Коронавирус тууралуу фейктер: маалыматтык гигиенанын жети эрежеси

Graphic of a hand holding a phone with social media apps and germs nearby.

Коронавирус Covid-19 тууралуу бурмаланган маалыматтар интернетти каптап кетти. Эксперттер колдонуучуларды маалыматтык гигиенаны сактоого чакырууда.

Жалган маалыматтардын тарашын токтотуу үчүн сиз эмне кыла аласыз?

1.Дароо бөлүшүүдөн мурун ойлонуп көрүңүз

Албетте, сиз деле эпидемия тууралуу соңку маалыматты жакындарыңыз, тааныштарыңыз билүүсүн каалайсыз. Ошондуктан сизге электрондук почта, WhatsApp, "Фейсбук" же "Твиттер" аркылуу билдирүүлөр келип калса, дароо бөлүшкөнгө шашыласыз. Cиз жалган жана бурмаланган маалыматты таратуудан мурун өзүңүздү басып, ойлонуп көрүңүз. Ошондо сиз жалган маалыматтын тарашына каршы күрөшкө салым кошо аласыз.

Graphic shows a mobile phone with "fake news" on it being cleaned by tiny cleaners.

Адатта коомдук сайттар жана кат алышуу кызматтары аркылуу тараган коронавирус тууралуу шилтемелер дүрбөлөң түшүүгө негиз болуп калууда.

Маселен, буга чейин көп өлкөлөрдө WhatsApp топтор аркылуу "дүкөндөн азык-түлүк албасаңар, жабылып калат" деген билдирүү дүрбөлөңдү пайда кылды.

WhatsApp аркылуу тараган маалыматтык чабуул бардык өлкөдө болуп жатат. Айталы, Австрияда бир аял алсыраган үнү менен кайрылып, ооруканада жатканын, ибупрофен колдонгондон кийин коронавирустун оор белгилери аныкталганын айтканы дароо тарап кетти. Аялдын ысымы Полин деп айтылып, Полди деген кыздын апасы сыяктуу жазылган. Албетте, бул фейк эле. Дарыгерлер ибупрофен коронавирус активдешүүсүнө алып келбей турганын билдирген.

2.Маалыматтын булагын текшергиле

Кайсыл бир маалыматты бөлүшүүдөн мурун анын кайдан келгенине көңүл буруу керек. Өзүңүзгө жөнөкөй эле суроо берип көрүңүз: каяктан келген маалымат?

Экран телефона

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Биз жогоруда мисал келтирген эки учурда тең билдирүүнүн булагы түшүнүксүз эле. Мындай фейктерге гана мүнөздүү. Батыш интернет сегментинде так эмес маалыматтар "курбумдун курбусунан келген экен" же "кошунамдын кесиптешинен" деп тарайт.

Бул деген маалымат ойдон чыгарылганын ырастап турат. Өзгөчө коомго таанымал кишилер ушундай маалыматтарды бөлүшүп жибергенде, ал бат тарап кетет. АКШда өткөн дем алыш күндөрү өтө көп сандагы фейктер жайнап кетти. Америкалыктар дүрбөлөң түшүргөн кабарларды биринин артынан экинчисин алышты. Аларда дагы "ФБРде иштеген таанышым", "БУУдагы булактар" билдирди деген шилтемелер кеткен.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Британиянын улуттук саламаттыкты сактоо кызматы, АКШдагы ооруларды алдын алуу борбору сыяктуу уюмдар гана ишенимдүү булак болуп бере алат", -дейт британдык Full Fact уюмунун өкүлү Клэр Милн.

Бул уюмдардын расмий билдирүүлөрүн гана кароо зарыл. Эксперттер деле адашып калышы мүмкүн. Бирок алар анонимдүү "тааныш дарыгерлерге" караганда ишенимдүү.

3.Бурмаланган болушу мүмкүн

Сырткы түзүлүш, көрүнүш алдамчы болот. Көптөгөн фейктер расмий документтерге жана расмий билдирүүлөргө окшош түзүлөт. Алардын авторлору ири маалымат компанияларына, анын ичинде Би-Би-Си сыяктуу жана башка өкмөттүк мекемелердин билдирүүлөрүнө окшош жазышат.

"Польшанын арагы коронавирусту өлтүрөт" деген жазууну скриншот кылып, бурмалаган маалымат жана "Эмдөө ушул жерде!" деп жазылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Польшанын арагы коронавирусту өлтүрөт" деген жазууну скриншот кылып, бурмалаган маалымат жана "Эмдөө ушул жерде!" деп жазылган

Ошондуктан коомдук сайттарда текшерилген аккаунттардан гана маалымат алууга умтулуңуз.

4. Ишенимсиз болсо, бөлүшпөгүлө

Эгерде кайсыл бир маалыматтын чын-бышыгына ишене бербеген болсоңуз, аны башкалар менен бөлүшүүдөн алыс болуңуз. Анын кесепети болорун эстен чыгарбоо керек.

Айрымдар ушундай бүдөмүк маалыматтардын чын-бышыгына жетүү максаты менен дагы бөлүшүп салышат. Бул туура, бирок бөлүшөөрдөн мурун коомчулукка күмөн жаратып жатканын кабарлоо зарыл. Ошол эле маалда сиз бөлүшкөн маалыматтагы сүрөттүн өзүн башкалар активдүү тарата баштаса, баштапкы маанисин жоготуп саларын дагы эстен чыгарбаңыз. Сиз аны тактоо үчүн бөлүшкөнсүз.

5. Фактыларды текшериңиз

Коронавирус тууралуу эң полпулярдуу фейктер WhatsApp аркылуу айланып жатат. Бир нече өлкөнүн жашоочулары мындай аудио жазууларды Би-Би-Сиге дагы жөнөтүштү.

Мындай аудиофайлда "дарыгер досу бар кесиптешинен" алынган кеңештер бар. Алар так эмес маалыматтарга негизделген.

WhatsApp

Сүрөттүн булагы, Reuters

6. Эмоциядан абайла

Маалыматтар вирус сыяктуу эле биздин эмоцияларды козгоп, коркунуч, тынчсыздануу жана кайгырууну алып келет.

"Коркунуч - жалган маалыматтардын негизги күчү. Коркунучтан улам алар өтө тездик менен тарап жатат",-дейт First Draft уюмунун эксперти Клер Уордл. Уюм дезинформация менен күрөшүүдө журналисттерге жардам берет.

"Кишилер ар дайым жакындарына жардам берүүгө дилгир. Ошондуктан алар "ВИРУСтун алдын алуу үчүн кеңештер" же "дарыларды колдонгула" деген сунуштар болсо, аны дароо бөлүшүүгө шашат", -дейт Уордл.

7. Жаңылыш пикир болсочу?

Коомдук медиа боюнча анализ борборунун өкүлү Карл Миллердин пикиринде, биз көп учурда дүйнө тууралуу кабылдообузга жараша маалыматтарды бөлүшөбүз.

"Биз айрым бурмаланган маалыматтар менен ички дүйнөбүздө макул болгон абалда көп бөлүшүп жиберебиз. Дал ушул учурда өзүбүздү кармообуз керек",-дейт ал. (AbA)