велосипедчи жана чабандес болгон президент тез эле спорт унаасын башкарып, өз чеберчилигин көрсөттү деп кабарлады.
Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары болгон президент Бердымухамедовдун уулу жарышта атасынын жанында отуруп, багытты көрсөтүп турган. Президент профессионал спортчулардан 12 секунд алдыда келди.
Президентке "унаа спорттунун чебери" сертификат ыйгарылып, жеңүүчүнүн кубогу дагы берилди. Андан тышкары Бердымухамедов Hamul-Azar жарышына катышууга чакырык алды.

Сүрөттүн булагы, Turkmen TV
Баш кеңсеси Москвада жайгашкан "Фергана" маалымат агенттиги президент Бердымухамедов маданий жана спорт иш чараларында бир нече жолу биринчи орунду алганын жазат.
Түркмөн президенти 2007-жылы бийликке келгенде көптөр өзгөрүүлөрдү күткөн. Бирок мурдагы президенти Сапармурат Ниязов сыяктуу эле Бердымухамедов дагы диктаторго айланып, бир адамдын керт башына сыйынуу саясатын улантты.
Түркмөнстан газ кендерине бай болгонуна карабастан, калктын көбү жакыр жашайт. Amnesty International уюму Түркмөнстанды адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча дайыма сынга алып келет.








